Спорт

Спорт

Бүгүн спорт чеберлери өз наамдарын алышты

15-сентябрь 2020/informator.kg-

Спорттун бир нече түрү боюнча спортчуларга “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” жана “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамдары ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.Агенттик билдиргендей, “эл аралык класстагы спорт чебери” наамын Валерия Качалко (бий спорту) алган. Ал эми “Кыргызстандын спорт чебери” наамы Эркайым Жапарова (таэквон-до WTF), Бакдаулет Эгембердиев (грек-рим күрөшү), Даулет Айдарбеков (грек-рим күрөшү), Эламан Базарбек уулу (белбоо күрөшү), Сыймык Мелис уулу (белбоо күрөшү) жана Уланай Салиевага (дзюдо) ыйгарылган.

Дональд Трамп Хабиб Нурмагомедовду дүйнөдөгү эң мыкты мушкер деп атады

15-сентябрь 2020/informator.kg-АКШ президенти Дональд Трамп орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду салмак категорияга карабастан дүйнөдөгү эң мыкты мушкер деп атады. Бул тууралуу президент UFC уюмунун президенти Дана Уайт жана шайлоочулар менен жолугушуу учурунда айткан. “Мен сизге дагы бир мыкты мушкер Жастин Гэйтжи жөнүндө айткым келет. Ал дүйнөдөгү эң мыкты мушкер менен беттешкени жатат. Ал Хабибди техникалык нокаут менен утаарын айтты. Мен бул беттешти сөзсүз көрөм. Ишенсеңер болот, бул укмуштуудай беттеш болот”, – деген Трамп. Белгилей кетсек, UFC мушкерлеринин рейтингинде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жон Жонстон кийин экинчи орунда турат. Нурмагомедов-Гэйтжи беттеши 24-октябрда Абу-Даби шаарында көрүүчүлөрсүз өтөт.

Грек-рим күрөшүнүн чемпиону өлүм жазасына тартылды

13-сентябрь 2020/informator.kg-

Ирандын 27 жаштагы жараны, грек-рим күрөшү боюнча чемпион Навид Афкарини сот өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу эл аралык басылмалар, ирандык маалымат каражаттарына таянып жазып жатышат.Маалыматка ылайык, Афкариге 2018-жылы өткөн өкмөткө каршы митингдерде активдүү катышып, адам өлтүргөн жана бийликти кулатуу үчүн атайын топторду уюштурган деген күнөө тагылган.Афкарини 12-сентябрь эрте менен үй-бүлөсү катышкан соттук процедуралардан кийин өлүм жазасына тартканын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.Ирандын мындай кадамын көптөгөн спорт уюмдарын тынчсыздандырып, ага ырайым кылууну өтүндүрдү. Андан тышкары АКШнын президенти Дональд Трамп дагы өзүнүн твиттердеги баракчасына Ирандын бийлигине Афкаринин өмүрүн сактап, аны тынч койсо ыраазы болорун билдирген.

Хабиб Нурмагомедов: “Беттешке даярдануу үчүн атамдын жоктугу даана байкалып жатат”

7-сентябрь 2020/informator.kg

UFC уюмунун чемпиону орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 24-октябрда UFC 254 турнири өтө турган жерди атасы Абдулманап Нурмагомедов катышышы үчүн тандаганын орусиялык басылмаларга берген маегинде айтты. “Мен Гэйтжи менен боло турган беттешке келишим түзгөндө, Абу-Дабиде же Лас-Вегаста өтөт деген эки вариант бар болчу. Мен Абу-Дабини тандадым. Анткени менин атамдын бул беттешке катышуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Келишим түзүлгөндөн кийин атам каза болду. Эми биз беттеш өтө турган жерди өзгөртө албайбыз. Беттешке даярдануу үчүн атамдын жоктугу даана байкалып жатат. Бирок биз эмне кыла алабыз? Муну кабыл алышыбыз керек. Башка айла жок. Мен машыгуумду мурдагыдай эле улантып жатам”, – деген Нурмагомедов. Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэйтжинин беттеши UFC 254 турниринин алкагында 24-октябрь күнү Абу-Даби шаарында өтөт.

Австриялык спортчу муз менен курчалган айнекте отуруп дүйнөлүк рекордду жаңылады

7-сентябрь 2020/informator.kg– Австриялык экстремалдуу спорттун сүйүүчүсү Йозеф Кёберл муз менен курчалган айнекте 2 сааттан ашык отуруп, дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, эксперименттин видеосун жарыялашты. Рекордду ишке ашырууда 200 килограмм муз колдонулганы айтылат. “Эксперименттин жүрүшүндө спорт сүйүүчүсү денесин жан чыдагыс оору каптаганын жашырган эмес. Бирок ал жакшы, позитивдүү нерселерди ойлогонго аракет кылганын айткан. Натыйжада Йозев муз толтуралган айнекте 2 жарым саттан ашык отурган. Муну менен ал, мурдагы өзүнүн эле рекордун 20 мүнөткө ашык аткарган. Эксперименттин дагы бир максаты – дүйнө жүзү боюнча муздардын эрип жатканы тууралуу көйгөйгө көңүл бурдуруу экени белгиленген” , – деп жазылат маалыматта.

Шевченконун атаандашы Майянын жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү аз

27-август 2020/informator.kg-

Букмекерлердин баамында, кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттеше турчу бразилиялык Женнифер Майянын жеңишти камсыздоого мүмкүнчүлүгү өтө эле аз.Майя менен Шевченко UFC 255 турниринин алкагында 21-ноябрда (Бишкек убактысы боюнча 22-ноябрда) кармашат. Мелдештин өтө турчу жери айтыла элек. Анда кыргызстандык спортчу жеңилирээк салмактагылар арасында чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргомокчу.”Марафонбет” букмекердик конторасы мындай коэффициенттерди койгон: кыргызстандык спортчунун жеңиши үчүн — 1,068, бразилиялык мушкер үчүн — 9. Ал эми Favbet конторасында коэффициенттер бир аз айырмаланат:  1,08 жана 9,5.Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.Буга чейин Валентина катыша турчу турнирде анын эжеси Антонина Шевченко дагы күч сынашары айтылган. Анын атаандашы бразилиялык спортчу Ариана Липски болмокчу.

Булак: NazarNews.kg

Спорт агенттигинин жаңы жетекчиси жумушка дайындалды

26-август 2020/informator.kg-

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Парханов Мирлан Абдивалиевичке өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.Мирлан Парханов аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.Буга чейин “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык,  бул агенттиктин директору Аманкулов Канат Маратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.

Түркия Кара деңизде газ өндүрөрүн жарыялады

25-август 2020/informator.kg-

Жума күнү президент Режеп Тайып Эрдоган элине кайрылып, Түркиянын тарыхында биринчи жолу 320 миллиард метр куб газ резервин өндүрөрүн кабарлады.«Биздин «Фатих» бургулоочу кемебиз 2020-жылдын 20-июлунда баштаган «Туна-1» кудугунда бургулоо менен 320 метр куб газ корун тапты. Бул операцияны мамлекеттик мүмкүнчүлүктөр менен гана ишке ашырдык. Кудуктан алынган көрсөткүчтөр, ошол эле аймакта жаңы табигый газ корун табуу ыктымал экенин белгилеп жатат. 2023-жылы Кара деңиз газын элибизге пайдаланууга берүүнү максат кылабыз», – деди Эрдоган.Өлкөнүн энергетикалык муктаждыгын канааттандырыш үчүн импортко толук көз каранды болгон Түркия Кара деңизде жана Жер Ортолук деңизинде чалгындоо иштерин тынымсыз жүргүзүүгө мажбур. Буга чейин Түркиянын бул деңиз бассейндериндеги ондогон чалгындоо иштерине Грекия менен Түндүк Кипр нааразы болгон.

Спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

25-август 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Гүлжигит Алыкулов Европа кубокторуна ойногон үчүнчү кыргызстандык болот

21-август 2020/informator.kg-

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу, учурда Казакстандын “Кайрат” клубунун намысын коргоп жаткан Гүлжигит Алыкулов Европа кубокторуна ойногон үчүнчү кыргызстандык болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 
белгилей кетсек, улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.
“Байматов 2009-жылы Латвиянын “Вентспилс” клубунун курамында, ал эми Мака Кум 2010-жылы Молдованын “Дачия” клубунун курамында Европа мелдештеринде ойногон”, — деп айтылат маалыматта.
Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, “Кайрат” 27-августта Европа лигасы мелдешинин тандоо турунун алгачкы айлампасында Армениянын “Ноа” клубуменен кездешет.