Спорт

Спорт Страница 11

Дордой чемпиондук кубокту көтөрдү

15.07.19 informator.kg Бишкектин «Дордой» клубу футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогун утуп алды.

Кыргыз футболундагы престиждүү делген трофейлердин бири – Суперкубок үчүн алар Оштун «Алай» клубу менен беттешти.

Кечээ Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо өткөн беттеште «Дордойчулар» 2:1 эсебинде утуп алышты.

Бишкектиктер биринчи бөлүктө эсепти ачты. Алайдын футболчулары экинчи бөлүктө эсепти теңеди. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө каршы чабуул менен Бишкектин «Дордой» клубу гол киргизип, жеңишти илип кетишти.

Муну менен «Дордой» Кыргызстандын Суперкубогун төртүнчү ирет утуп жатат.

Өткөн жылы бул трофейди «Алай» командасы уткан болчу.

Кыргызстандык балбан кыздар финалга чыгышты. Алар …

11.07.19 informator.kg Кыргызстандык балбан кыздар Назира Марсбек кызы менен Мээрим Жуманазаров жаштар арасында Азия чемпионатынын финалына чыгышты.

Мелдеш Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. Аны unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат.

59 кг салмакта күч сынашкан Назира Марсбек кызы жарым финалда кытайлык Zhuomalaga ZHUOMALAGA’ны 6:3 эсебинде жеңип финалга чыкты.

Назира финалда индиялык балбан кыз Anshu ANSHU менен таймашат.

Ал эми 68 кг салмакта күрөшкөн учурдагы Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова да кытайлык балбан кыз Xin LI менен таймашып, 8:1 эсебинде жеңишке ишенимдүү жетип, финалга чыкты.

Мээрим финалда жапониялык Rin MIYAJI менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Жаштар арасындагы Азия чемпионатына машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жетектеген Кыргызстандан 4 балбан кыз барышкан.

Алардын экөө бүгүн күрөшүп, экөө тең өз салмактарында финалга чыгышты. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат.

Наши гимнастки победили в международном турнире – фото

5.07.19 informator.kg В период с 1-4.07.2019 года в Грузии, Тбилиси прошёл Международный турнир по художественной гимнастике Neli Saladze Cup.

В соревнованиях принимало участие около 250 гимнасток с Украины, Левана, Казахстана , Армении, Грузии, Азербайджана и Кыргызстана.

Нашу страну представляли 10 гимнасток 2005-2012 годов рождения.

Результаты Турнира :

Рысалиева Амаль 2012 г.р. 1 место 

Сарынжиева Саяна 2010 г.р. 1 место

Максытова Эльнура 2010 г.р. 1 место

Азатова Бегимай 2009 г.р. 2 место

Абдималикова Элима 2009 г.р. 1 место 

Корчма Ангелина 2008 г.р. 2 место

Эсенбекова Аделина 2007 г.р. 1 место

Курманова Каныкей 2005 г.р. 1 место

Ю Ариза 3 место в упражнении с мячом

Давлетова Тинатин 3 место в упражнении с лентой

Гимнастки тренируются под руководством Ибраимовой Сабины , Хайруллиной Заремы

11.06.19 informator.kg

Бүгүн Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул — биздин футболчуларыбыздын Азия Кубогунан кийинки алгачкы оюну.

Беттеш кечки саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Кыргызстан менен Палестина курамалары жалпысынан 5 ирет беттешкен. Улуттук курамабыз 2 жолу утуп, эки жолу тең эсепте ойношкон. Ал эми бир жолу жеңилишкен.

Кыргызстандын Футбол федерациясы улуттук кураманы колдоо үчүн мекендештерди стадионго келип, күйөрмандык кылууга чакырат.

КутМэн жүрөк операциясынан кийин алгачкы машыгуусун өткөрдү

23.05.19 informator.kg Футболчу Кутман Кадырбеков жүрөгүнө операция жасаткандан кийин алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу “Дордой” футболдук клубунун басма сөз кызматы кабарлады.
.
“Талаага кайтып келүү ар дайым жагымдуу. Мен де баары жакшы. Азырынча медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө өз алдымча машыгып жатам. Жалпы группага кошулууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн”, – деп билдирген Кадырбеков.
.
“Дордой” клубунун жана Кыргыз курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбековго апрел айында операция жасалган.

Кыргыздын Эль-класикосу Дордой – Алай беттеши 19-майда өтөт

Бишкек. 17.05.19. informator.kg 18-19-май күндөрү футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-лигасынын (КПЛ) биринчи айлампасынын жыйынтыктоочу беттештери өтөт. Анда кыргыз футболунун учурдагы дөө-шаалары Бишкектин “Дордой” командасы менен Оштун “Алай” клубу кез келет. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынан кабарлады. Кыргыздын Эль-класикосу атыккан беттеш Дордой спорттук комплексинде 19-майда өтөт. Аны Тимур Файзуллин башында турган калыстар тобу тейлейт. Оюн 17:30да башталат. Учурда мелдештин жадыбалында 16 упай менен Дордой сап башында келатат. Бир беттеш аз өткөргөн Алай 3 упай артта келатат.

18-майда КПЛнын кезектеги турунда Илбирс» – «Алга», «Нефтчи» – «Абдыш-Ата», 19-майда «Кара-Балта» – «Академия-Лидер» беттештери каралган.

“Дордой” “Истиклолду” утуп алды

Бишкек. 16.05.19. informator.kg Бишкектин “Дордой” командасы АФКнын Кубогуна карата мелдеште жеңишке жетишти.

Топтук этаптын төртүнчү турунда “Дордой” өз үйүндө Дүйшөмбү шаарынын “Истиклол” командамы менен кечээ беттешип, 2:1 эсебинде жеңишти камсыз кыла алган. Коноктор тараптан Алишера Джалилов эсепти 29-мүнөттө ачып, гол киргизгени менен 57-мүнөттө дордойчу Вахыт Оразсахедов эсепти теңесе, 77-мүнөттө Мирлан Мурзаев эсепти 2:1ге жеткирген.