Спорт

Спорт Страница 9

11.06.19 informator.kg

Бүгүн Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул — биздин футболчуларыбыздын Азия Кубогунан кийинки алгачкы оюну.

Беттеш кечки саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Кыргызстан менен Палестина курамалары жалпысынан 5 ирет беттешкен. Улуттук курамабыз 2 жолу утуп, эки жолу тең эсепте ойношкон. Ал эми бир жолу жеңилишкен.

Кыргызстандын Футбол федерациясы улуттук кураманы колдоо үчүн мекендештерди стадионго келип, күйөрмандык кылууга чакырат.

КутМэн жүрөк операциясынан кийин алгачкы машыгуусун өткөрдү

23.05.19 informator.kg Футболчу Кутман Кадырбеков жүрөгүнө операция жасаткандан кийин алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу “Дордой” футболдук клубунун басма сөз кызматы кабарлады.
.
“Талаага кайтып келүү ар дайым жагымдуу. Мен де баары жакшы. Азырынча медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө өз алдымча машыгып жатам. Жалпы группага кошулууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн”, – деп билдирген Кадырбеков.
.
“Дордой” клубунун жана Кыргыз курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбековго апрел айында операция жасалган.

Кыргыздын Эль-класикосу Дордой – Алай беттеши 19-майда өтөт

Бишкек. 17.05.19. informator.kg 18-19-май күндөрү футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-лигасынын (КПЛ) биринчи айлампасынын жыйынтыктоочу беттештери өтөт. Анда кыргыз футболунун учурдагы дөө-шаалары Бишкектин “Дордой” командасы менен Оштун “Алай” клубу кез келет. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынан кабарлады. Кыргыздын Эль-класикосу атыккан беттеш Дордой спорттук комплексинде 19-майда өтөт. Аны Тимур Файзуллин башында турган калыстар тобу тейлейт. Оюн 17:30да башталат. Учурда мелдештин жадыбалында 16 упай менен Дордой сап башында келатат. Бир беттеш аз өткөргөн Алай 3 упай артта келатат.

18-майда КПЛнын кезектеги турунда Илбирс» – «Алга», «Нефтчи» – «Абдыш-Ата», 19-майда «Кара-Балта» – «Академия-Лидер» беттештери каралган.

“Дордой” “Истиклолду” утуп алды

Бишкек. 16.05.19. informator.kg Бишкектин “Дордой” командасы АФКнын Кубогуна карата мелдеште жеңишке жетишти.

Топтук этаптын төртүнчү турунда “Дордой” өз үйүндө Дүйшөмбү шаарынын “Истиклол” командамы менен кечээ беттешип, 2:1 эсебинде жеңишти камсыз кыла алган. Коноктор тараптан Алишера Джалилов эсепти 29-мүнөттө ачып, гол киргизгени менен 57-мүнөттө дордойчу Вахыт Оразсахедов эсепти теңесе, 77-мүнөттө Мирлан Мурзаев эсепти 2:1ге жеткирген.