Коом

Коом Страница 91

Атамбаевге айып коюу боюнча корутундуга 100 депутат макул болду

Жогорку Кенештин жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевге айып тагуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун 100 депутат колдоп берди.

5 депутат буга каршы чыккан.

Эми бул корутунду Башкы прокуратурага жиберилип, алар Атамбаевге коюлган 6 айыпты юридикалык жактан карап, кылмыштын курамы бар жогун аныктайт.

Мыктыбек Абдылдаев Атамбаевди Конституцияны бурмалаганга айыптады

Жогорку Кенештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди аны Конституцияны бузганга айыптады. Ал “Менимче, Алмазбек Атамбаевдин мыйзам бузуучулук боюнча иштеринин бири ал күч менен Конституцияны референдум жолу менен алмаштырганы. Бул бийликти узурпациялоо болуп саналат. Ушул факты боюнча Башкы прокуратура атайын иш алып барып, анын аракетинде мыйзам бузуу бар жогун кылдат карашы керек”,-деди ал.

Эске сала кетсек, ушу тапта парламентте депкомиссиянын Атамбаевди айыптоо боюнча корутундусу каралып жатат.

Балыкчыда батутдан кулаган кыз көз жумду

Балыкчы шаарындагы сейил бактын ичиндеги батут оодарылып кетип, анын айынан жабыркаган кичинекей кыз көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Анда маалым болгондой, 9-июнда сейил бактагы батут шамалдан улам оодарылып кетип, бир канча баланы басып калган факты катталган. Анын арасынан бир кыздын денсоолугуна олуттуу коркунуч жаралып, ал Бишкектеги Энени жана баланы коргоо Улуттук борборуна жеткирилген болчу.

Тилекке каршы ал кечээ түнү башына алган соккудан эсине келбей жан берген.

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Атамбаевди репрессияга айыптасак, анда Текебаев, Саляновалар токтоосуз бошотулушу керек”

Бишкек. 20.06.19. informator.kg Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев бүгүн Алмазбек Атамбаевди кылмышка айыптоо боюнча корутунду парламенттин жалпы жыйынына коюлаардын алдында өзгөчө пикирин соцтармактагы баракчаларына жазды.

“Өмүрбек Текебаев жана Аида Салянова менен жолугуп чыктым. Жалаанын айынан бул өжөр, тайманбас саясатчылар адилетсиз камалып отурушат. Бүгүн биз Атамбаевди саясий репрессияга айыптасак, анда бул саясатчылар токтоосуз абактан чыгышы керек. Мындай адамдардын акылын, тажрыйбасын өлкө үчүн пайданалуу өтө маанилүү”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, “Атамекен” фракциясынын депутаттары жалган жалаа менен сот жообуна тартылышкан.

Бүгүн парламент Алмаз Атамбаевдин тагдырын чечет

Бишкек. 20.06.19.informator.kg Бүгүн Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президент болуп турган маалындагы ишмердигинде 6 ири мыйзам бузууга барганы боюнча, депутаттык комиссиянын корутундусун карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан айтышты.

Анда белгилүү болгондой, өткөн жумада парламенттин бир топ депутаттары Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, аны бир канча ири кылмыштуу иштерге аралашканы үчүн жоопко тартууну сунуштап, натыйжада депутаттык комиссия түзүлгөн болчу.

Депкомиссия экс-президентти 6 ири мыйзам бузууга айыптаган жыйынтык чыгарып, ал парламенттин эки профилдик комитетинен колдоо тапкан. Процедура боюнча, бүгүн Жогорку Кеңештин 60тан ашык депутаты бул чечимдеги кылмыштарды карап чыгуу боюнча Башкы прокуратурага өтүнүч жиберилиши керек.

Эгер прокуратура, андагы алты айыптоого макул болсо, анда кайрадан Жогорку Кеңештен экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча суранычын алып келип, ал 80 добуш менен колдоого алынышы шарт.

Өкмөт өткөн жылдан түз инвестиция 50%га чукул өскөнүн айтты

Бишкек. 20.06.19.informator.kg 2019-жылдын 1-кварталында Кыргызстанга тартылган чет элдик түз инвестициянын көлөмү өткөн жылдан 48,9 %га өскөн. Бул боюнча, Улуттук статистика комитетинин сайтынан көрүүгө болот.

Анда 2019-жылдын алгачкы төрт айында сырттан кирген түз инвестициянын жалпы суммасы 176.7 млн. АКШ долларга жеткен. Ошону менен катар эле мамлекеттен сыртка чыккан инвестиция 31.3 %га кыскарып, бул көрүнүш позитивдүү экенин билдирет.

Инвестицияларды тармактарга бөлүп карасак, түз инвнстициянын 57%ы же 100,7 млн.$ кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикке салынган. Андан кийин баалуу кен өндүрүү тармагына 29,2 млн. $ же инвестициянвн 16,6%ы жумшалган.
Соода-сатыкка 10,7 млн.$ же 6,1 % инвестициялык каражат салынса, кайра иштетүүгө 10,3 млн. $, курулуш тармагына 2,0 млн.$ салынган.

Москвада кыргызстандыктар мушташып, 1 адам мерт кетти – видео

2311261 31.10.2013 Пассажиры поезда Ташкент-Москва на платформе Казанского вокзала Москвы. Алексей Филиппов/РИА Новости

19.06.19 informator.kg Бүгүн таң эрте Москвадагы «Электрозаводская» метростанциясында массалык мушташ орун алып, бир киши бычактан алган жараатынан улам мерт кетти. Маркумдун тек-жайы аныктала элек. 

Күбөлөр жергиликтүү басылмаларга билдиргендей, мушташтын катышуучулары «Ысык-Көл» ресторанынан чогуу чыгышкан. Ортодо мушташ чыгып, кесепетинде үч адам жараат алып, бирөөсү каза болду. 

«Ысык-Көл» рестораны жабылып, ал жакта полиция иштеп жатат.

«Московский комсомолец» билдиргендей, жабырлануучулар — 19 жаштагы Маматали уулу көкүрөк тушуна, 18 жаштагы Рекендер Шахтыбаев жамбаш тушуна бычак жеген. 20 жаштагы Садырбек уулу башынан жараат алган. Каза болгон адамдын тек-жайы аныктала элек.

Күбөлөрдүн айтымында, ресторандан таң эрте чыккан кыргызстандыктар ортосунда мындай мушташтар көп эле жолу орун алат.

Булак: jebe.media

Парламенттеги “РАЖ” партиясы жабык жыйынга чогулат

19.06.19 informator.kg Бүгүн, парламенттеги “Республика-Атажурт” партиясы бүгүн  шашылыш жабык жыйынга чогулат. Бул тууралуу Акүйдөгү өздүк булактар кабарлады. Андагы маалымат боюнча, фракциянын депутаты Алиярбек Абжалиев фракциялаштарын бүгүн 16:00гө чогулушка чакырган, бирок, кайсыл тема каралаарын айткан эмес. 

Ал эми бул боюнча, фракция лидери Жыргалбек Турускуловдон пикир алуу мүмкүн болбоду. 

Эске сала кетсек, эртең Жогорку Кеңеш экс-президент Алмаз Атамбаевге айып койгон депутаттык комиссиянын корутундусу каралат.

Беш жаңы өкмөт мүчөсү ант беришти- тизме

19.06.19 informator.kg Жогорку Кеӊеште 1.Экономика министри Санжар Муканбетов,

2.Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, 3. 3.Өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр Самат Кылжыев

4. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев

5. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктоо менен бирге, аларга чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салып, аларды мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Булак: 24kg

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты

19.06.19 informator.kg Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районундагы Там-Тумшук айылында жергиликтүү тургундар менен Ходжа-Альо айылынын тургундары арасында жаңжал чыкты.

Маалыматка караганда, жаңжалга 100гө чукул киши катышкан.

«Тажикстандын жарандары Исфара-Ворух жолунун такталбаган аймагында асфальт төшөп башташкан. Кыргыз айылдарынын жашоочулары буга нааразы болушкан. Окуя болгон жерге милиция жөнөп кетти, мындан сырткары «Орто Бөз» чек ара заставасынын командири дагы ошол жакта жүрөт. Бирок, жаңжалдын катышуучулары аларды угуп коюшкан да жок. Бүгүн сүйлөшүүлөр дагы уланат», -деп билдиришти тургундар

Булак: 24kg