Спорт

Спорт

КРда биринчи жолу допинг колдонууга каршы борбор түзүлдү

5-август 2020/informator.kg-

Өлкөдө биринчи жолу допинг колдонууга каршы борбор түзүлгөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кызмат Спорт агенттигинин алдындагы Допингге каршы күрөшүү дирекциясында түзүлүп, Улуттук антидопинг борбору аталышы менен иш алып барат.Коррупцияны алдын алат .КРде спорт мектептердин маалымат базасы түзүлдү .


“Дирекция спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат. Ал дүйнөлүк антидопинг кодексинин жана КРдин антидопинг эрежелеринин аткарылышын камсыз кылат. Ошондой эле таза спортту жайылтууга салымын кошот”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Спорт агенттиги алдындагы Допингге каршы күрөшүү дирекциясын жетектегенге адис изделип жатканын айтып, шарт-талабын түшүндүрдү.

Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт

1-август 2020/informator.kg-

Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун башчысы Дана Уайт CNN маалымат булагына билдирген.Маалыматка ылайык, жеңил салмактагы чемпиондук таймаш кайсыл жерде өтөрү айтыла элек. Буга чейин эки мушкер сентябрь айында Абу-Дабиде кезигери айтылган.«Хабиб менен Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. Хабиб акыркы маалда оор тагдырды башынан кечирип жатат. Ал эң жакын болгон атасы, ошол эле учурда машыктыруучусунан айрылды», — деп билдирген Дана Уайт.

Теннисчи Новак Жокович коронавирус жугузуп алды

23-июнь 2020/informator.kg-

Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович коронавируска чалдыкканын билдирди. Билдирүүдө спортчунун аялы да вирусту жугузуп алганы, балдарынын анализдери жакшы чыкканы айтылат.Буга чейин хорватиялык Борна Корич, болгариялык Григор Димитров жана сербиялык Виктор Троицки өткөн жумада Жокович уюштурган “Adria Tour” мелдешине катышкандан кийин ооруп калганы кабарланган.Турнирдин 21-июнга белгиленген финалы Димитров вирус жугузуп алгандан кийин болбой калды.Жокович мелдешти уюштурууда санитардык нормаларды сактабагандыгы, Белграддагы беттешүүлөрдөн кийин майрамдык кече өткөргөндүгү үчүн сынга кабылган. Ошол эле маалда Сербия жана Хорватия карантиндик чектөөлөрдү жумшарткандыктан, жергиликтүү мыйзамдар бузулган эмес.

1-июндан Британияда спорттук мелдештер өткөрүлө баштайт

30-май 2020/informator.kg-1-июндан тарта Британияда спорттук мелдештерге жол берилип, алар сыналгыдан көрсөтүлөрүүн өлкөнүн маданият министри Оливер Довден билдирди. Буга чейин, 28-майда, Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Британиядагы карантиндик шарттар июнь айынын башында акырындык менен жумшартыла баштайт деп жарыялаган. Тактап айтканда, бала бакчалар жана башталгыч класстар ачыла баштайт .Ошондой эле, июнь айынын башынан тартып ачык асман базарлары жана автоунаа сатуучу жайлар ишин улантат, айрым спорттук мелдештер башталат. 15-июндан баштап бардык азык-түлүк дүкөндөрүн ачуу укугу болот. 1-июндан баштап ар кайсы үй-бүлөдөн алтыга жакын адам сейил бактарда жана бакчаларда жолугуша алышат.

Дагы бир алтын. Жолдошбеков Азия чемпиону болду.

Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду. Ал 61 кг салмагында күрөшүп, төрт беттеште жеңүүчү болуп чыккан. Анын атаандаштары: Нурболот Абдуалиев (Казакстан), Мажит Алмаз Дастан (Иран), Рахул Баласахеб Аваре (Индия), Мухамад Икромов (Тажикстан).

2019-жылы 23-жашка чейинкилер арасында, Улукбек Жолдошбеков Азия жана Дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле жылдын мыкты спортчусу наамына татыган. АЧ Индия мамлекетинин борбору Нью-Делиде өтүп жатат. Бүгүн акыркы күн.

Конор Макгрегор 40 секундада жеңишке жетишти – ВИДЕО.

Конор Макрегор америкалык Дональд Серронени 40 секунддун ичинде техникалык нокаут менен жеңип алды.

Азия Чемпиону Муслим Евлоев тирүү экени такталды

10-август 2020/ informator.kg-Орусиянын Ингушетия Республикасындагы атышуудан каза болгондордун арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев жок. Бул тууралуу аталган республиканын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак орусиялык басылмаларга билдирген. “Жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталды, алар мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү”, – деп билдиришкен укук коргоо органдарынан. Укук коргоо органында иштеген ишенимдүү булактын билдиришинче, Муслим Евлоев качып кеткен. Анын тууганы кармалган. Атайын операция өткөн аптада офицердин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиону аталган Муслим Евлоев атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган.

Айсулуу Тыныбекова балбан айымдардын сап башына чыкты

Бишкек. 6.01.20. informator.kg

Кыргызстандык спортчу,  кыз-келиндер арасындагы күрөш спорту боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк рейтинг боюнча айымдар арасында биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу UWWтин сайтынан көрүүгө болот.

Жаңырган жаңы 2020-жылдагы рейтинг өз ичине 2019-жылдагы Нур-Султанда өткөн эл аралык мелдештин жыйынтыгынын камтып, анда кыз-келиндер арасында 62 кг. Салмак боюнча алтын медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова саптын башына чыккан.

Спорт адистери бул рейтинг алдыдагы Дүйнөлүк Олимпиадага катыша турган күчтүү спортчулардын салмагын арттырып тураарын айтышат.

Жаңы футбол академиясы. ФИФА: 31-декабрга чейин чечкиле же грант башка мамлекетке берилет.

Informator.kg – Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн мэрия сунуштаган жерге макул болгон жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов»Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, Футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунуштаган.

Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуев ал жер тилкелери ФИФА берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

«Эл аралык футбол федерациясынын талабына ылайык бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгач токойчосуна футбол академиясын куруу туура эмес болот. Анткени бул парк шаарга керек жер. Ак-Өргө конушунан сунушталып жаткан жер тилкеси беш гектар гана. 11-кичи райондогу жерге футбол талаасын курууга мүмкүн эмес. Футбол академиясы үчүн 8 же 10 гектар керек. Эгер маселе 31-декабрга чейин чечилбесе ФИФА бул грантты башка мамлекеттерге берет», -деди футбол федерациясынын өкүлү.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кечээ 25-декабрда баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралды.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын өкүлү Эл аралык футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн гранттык негизде каражат бөлүнөрүн билдирген.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган

Алыкулов жылдын мыкты оюнчусу. Гулжигит Реал Мадрид клубуна кетиши мүмкүнбү?

Кечээ Кыргызстандын Футбол федерациясы жыл мыктыларын аныктаган FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында жалпы 9 номинацияда мыктыларды аныктап, сыйлыктарды тапшырды. Аземде футбол жана футзалдан “жылдын мыкты оюнчусу”, “жылдын мыкты машыктыруучусу” жана “жылдын мыкты калысы” номинациясы боюнча тандалды. Мындан сырткары “жылдын мыкты командасы”, “Жылдын мыкты аймактык ассоциациясы” боюнча мыктылар тандалды.

Жыйынтыгында беларустук “Неман” клубунун жана Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов “мыкты футболчу” деген сыйлыкка татыды. Ошондой эле оюнчуга дүйнөлүк футбол клубу Реал Мадрид да кызыктар деген имиш маалыматтар кыргыз маалымат майданында тароодо.