Коом

Коом Страница 92

КРнын бизнес- омбудсмени тандалды. Ал ким?

19.06.19 informator.kg Кыргызстандын бизнес-омбудсмен кызматына, мурунку КРдагы Британиянын элчиси Робин Орд Смит болду. Бул тууралуу эксперт Азамат Акенеев билдирди.

Көзөмөлдөөчү кеңеш Робин Орд Смитти тамдады. Кеңешке мүчө катары ата-мекендик ишкерлер ассоциациясы, өкмөттөн бирден мүчө жана ЕБРРдан мүчөлөр тамдоо процессине катышты.

Бизнес-омбудсмен институтту ишке киргизүү үчүн 1,5 млн евро бөлүнмөкчү, каражатты ЕБРР бөлүп берет.

ШКУну өткөзүү үчүн 73 млн 676 миң сом коротулду – тизме

18.06.19 informator.kg Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине даярдануу үчүн Бишкек шаардык мэриясы 73 млн 676 миң сом коротту. Бул тууралуу мэриянын жыйынында мэр Азиз Суракматов айтты.

1. «Бишкек Асфальт сервис» ишканасына — 40 млн сом

2. «Бишкек Свет» ишканасына — 12 млн 556 миң сом

3. «Тазалык» ишканасына 6 млн сом; «Бишкек Жашылдандыруу» ишканасына 6,5 млн сом

Райондук администрацияларга:

1. Ленин районуна 2 млн сом

2. Октябрь районуна 1 млн 334 миң сом

3. Биринчи май районуна 3 млн 675 миң сом

4. Свердлов районуна 686 миң сом бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, ШКУнун саммити 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өттү.

Кызганычтан улам жубайын өлтүрдү – окуянын жүрүшү

18.06.19 nformator.kg Тоӊ районунун сырт өрөөнүндө адам өлтүрүү фактысы катталды.

17-июньда болжол менен саат 4.00 чамаларында Тоӊ райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына 16-июнь күнү Тоӊ районунун Тогуз-Булак айылынын 27-жаштагы тургуну А.Н., Көл-Төр айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүнүн «Кара-Саз» тилкесинде мылтык менен атынып алып, каза болгондугу жөнүндө кабар түшкөн.
Аталган маалымат Тоӊ РИИБдүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, болгон окуянын жагдайларын аныктоо үчүн милициянын тергөө-ыкчам тобу жиберилген.
Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Тогуз-Булак айылынын тургуну 29-жаштагы К.И., өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багып келүү үчүн жогорудагы жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөн.
16-июнь күнү кызганычтан улам жубарлардын ортосунда чыр-чатак чыгып, күйөөсү К.И. мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөн сайсыз мылтыгы менен жубайын А.Н. оӊ төшүнүн тушуна атып жиберген. Алган жаракатынан улам келин окуя болгон жерден каза болгон.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 130 (Адам өлтүрүү) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка далил зат катары ок атуучу курал алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эльдар Айтматов мамлекеттик кызматка келди

17.06.19 informator.kg Т. Тургуналиев жыл башында түзүлгөн “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин президенти, ал эми Элдар Айтматов анын орун басары болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мекеме “Манас” эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү менен алектенери айтылган.

Булак: Sputnik

Атамбаевге кандай айыптоолор коюлду? Тизмеси

17.06.19 informator.kg Учурда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия 2-отурумга чогулду. Ал жерде Атамбаевге кандай айып коюу сунушталып жатканы айтылды.

Макамдан ажыратуу боюнча документте жазылган айыптоолор:

— Атамбаев премьер-министр болуп турган кезинде Россиянын 183 жаранына “КРдин өнүгүсүүнө кошкон салымы үчүн” деп курал белекке берилген. Ал адамдардын 99 пайызы бир дагы ирет Кыргызстанда болгон эмес;

— Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үй курган жер тилкеси мыйзамда жазылган эрежелерди четке кагуу менен алынган;

— Кримбөтөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөл жана уюштуруусунун негизинде ишке ашышы толук ыктымал;

— Өкмөттүн 2011-жылдын августундагы токтомуна ылайык, Чүй облусунун Байтик айылындагы 35,65 гектар жер айыл чарба багытындагы жер макамынан курулуш багытына өтүп кеткен. Ал учурда жер тилкелерин трансформациялоого мораторий жарыяланган эле.

Учурда бул боюнча Бишкек райондор аралык сотунда Башкы прокуратуранын өкмөттүн жогорудагы токтомун жокко чыгарып берүү арызы каралып жатат.

— Кыргызстандагы кен иштетүү менен алектенген бир нече ири компаниялар Атамбаевдин карамагында иштеши мүмкүн;

Ошондой эле документте экс-президентти Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу, Тарых музейин оңдоодогу, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун куруу жана “Датка-Кемин” долбоорундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар экени жазылган.

Айыптоолор окулгандан кийин комиссиянын төрагасы депутат Каныбек Иманалиев жогоруда айтылгандардын бардыгы тиешелүү органдар тарабынан далилденмейинче комиссия мүчөлөрүн экс-президенттин ар-намысына жана адамдык беделине шек келтирүүдөн оолак болууга чакырды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча комиссия түзүлгөн.

Мындай чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет сунуштаган эле. Аны 96 депутат колдоп, төртөө каршы болгон.

Булак: Sputnik

Атаханов дал показания на Атамбаева по делу освобождения Батукаева

17.06.19 informator.kg Бывший вице-премьер-министр Шамиль Атаханов в своих показаниях сообщил, что Алмазбек Атамбаев в бытность президентом давал указание по освобождению так называемого «вора в законе» Азиза Батукаева, заявил заместитель начальника Следственной службы МВД Мырзалы Джумабаев.

Свои слова он озвучил 17 июня в Жогорку Кенеше, где проходит заседание спецкомиссии депутатов для дачи заключения по вопросу выдвижения обвинения против экс-президента А.Атамбаева для лишения его статуса.

О задержании Шамиля Атаханова по делу Азиза Батукаева стало известно 21 мая.

7 июня Шамиль Атаханов согласно решению суда был освобожден из СИЗО-1 в связи с тем, что «пошел на сделку со следствием».
Источник: Akkipress

А. Атамбаев ЖКга чакырылган эмес…

17.06.19 informator.kg Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумуна, Атамбаевдин келээри күтүлүп, бирок ал жыйынга катышкан жок.

Мындай кадамдын себебин сураганыбызда, биздин сайтка КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева төмөнкүчө жооп берди.

“Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы тарабынан Алмазбек Атабаевге эч кандай чакыруу келген жок, отурум тууралуу маалымдалбаган. Эгерде ырасмий чакыруу болгондо экс-президент бул боюнча ойлонуп, чечим чыгармак”,- деп билдирди Кундуз Жолдубаева.

Нурсултан Кубанов назначен советником министра образования

17.06.19 informator.kg Нурсултан Кубанов назначен советником министра образования и науки Кыргызстана на общественных началах. Информацию подтвердили в пресс-службе ведомства.

Ранее основатель МЦ «Perspective» Кубанов выставил пост в социальных сетях с просьбой передать полномочия международного отдела Минобразования на аутсорсинг ему.

За три года работы в сфере образования кыргызстанцу удалось заключить ряд соглашений на квоты для студентов из КР, также в России был открыт образовательный центр для отечественных трудовых мигрантов.

«Первым делом планирую открыть представительство Южно-Корейской академии или школы IT в Кыргызстане, – делится планами он. – Также планируется привлечение бюджетных квот из стран Европы и других стран мира».

Источник: Kabar

Азаттык. Али Токтакунов, : “Мендеги маалыматтар так, иликтөө уланат…”

17.06.19 informator.kg Али Токтакунов: “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. Күтүп аткандар, чыдабай аткандар, “диван эксперттери”, фейктер жана башкалар сабыр кылгыла. Дебат, маек же ушул сыяктууга чакырган кесиптештер, иштейли. Колуңардан келсе өткөндө Искендер Матраимовду чакыргандай Райымбек Матраимовду эфириңерге алып келгиле. Анан кел десеңер башка кеп. Мен ага суроо бериш үчүн барам. Болбосо башка жерден карматпай жүрөт.Суроолорум көп. Эл үчүн арналган кымбат эфирди журналисттерди кайым айтыштыруу менен толтуруу элди сыйлоого жатабы? Кыргызстанда коррупционерлер, бажыдан же башка жактан арам байлык топтогондор азбы? Кесиптештер, андан көрө ошолорду иликтөөгө, жүзүн ачууга чакырам”.

“Бул журналисттин анык милдети. Кайсы бир саясатчынын же көпөстүн каалоосуна жетеленип калбайлы. Негизги маселеден көңүлдү алагды кылуу, анык коррупциялык көрүнүштү эптеп жокко чыгаруу, ачылып калган былыктарын унуттуруу аракеттери болуп атканын буга чейин жазгам. Карапайым эл менен эсепсиз акчалуу көпөстөрдүн, журналисттер менен жалданмалардын күрөшү кескин курчуганын дагы айтам”,-деп кошумчалады Али Токтакунов.

Кубаныч Кулматов соттон Албек Ибраимовдон ишти бөлүүнү суранды

Бишкек. 17.06.19. informator.kg Экс-Мэр Кубанычбек Кулматов өзүнө коюлган кылмыш ишин Бишкектин кийинки мэри Албек Ибраимовдукунан бөлүп кароону соттон өтүндү. Ал муну бүгүн Ленин райосотундагы соттук териштирүүдө айтты.

Анын жактоочусу Сергей Слесарев Албек Ибраимовго коюлган айыптан Бишкектин “Калыс-Ордо” конушуна курулган мектеп тууралуу ишти алып, аны Кубанычбек Кулматовго бөлмөйүн сот башталбайт. Бирок, сотко төрагалык кылуучу Кубаныч Касымбеков бул суранычтарды четке какты.

Эске сала кетсек, тергөө аталган мектептин курулушунан мурдагы мэрлер 12 млн. сом сол чөнтөккө солошкон деп эсептейт