Спорт

Спорт

Спорт. Кыргызстанга алтын медалдын келишинин себепкери – Айваз Оморканов

18.07.19 informator.kg Эл аралык Ironman 70.3 Astana жарышында Кыргызстандык триатлет Айваз Оморканов, өлкөнүн алтын медалдар куржунун, бир алтын менен толуктады. Бул тууралуу Жаштар, дене-тарбия жана спорт мам.агенттигинен кабарлашты.

Спортчу, 14-июлда Казахстандын борбор калаасында өткөн эл аралык жарыштын 18-24 жаш арасында алтын медал гана тагынып тим болбостон, Кыргызстандын мындай жарыштагы абсолюттук рекордун да жаңылап койду. Анда өлкө сыймыгы Ironman жарышынын 70.3 аралыкты 4 саат 19 минут 1 секундда , сууда сүзүүдө 1,9 км, шайтан арабада 90 км жана чуркоодо 21 км аралыгын багындырган.

Кыргызстан Триатлон спорттук түрү боюнча алтын медалын эңсеп келген, андыктан Айваз Оморканов кыргыз спортуна кошкон салымы зор болгондуктан ага “Кыргыз Республикасынын Спорттук Чебери” наамы ыйгарылган. Кыргызстандын туусун четте бийик көтөрүп, эл аралык мелдеш жана жарыштарда тааныткандардын бири – спортчулар болуп эсептелинет. Андыктан, спорт чеберлерине терең ыраазычылык жана ийгилик!

В.Худяков Ысык-Көлдү сүзүп өттү

6-август 2020/informator.kg-

Кыргызстандык Виталий Худяков биринчи жолу Ысык-Көл көлүн сүзүп өттү. Анын 13 саатка созулган сапары Чолпон-Ата шаарынан башталып, Кажы-Сайга чейин уланган.Спортчу эртең мененки саат 05:15те чыгып, саат 18:30га чейин сүзгөн.Виталий Худяков Олимпиада оюндарына катышып, 10 жана 5 чакырым аралыкта ачык сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону болгон.

Кыргызстандык 4 футболчу эми өмүр бою ойнобойт – себеби

Бишкек. 2.08.19 Informator – Кыргызстандык төрт футболчу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) дисциплинардык комитетинин чечими менен өмүр бою оюндардан четтетилди.

Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, кеп Бишкектин “Дордой” командасынын мурдагы капитаны Курсанбек Шератов, “Алайдын” оюнчулары Владимир Веревкин, Ильяз Алимов (бул сезондо “Нефтчиге” өткөн) жана Абдуазиз Махкамов (дарбазачы) жөнүндө болуп жатат.

Июль айынын аягында “Дордой” клубу Шератов менен эч себепсиз кол үзүшкөн.

Бул оюнчулар АФКнын Дисциплинардык-этика кодексинин 66 жана 69-кодекстерин бузгандыгы айтылууда.

Шератов АФК кубогунун 2017-жылкы сезонунда “Дордой” клубу катышкан оюнду сүйлөшүп алуу жолу менен ишке ашырууга күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле ал ушул эле оюн боюнча букмекерлик акча коюуларга таасир эткен деп айыпталды.

Веревкин, Алимов жана Махкамов дагы ушундай эле кылык-жорукка барганы аныкталды. Тагыраагы, АФК кубогунун 2017 жана 2018-жылкы сезонунда “Алай” клубунун оюндарына “таасир” этишкен.

Айбек Кубанычбек уулу занял 7 место на чемпионате мира

25.08.2019 – informator.kg Чемпионат мира по дзюдо проходит в эти дни в Токио (Япония). Как сообщает Prosports.kg, Айбек Кубанычбек уулу выступает в весовой категории до 60 кг. В предварительных схватках он одержал 3 победы, но проиграл в 1/4 финала. В утешительном турнире он боролся с дзюдоистом из Японии Наохиса Такато и проиграл ему по баллам 0:1. В итоге Айбек Кубанычбек уулу занял 7 место на данном чемпионате мира.

Источник: Prosports.kg

“Дордой” “Истиклолду” утуп алды

Бишкек. 16.05.19. informator.kg Бишкектин “Дордой” командасы АФКнын Кубогуна карата мелдеште жеңишке жетишти.

Топтук этаптын төртүнчү турунда “Дордой” өз үйүндө Дүйшөмбү шаарынын “Истиклол” командамы менен кечээ беттешип, 2:1 эсебинде жеңишти камсыз кыла алган. Коноктор тараптан Алишера Джалилов эсепти 29-мүнөттө ачып, гол киргизгени менен 57-мүнөттө дордойчу Вахыт Оразсахедов эсепти теңесе, 77-мүнөттө Мирлан Мурзаев эсепти 2:1ге жеткирген.



Билимбек к. Калмира күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш тагынды

Бишкек. 3.08.19 Informator- Кыргыз балбаны Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Ал 53 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Финалга чейин Билимбек кызы 4 атаандашын жеңип алган. Алтын медаль үчүн күрөштө кытайлык Жоажиң Ши менен кез келди. Беттеште кытайлык спортчу биринчи бөлүктө таза жеңишке ээ болду.

Жыйынтыгында Билимбек кызы күмүш медалга татыды. 1/16 финал Калмира Билимбек кызы – Элнура Маммадова (Азербайжан) – 9:5 1/8 финал Калмира Билимбек кызы – Мария Уильумсен (Дания) -Билимбек кызынын таза жеңиши 1/4 финал Калмира Билимбек кызы – Алесия Хетманава (Беларусь) – 9:1 1/2 финал Калмира Билимбек кызы – Алтын Шагаева (Казакстан) – Билимбек кызынын таза жеңиши Финал Калмира Билимбек кызы – Жоажиң Ши (Кытай) – Жоажиң Шинин таза жеңиши Аталган медаль бул Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү үчүн эң алгачкысы болду.

Конный спорт. Ренат Галимов получил звание отличника физкультуры и спорта КР

Бишкек. 1.08.19 İnformator – Тренер-преподаватель по конкуру Ринат Галимов получил звание «Отличник физкультуры и спорта КР», сообщает пресс-служба Госагентства по делам молодежи, физкультуры и спорта КР.

Удостоверение и нагрудной знак отличника физкультуры и спорта КР Ринату Галимову 1 августа вручил директор госагентства Канат Аманкулов на встрече с победителями чемпионата Евразии по конным видам спорта.

Ренат Галимов в составе сборной Кыргызстана завоевал серебро чемпионата Евразии по конкуру, а также стал победителем муниципальных соревнований Maxima Masters (высота 125 см).

Также на этой встрече Канат Аманкулов вручил благодарственные письма чемпионам Евразии Камилю Сабитову и Чынгызу Иманалиеву.

Жеңил атлет Дарья Маслова Токио-2020 Олимп оюндарына лицензия алды

Informator.kg – Kыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова 1-декабрда Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып, Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Дарья Маслова аталган марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секундда марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт.

Учурда кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жалпысынан беш жолдомо алган. 

Тынар Шаршенбеков колону колдон алдырды

Бишкек. 16 . 09.2019. informator.kg Кечээ, Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта коло байгени казакстандык Алмат Кебиспаевге алдырып койду. Ал атаандашы менен болгон финалдык кармашта 9:0 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин кармаштарында Тынар Шаршенбеков алгач болгариялык Румен Савчевди 8:1ге утса, чейрек финалда жапониялык Шиноби Отага жеңилп калган. Андан соң беларусиялык Максим Ниходаны 6:4 эсебинде жеңип, коло байге үчүн кармашка жолу ачылган болчу.

Кыргызстандык хоккейчилер Исландия командасы менен беттешет.

Informator.kg – Бүгүн, 12-декабрда хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунун экинчи баскычында Исландиянын командасы менен беттешет.

Мелдеш 12-15-декабрда Румыниянын Брашов шаарында өтөт.

Оюндун экинчи баскычында 12 команда күч сынашат. Алар “K”, “L”, “M” деп үч тайпага бөлүштүрүлгөн. Улуттук курама “K” тайпасына туш келип, Румыния, Исландия жана Израилдин командалары менен оюн өткөрөт.

Улуттук кураманын катарына Эрназар Исматов, Олег Колодин, Антон Кудашов, Уран Турсунбеков, Адис Качкынбеков, Владимир Ничипуренко, Ажымухамед Улугбек уулу, Жанболот Тагаев, Артур Аяпов, Кадыр Алымбеков, Михаил Чувалов, Артем Горобец, Владимир Носов, Александр Титов, Максим Егоров, Кузьма Терентьев, Александр Петров, Андрей Тришкин, Эрсултан Мирбеков, Владимир Тонких кирет.

Оюндардын жүгүртмөсү:

12-декабрь – Кыргызстан – Исландия;

13-декабрь – Румыния – Кыргызстан;

15-декабрь – Израиль – Кыргызстан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан ноябрь айында Люксембург өлкөсүндө өткөн тандоо турунун биринчи баскычынын жеңүүчүсү аталган.

Булак: Кабар.кж