Коом

Коом Страница 79

Оштун Шейит-Дөбө чөлкөмүндөгү жолдор оңдолуп бүттү


Бишкек. Informator.kg  7.05.19. 

Ош шаарынын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүн бириктирген Мамажан көчөсү толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров маалымдады.

«Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүткөрүлгөн курулуш иштеринин сапатын текшерип, жолдорго жаңы асфальт төшөө иштери уланаарын билдирди.

Аталган көчө шаардын Шейит-Дөбө аймагында жайгашып, жол каралбай калган. Мыйзамсыз курулуштар алынып, жол четине арыктар (лоток) коюлуп, жөө адамдар басуучу жол (тротуар) да курулду. Жолдун бир тарабына курулган тротуардын узундугу 260 метр, туурасы 2,25 метрди түзөт. Ал эми асфальтталган жолдун узундугу 260 метр, туурасы 7 метр. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды»,-деп билдирет ал. 

Анда маалым болгондой мэр жолдун ачылышы боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аксакалдардын ыраазычылык батасын алып кайткан.

Мурат Суталинов абактан бошотулду

Мурдагы ИИМ министри, кийин УКМКны башкарган Мурат Суталиновду бүгүн Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Ага дарыгерлер өтүшкөн өнөкөт оору дарт аныктамасын, андан соң жактоочулары аны бошотуу боюнча сотко арыз жазышкан.

Эскерте кетсек ал, 2010-жылдын апрель ыңкылабында тынч митингчилерге ок атуу буйругун берген деп 20 жылга эркинен ажыратылган.

Сот залынан бошогон ал кыргыз элинен дагы бир жолу кечирим сурап, ынкылапта каза тапкан балдардын алдында айыбы бар экенин айтып, мындан аркы жашоосун кыргызстандык дарыгерлер менен бирге уланта турганын, чет жакка дарыланууга барбастыгын айтты

Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду “кечирди”

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковду 50 млн. сом доо менен сотко берген Оштогу ишкер Жалил Атамбаев арызын артка кайтарды. Бул тууралуу анын актоочулары маалымат таратышты.

Анда белгиленгендей, ыйык Рамазан айынын урматына Жалил Атамбаев журналисти кечире тургандыгын айткан.

Андан кийин ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов да соцтармактагы баракчасы аркылуу Жалил Атамбаевге барып журналистерди сот менен кысым кылууга болбостугун айтып аны макулдатканын билдирди.

Кантемир Мурзабеков кызматка келеби?

ЖКнын мурдагы чакырылышынын депутаты Кантемир Мурзабеков Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитеттин жетекчи орун басарлыгына дайындалат. Бул тууралуу өздүк булактан белгилүү болду.

Анда белгилүү болгондой, буга чейинки комитет төрагасынын директорунун орун басарлары Коопсуздук Кеңешинин чечиминен кийин кызматтан кетип, орундар бош турган.

Эске сала кетсек, аталган талапкер депутат учурунда МАИлерге мандаты менен кыйынсынып аты чыккан болчу

Cоциалдык фонддун кызматкери пара менен кармалды

КР Соцфондунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кылтакка илинди. Бул тууралу УКМК Коррупцияга каршы кызматы кабарлады.

Анда кабарлангандай, 2019-жылдын 2-май күнү Социалдык фонддун Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К.А. 12 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармалды.

Такталган боюнча, арыз жазган адам 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөнө саткан. Бирок, 2018-

жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган.

Ишкер салык органдарына жана КР Социалдык фондуна айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арызы менен кайрылган.

Ага карабастан кармалган К.А. арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган.

“Пара талап кылуу фактысы боюнча материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө каралаган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам КР УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына камалды.Тергөө жүрүп жатат”,-деп айтылат УКМКнын маалыматында

Балыкчынын мэрлигин “Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары талашат

Балыкчы шаарынын мэрлик кызматына эки саясий партия талапкерлерин чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан 40 жаштагы Мирбек Шакиров талапкер катары арызын берсе, “Замандаш” партиясы 26 жаштагы шаар тургуну Марат Кудайбергеновду талапкер катары БШКга арызын жолдоткон.

Эске сала кетсек, өткөн айда Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КРнын Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган. БШК Балыкчынын мэрин шайлоону 14-майга белгилегени да маалым.

Президент Согуш ардагерлерине акча бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына, ошондой эле Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарына терең сый-урмат көрсөтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 7 091 000 (жети миллион токсон бир миң) сом бөлүндү. Бул тууралуу Президенттин сайтынан окууга болот.

Анда бир жолку акчалай жөлөкпул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төмөнкү категорияларына бөлүнгөн:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга;

1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдарга.

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 20-апрелине карата Улуу Ата Мекендик согуштун 350 ардагери жашайт, анын ичинен:

89 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

220 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

17 — Экинчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жете элек туткундары болгон адамдар;

24 — 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып, 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

 Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгынын негизинде 2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөнүп берилет, анын өлчөмү бир айга 7000 сом.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы Жарлыгынын негизинде 2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү үчүн өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы төлөнүп берилет. Стипендиянын өлчөмү ай сайын 10 000 сом өлчөмдө.

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан тышкары согуштун ардагерлери ай сайын пенсия алышат.

Жеңиш күнүнө согуштун ардагерлерине жылына КР Өкмөтү тарабынан 15 000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөнөт.

Жеңиш күнүнө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2019-жылы согуштун ардагерлерине 15000  сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөнөт.

Жогорку Сот Текебаевдин мүлкүн камактан чыгарып, өзүн калтырды

Жогорку сот “Ата Мекендин” абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган чечим чыгарды.

Буга чейин Текебаевдин жана Чотоновдун жактоочулары алардын иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керектигин белгилеген.

Алардын актоочулары ишке кирген жаңы Кодекстерге ылайык, Ө. Текебаев менен Д. Чотоновдун буга чейинки баардык инстанциядагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке какты.

Мамлекеттик айыптоочу жогорудагы жактоочулардын өтүнүчү менен макул эместигин айтып, буга чейин ишке юридикалык баа берилгенин билдирген.

Бирок, Жогорку Соттун бүгүнкү чечиминде башка бир жагдай соттолуучулардын пайдасына чечилди. Тагыраагы, буга чейинки Өмүрбек Текебаевдин үй-мүлктөрүн мамлекеттине пайдасына алуу боюнча соттун чечими жокко чыгарылды.

Сот Elite House компаниясын 9 кабаттуу эки имаратын түрттүрүүгө милдеттендирди

Бишкектин райондор аралык соту Elite House курулуш компаниясын Аалы Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан эки тогуз кабаттуу үйүн түрттүрүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамэкотехинспекциянын Бишкек боюнча аймактар аралык башкармалыгы субъектиге “Кыргыз Республикасынын шаардагы курулуш жана архитектура” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде нормалардын, эрежелердин жана талаптардын канчалык аткарылып жатканы боюнча пландан тышкаркы текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Башкармалыктын инспектору Н.Шурубеков текшерүүнүн жыйынтыгында 2018-жылдын 19-февралында акт түзгөн. Ага ылайык, ошол учурда имараттын фундаменти куюлуп, дубалы тургузула баштаган.

Бул актынын негизинде инспектор 2018-жылдын 20-февралына чейин объектинин курулушуна уруксат берген документтерди көрсөтүүнү эскерткен кагаз жиберген.

“Бирок Elite House курулуш компаниясы берилген эскертүүнү убагында аткарган эмес. Мындан улам компаниянын директору Тимур Физиев 2018-жылдын 21-февралында 100 миң сом административдик айыпка жыгылган. Акыры компания 9 кабаттуу эки үйдү уруксат кагазы жок куруп салды” — дешти ведомстводон.

2019-жылдын 12-мартында сот аталган компанияны 9 кабаттуу эки имаратын түрттүрүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.