Спорт

Спорт

Теннисчи Новак Жокович коронавирус жугузуп алды

23-июнь 2020/informator.kg-

Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович коронавируска чалдыкканын билдирди. Билдирүүдө спортчунун аялы да вирусту жугузуп алганы, балдарынын анализдери жакшы чыкканы айтылат.Буга чейин хорватиялык Борна Корич, болгариялык Григор Димитров жана сербиялык Виктор Троицки өткөн жумада Жокович уюштурган “Adria Tour” мелдешине катышкандан кийин ооруп калганы кабарланган.Турнирдин 21-июнга белгиленген финалы Димитров вирус жугузуп алгандан кийин болбой калды.Жокович мелдешти уюштурууда санитардык нормаларды сактабагандыгы, Белграддагы беттешүүлөрдөн кийин майрамдык кече өткөргөндүгү үчүн сынга кабылган. Ошол эле маалда Сербия жана Хорватия карантиндик чектөөлөрдү жумшарткандыктан, жергиликтүү мыйзамдар бузулган эмес.

1-июндан Британияда спорттук мелдештер өткөрүлө баштайт

30-май 2020/informator.kg-1-июндан тарта Британияда спорттук мелдештерге жол берилип, алар сыналгыдан көрсөтүлөрүүн өлкөнүн маданият министри Оливер Довден билдирди. Буга чейин, 28-майда, Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Британиядагы карантиндик шарттар июнь айынын башында акырындык менен жумшартыла баштайт деп жарыялаган. Тактап айтканда, бала бакчалар жана башталгыч класстар ачыла баштайт .Ошондой эле, июнь айынын башынан тартып ачык асман базарлары жана автоунаа сатуучу жайлар ишин улантат, айрым спорттук мелдештер башталат. 15-июндан баштап бардык азык-түлүк дүкөндөрүн ачуу укугу болот. 1-июндан баштап ар кайсы үй-бүлөдөн алтыга жакын адам сейил бактарда жана бакчаларда жолугуша алышат.

УЕФА ЕВРО 2020 футбол чемпионатын кийинки жылга жылдырды.

УЕФА Европа футбол чемпионатын 2021-жылга жылдырды. Мындай аракеттердин жасалышы өпкөнү сезгенткен вируска байланыштуу.


Эскерте кетсек, Евро 2020 чемпионаты жылыбыздын 11-июнь айында башталып, 11-июлда бүтмөк. Эми УЕФАнын чечими менен чемпионат 2021-жылы жайында өтөт.

Коранавирус v/s Олимпиада-2020. Дүйнөлүк оюн өтпөй калышы мүмкүн…

Бишкек. 27.02.20. Токиодо өтүүчү 2020-жылдагы Олимпиада оюндары Кытайдан чыккан коронавирустун айынан токтотулуп же артка жылдырылышы ыктымал. Бул тууралуу эл аралык басылмалардын бирине Эл аралык олимпиадалык Комитеттин (МОК) мүчөсү Дик Паунд билдирген.

Анын айтымында, Токиодо өтүүчү спорттук ири иш-чарага дагы үч ай убакыт бар, ал үчүн уюштуруучу тарап коронавирустун жугуп калуу тобокелчилигин төмөндөтүүгө болгон аракеттерин жасоо керек жана оюндун өтүшү боюнча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму менен кеңешүүдөн кийин чечилиши керек.

Ошону менен катар эле Дик Паунд Олимпиадага катышуучу спортсмендерди машыгууну улантууга чакырып, иштин жакшы жагына чечилишине үмүт кылуу керектигин айткан.

Эске сала кетсек, Токио-2020 Олимпиадасына 11 спортчу катышса, андан кийинки Паралимпиадалык оюндарга эле 4,5 спортчу катышып, бул оюндарга бери жагы 5 миллионго чукул көрүүчү барат.  

Дагы бир алтын. Жолдошбеков Азия чемпиону болду.

Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду. Ал 61 кг салмагында күрөшүп, төрт беттеште жеңүүчү болуп чыккан. Анын атаандаштары: Нурболот Абдуалиев (Казакстан), Мажит Алмаз Дастан (Иран), Рахул Баласахеб Аваре (Индия), Мухамад Икромов (Тажикстан).

2019-жылы 23-жашка чейинкилер арасында, Улукбек Жолдошбеков Азия жана Дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле жылдын мыкты спортчусу наамына татыган. АЧ Индия мамлекетинин борбору Нью-Делиде өтүп жатат. Бүгүн акыркы күн.

Конор Макгрегор 40 секундада жеңишке жетишти – ВИДЕО.

Конор Макрегор америкалык Дональд Серронени 40 секунддун ичинде техникалык нокаут менен жеңип алды.

Ак шумкарлар күйөрмандары менен жолугушат – качан?

Эртең, 18-январда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчулары жана машыктыруучу Александр Крестинин менен фан-жолугушуу уюштурулат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Asia Mall соода борборунда улуттук кураманын оюнчуларын сыйлоо аземи өтөт.

Кечки саат 17:15те соода борбордун 3-кабатында футболчулар күйөрмандардын суроолоруна жооп берет.

Темирлан Козубаев “Дордойдон” чет элдик футбол клубуна кетти.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Тамирлан Козубаев Индонезиянын футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

“Дордой” клубунун футболчусу Индонезиянын “Персита Тангеранг” клубуна бир жылдык келишимдин негизинде өттү.

Футбол боюнча Индонезиянын чемпионаты март айында башталат.

Айсулуу Тыныбекова балбан айымдардын сап башына чыкты

Бишкек. 6.01.20. informator.kg

Кыргызстандык спортчу,  кыз-келиндер арасындагы күрөш спорту боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк рейтинг боюнча айымдар арасында биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу UWWтин сайтынан көрүүгө болот.

Жаңырган жаңы 2020-жылдагы рейтинг өз ичине 2019-жылдагы Нур-Султанда өткөн эл аралык мелдештин жыйынтыгынын камтып, анда кыз-келиндер арасында 62 кг. Салмак боюнча алтын медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова саптын башына чыккан.

Спорт адистери бул рейтинг алдыдагы Дүйнөлүк Олимпиадага катыша турган күчтүү спортчулардын салмагын арттырып тураарын айтышат.

Жаңы футбол академиясы. ФИФА: 31-декабрга чейин чечкиле же грант башка мамлекетке берилет.

Informator.kg – Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн мэрия сунуштаган жерге макул болгон жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов»Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, Футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунуштаган.

Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуев ал жер тилкелери ФИФА берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

«Эл аралык футбол федерациясынын талабына ылайык бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгач токойчосуна футбол академиясын куруу туура эмес болот. Анткени бул парк шаарга керек жер. Ак-Өргө конушунан сунушталып жаткан жер тилкеси беш гектар гана. 11-кичи райондогу жерге футбол талаасын курууга мүмкүн эмес. Футбол академиясы үчүн 8 же 10 гектар керек. Эгер маселе 31-декабрга чейин чечилбесе ФИФА бул грантты башка мамлекеттерге берет», -деди футбол федерациясынын өкүлү.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кечээ 25-декабрда баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралды.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын өкүлү Эл аралык футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн гранттык негизде каражат бөлүнөрүн билдирген.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган