Спорт

Спорт Страница 2

Бишкек шаардык кеңеши Айсулуу Тыныбековага муниципалдык батирди берүү маселесин карайт

16-ноябрь 2020/informator.kg- Бишкек шаардык кеңеши кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү маселесин карайт. Мэриядан билдиришкендей, Айсулуу Тыныбекованын спорттогу ийгиликтерин эске алуу менен “Москва көчөсү, 191” дарегиндеги 3 бөлмөлүү муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү боюнча токтом долбоору иштелип чыккан. Токтом долбоору быйыл 24-март күнү Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген. “Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин 19-ноябрда өтө турган кезектеги XXXIII сессиясынын күн тартибине киргизилди”, – деп билдирет мэрия.

Кыргыз мушкери атаандашын биринчи раундда нокаутка кетирди

16-ноябрь 2020/informator.kg-Кыргызстандын спортчусу Кайыпназар уулу Бектурсун Россиянын Москва шаарында өткөн эл аралык аралаш уруш боюнча турнирде жеңишке жетишти. 14-ноябрда «М-1 Global» уюмунун «ММА Серия-20: Время новых героев» аталышындагы турнири өттү. 56,7 кг салмак категориясында Кайыпназар Бектурсун россиялык Артем Остряков менен беттешкен. Жыйынтыгында кыргызстандык мушкер атаандашын 1-раундда техникалык нокаут менен жеңип алды. Муну менен Кайыпназар уулу Бектурсун карьерасындагы тогузунчу жеңишине жетишти.  

Футболчу Лазаро “чаян сокку” аталган ыкма менен алгачкы голун киргизди

11-ноябрь 2020/informator.kg- Германия чемпионатында футболчу Валентино Лазаро “чаян сокку” аталган ыкма менен гол киргизди. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, видеосун жарыялады. Маалыматка ылайык, окуя Бундеслигадагы “Боруссия” Мюнхенгладбах менен леверкузендик “Байер” клубдарынын беттешинде катталган. Оюндун кошумча берилген 94-мүнөтүндө Мюнхенгладбахтын футболчусу керемет ыкма менен тепкен топ дарбаза бурчунан кирген. Бирок бул гол командага жеңиш тургай, тең чыгууну да алып келе алган эмес. Оюн 4:2 эсеби менен леверкузендиктердин пайдасына аяктаган.

“Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча президенттин кубогун жеңип алды

11-ноябрь 2020/informator.kg- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 8-ноябрда көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалдык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Финалдык оюнда “Ынтымак” (Талас облусу) командасы 9:2 эсебинде “Достукту” (Ош) жеңип, президенттин кубогуна ээ болду. Ал эми Биринчи лигада “Мурас” (Ысык-Көл) командасы “Ала-Тоо” (Ош шаары) командасын 5:3 эсебинде артта калтырды.

Оюндун жыйынтыктары:

Жогорку лига:
1-орун – “Ынтымак” – 500 миң сом;
2-орун – “Достук” – 250 миң сом;
3-орун – “Сары-Өзөн” – 125 миң сом.

Биринчи лига:
1-орун – “Мурас” – 100 миң сом;
2-орун – “Ала-Тоо” – 70 миң сом;
3-орун – “Келечек” – 50 миң сом.

Булак: Кабар

Конор Макгрегор UFC’ден канча каражат тапкан?…

7-ноябрь 2020/informator.kg- UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC уюмундагы карьерасы үчүн жалпы 15 миллион доллардан ашык киреше тапкан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты. Макгрегор UFC’деги биринчи беттешин 2013-жылы өткөргөн. Биринчи 6 беттешинде ирландиялык мушкер 500 миң долларга жакын киреше тапкан. Ал эми америкалык мушкер Нейт Диас менен биринчи титулдук беттешинде 1 миллион доллар алса, реванш үчүн 3 миллион доллар алган. Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттеш үчүн Макгрегор утулгандыгына карабастан 3 миллион доллар алган. Ошол эле учурда 2020-жылдын январь айында өткөн Дональд Серроне менен болгон беттеште 5 миллион доллар тапкан. Бул каражатка телекөрсөтүү үчүн алган бонустары жана акы төлөп көрүүчү телеканалдардан алган каражаты кирген эмес.

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы турнирде алтын утту

Бишкек. 7.11.20 informator.kg  Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык турнирде алтын медальга ээ болуп кайтты. Бул тууралуу анын машыктыруучусу бизге билдирди.

Анын айтымында, 6-ноябрда килем үстүнө чыккан Айсулуу а дегенде Орусиялык Ульяна Тукуренова менен бет келип, 12:3 эсебинде утуп алган. Экинчи айлампада болсо Африканын чемпиону тунистик Марва Амри менен кез келип, 8:0 эсебинде утулууга дуушар болуп, бирок, мелдештин акыркы секунддарында атаандашынын далысын жерге тийгизүүгө жетишкен.

Ал эми финалда Айсулуу Тыныбекова кайрадан орусиялык балбан кыз Анжелага туш келип, аны 9:0 эсебинде утуп, алтын медальдын ээси болуп кайткан.

Кыргыз мушкери Кямран Аббасов бүгүн Сингапурда чемпиондук титулун коргойт

6-ноябрь 2020/informator.kg- Бүгүн, кыргыз мушкери Кямран Аббасов Сингапурда өтө турган “One Matrix II” турниринде америкалык мушкер Жеймс Накашимиге каршы биринчи жолу чемпиондук титулун коргойт.
Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да башталат. Эки мушкердин беттеши турнирдин негизги беттеши катары өтөт. Кямран Аббасов 2019-жылдын 25-октябрында швециялык мушкер Себастьян Кадестамды утуп, уюмдун жарым орто салмактагы титулун жеңип алган.

Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу: “Эсеп 19:4”. “Мурас” командасы “Тору-Айгырды” жеңди

5-ноябрь 2020/informator.kg- Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 15:00гө белгиленген Биринчи Лигадагы “Мурас” – “Тору-Айгыр” командаларынын ортосундагы беттеш 19:4 эсебинде “Мурас” командасынын жеңиши менен аяктады. Учурда бүгүнкү күндүн тизмесиндеги эң акыркы оюн болгон “Көк-Жал” – “Жумгал” беттеши башталуу алдында турат. Эскерте кетсек Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бул мелдеш коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Бахрейнде өткөн эл аралык турнирде кыргыз мушкеринин беттеши жокко чыгарылды

2-октябрь 2020/informator.kg- Кечээ, 1-октябрда Бахрейнде өткөн “BRAVE-CF 43” эл аралык турниринде кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулунун беттеши жокко чыгарылды.
Маалыматка ылайык, Кубанычбек Абдисалам уулу бул турнирде орусиялык күчтүү делинген Абдул-Рахман Махажиев менен беттешмек. Бирок орусиялык мушкер ден соолугуна байланыштуу турнирге катышуудан баш тарткан. Мындан улам эки мушкердин беттеши жокко чыгарылган. Абдул-Рахман Махажиев карьерасында жалпы 12 беттеш өткөрсө, анын ичинен 7 жолу жеңүүчү аталган (1и нокаут менен), 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу карьерасында жалпы 16 беттеш өткөрсө, анын ичинен 14 жолу жеңүүчү аталган жана 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Диего Санчес менен беттешүүгө макул болду

27-сентябрь 2020/informator.kg-

Жакында эле карьерасын жыйынтыктаган UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор кайра сегиз бурчтукка кайтып келүүгө макул болду. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган. Конор Макгрегор UFC’нин ардагери америкалык Диего Санчестин чакырыгына макул болгон. 38 жаштагы Санчес карьерасындагы акыркы беттешин ирландиялык мушкер Макгрегор менен беттешкиси келгенин жарыялаган. Мындан тышкары, ирландиялык спортчу UFC’нин башчысы Дана Уайт менен февраль айында болгон кат алышуусун бөлүшкөн. Буга чейин UFC уюму ирландиялык мушкер Макгрегорду мушташка кайтарууну пландап жаткандыгын, ал үчүн 2021-жылы кызыктуу нерсе даярдап жаткандыгы жөнүндө кабарланган.