Коом

Коом Страница 93

Кытай Кыргызстанга 21 000 реагент берди

Бишкек.2.04.20. informator.kg
Кытай Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди жардам катары берди. Бул боюнча Республикалык штаб кабарлайт.
Анда тапшыруу иш-чарасы КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, КР КЭР Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэндин жана КР ТИМ экинчи саясий департаментинин директору Төлөндү Макеевдин катышуусунда өткөн.


“Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктап, республика боюнча кеселдин жайылуусунун алдын алууга мүмкүндүк берет.
Дартты аныктоодо серологиялык реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт”,-деп айтылат маалыматты

Экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттердеги жаңы коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

УКМК: Камчы Көлбаев №47 абакка которулду

5-нояюрь 2020/informator.kg- 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун лидери, “мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) №47 абакка которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМКдан белгилешкендей, учурда ага карата Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) боюнча ачылган кылмыш иши тергелүүдө. УКМК, жарандарды Көлбаев жакында кое берилет деген айың-кептерди таратпоого чакырат. “Жакында өткөн маалымат жыйында КР Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алып, жакында Камчы Асанбекти кое беришет деп билдирген. Ага байланыштуу Дүйшөбаевдин “ыкчам маалыматтары” туура болуп чыккан жок”, – деп билдирет УКМК.

Covid-19: КРда бүгүн 425 жаңы учур катталды

18-ноябрь 2020/informator.kg– Бир сутка ичинде коронавирусту 425 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек – 110;
Ош – 13;
Чүй облусу – 117;
Ош облусу – 50;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 55;
Жалал-Абад облусу – 35;
Баткен облусу – 29.

Жалпы: 67894.

“Жогорку Кеңеш элге жакын болуп, калктын үнүн угуу үчүн темир тосмо алынууда…..”

6-ноябрь 2020/informator/kg- Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмо алынууда. Тосмону “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери алууда. Ак үйдүн алдында журналисттердин алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сүлөп, ал тосмону алууну президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров демилгелегенин билдирди. “Аны парламент колдоп берген. Буга чейин эл тарабынан эки толкундоо болду, бирок тосмо жардам бере алган жок. Маселе тосмодо эмес. Жогорку Кеңеш элге жакын болуп, калктын үнүн угуу үчүн темир тосмо алынууда. Ортодо диалог түзүлгөндө гана нааразычылыктар токтойт”, – деди ал. Мамытов темир тосмону алуу боюнча катка кол коюп, мэрияга тапшырма бергендигин кошумчалап кетти. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алынган тосмолор кампага коюлуп, алар эмнеге пайдаланылары кийин чечилерин айтты. “Тосмолор башка мамлекеттик структураларга колдонулганга чейин кампада сакталат. Ак үйдүн имаратынын айланасы мындан ары мэриянын карамагына карайт”, – деди ал. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин административдик имаратын курчап турган темир тосмо туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда, 2000-жылдардын башында тургузулган.

“Ош базарынын” айланасында абанын булганышы чектен ашып кетти

17-ноябрь 2020/informator.kg- Бүгн 9:30га карата Бишкектеги “Ош базарынын” айланасында абанын булганышы чектен ашып кетсе, Чыгыш-5 кичи районунда нормадан ашкан жок. Мындай маалыматты “МувГрин” жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот. Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Жалал-Абадда жугуштуу оорулар ооруканасы жабылды. Себеби, кызматкерлер коронавируска кабылган

Бишкек 8.04.20. informator.kg  Жалал-Абад облустук жугуштуу оорулар боюнча оорукана жабылды. Анын себеби, аталган ооруканынын көпчүлүк кызматкерлери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Бул тууралуу министр С. Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, учурда оорукана толугу менен кайрадан дезинфекцияланып, ошондон соң ишке киришмекчи.  Ал эми кызматкерлердин баардыгы обсервацияга алынып, дарылануу жана дартты аныктоо процесстерин баштарынан өткөрүп жатышат.

Ошону менен катар эле Ош облустук ооруканасынын бир корпусу толугу менен бошотулуп, ал жерге коронавирус жуктурган балдарды дарылоо даярдалып жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча  32 дарыгер коронавирусун жуктурганы аныкталып, алардын ичинен:

• Бишкекте – 4,

• Ош облусунда – 20,

• Жалал-Абад облусунда – 7,

• Баткен облусунда – 1 дарыгер катталган.

Өкмөт башчы өлкө жарандарын тазалык менен тартипке чакырды

Бишкек. 10.05.20. informator.kg  Өзгөчө кырдаал режимин сактоо ар бир кыргызстандыктан өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал буга чейин өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылуусунда республика боюнча өзгөчө кырдаал режимин узартуу тууралуу билдиргенин айтты.

«Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал ар бир жарандан өзүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө өзгөчө жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо  боюнча эрежелерди так аткаруунун негизинде гана бул инфекциясын жеңебиз», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан бардык чаралар эң башкысы жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган. Ал мекендештер киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү жана жоопкерчилик менен кабыл аларына ишеним билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы жакында «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзамга ылайык, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссиялардын сунушу менен карантинди киргизүү же алып таштоо боюнча чечимди Өкмөт, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик райондук администрациялардын башчылары, мэрлер, жеке менчик түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кабыл алууга укуктуу болуп саналышат. Бул багытта Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына жогорудагы атайын комиссиялардын ишин активдештирүүнү тапшырды.

«Айрым райондордо эпидемиологиялык абал начарлаган шартта комиссиянын сунушу менен карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт.

Премьер-министр кыргызстандыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, аралыкты карманууга чакырды.

Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 377 адамдан аныкталды

27-ноябрь 2020/informator.kg- Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 377 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаары- 100;
Ош – 8;
Чүй облусу – 127;
Ош облусу – 26;
Талас облусу – 15;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 36;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу – 30.

Жалпы: 71 миң 548.

Казакстанда коронавирус жугузгандар 40 миңге жакындады

30-июнь 2020/informator.kg-

Акыркы суткада Казакстанда 1495 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын 492синде оорунун симптомдору байкалган.Казак бийлиги июндун башынан бери коронавирус жугузгандарды илдеттин белгилерине карап «ооругандар» жана вирусту «алып жүрүүчүлөр» деп бөлүп санап жатат. COVID-19 илдетине чалдыккандардын расмий статистикасына “ооругандар” гана кошулууда.Жалпысынан Казакстанда коронавирус жугузуп алганы аныкталгандар 39 461 кишиге жетти. Алардын 13 миңи айыкса, 188 киши көз жумду.Акыркы күндөрү коңшу өлкөдө өпкөнүн сезгенүүсүнөн (пневмония) каза болгондор көбөйүп жатат.Актөбө облусунда июнь айында 62 адам өпкө сезгенүүсүнөн көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги аларда коронавирустун белгилери байкалган менен ПЧР тест таза чыкканын билдирген.

973 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

21-сентябрь 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы менен 973 адам (771 чоң адам жана 202 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жана дагы бир Жарлык менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 238 адам (186 чоң адам жана 52 бала) чыгарылат.