Билим берүү министрлигине келгениңизге 3 айдын жүзү болуп калды. Ушул убакыттын ичинде өлкөбүздүн билим берүү тармагынын кандай күчтүү жактарын, кандай алсыз жактарын көрө алдыңыз?
Билим берүү тармагында консервативдик мамиле байкалат. Жаңыланууларга ачык эмеспиз, жүрүп жаткан дүйнөлүк тенденцияларды айкалыштырып алып кете албагандыгыбыз сыяктуу кемчиликтерибиз бар.
Ал эми жетишкендиктерибизден эң негизгиси катары пандемия учурунда Кыргызстандын билим берүүсүн онлайн форматта ыкчам уюштуруп кеткендигибизди айтууга болот. Анткени, көпчүлүк мамлекеттерде пандемия учурунда окутуу токтоп калган учурлар болду.
“Балдар биздин келечегибиз” деп дайыма айтып келебиз. Мына ошол келечектин калыптануусуна кыйла таасир берген мугалимдер кандай болушу керек? Сиз үчүн мугалимдин эталону кандай?
Дүйнөдө бардык тармактарда талаптар өзгөрүп жатат. Ошону менен бирге мугалимдерге болгон талаптар дагы өзгөрүүдө.
Дүйнөлүк өнүгүүлөрдү эске алып көрсөңүз. Ар бир кесип өзүн тездик менен жаңылабаса, ал кесиптин актуалдуулугу жоголуп кетет. Булардын ичинде мугалимдик кесип дагы бар. Эгер 20-кылымдын аягында мугалимдер алган билимин элге өткөрүп берүүгө жооптуу болсо, азыр бул жетишсиз. Анткени, мугалимдер бере турган маалыматты бүгүн студенттер, окуучулар интернеттен оңой эле таап, эселенген жакшы маалыматтарды өз алдынча окушу мүмкүн.
Андыктан, бүгүнкү күндө мугалим абдан уюштургуч болуш керек жана өз алдынча изденүүнү мыкты уюштура билип, өзүнүн педагогикалык чеберчилигине басым жасашы керек. Себеби, класста 40-45 мүнөт же аудиторияда 90 мүнөт студенттерге билгендерин жөн эле айтып берип, конспект жаздыруу бүгүнкү күндө жетишсиз.
Бүгүн мугалимдер сабактын коюлган максаты, анын натыйжасы, анын окуучуларга жеткиликтүүлүгү, кайтарым байланыштын мыкты уюштурулушуна маани бериши керек. Ошону менен бирге мугалим окуучуларга маалыматты кайсы булактардан туура издөөнү, алынган маалыматтарды жашоодо эффективдүү колдонууну, проблемаларды чечүүгө жол издөөнү, жашоодо ошол билимди практика менен айкалыштырууну үйрөтүшү керек.
Мугалим жаңыланыш керек, издениш керек, заман талабына ылайык билим талап кылып жаткан контингенттин талаптарына жооп бергендей болуш керек. Ушундай болгон учурда изденген, жаңычыл көз карашта болгон мугалимдер актуалдуулугун жоготпойт деген ойдомун.
Мамлекеттик мектептердин билим сапатын жогорулатуу максатында кандай кадамдарга барасыз?
Бизде башка тармактардан айырмаланган мазмун деген маселе бар. Ар дайым “Эмнени окутабыз?” деген суроо турат.
Мазмунга карап программа түзүлөт, стандарт түзүлөт, бүт баары мазмунга жараша жазылат. Бүгүн биз балдарыбыз жашай турган коомдо эмне актуалдуу болот деген суроону ойлонуп, футуристикалык көз караш менен жаңычыл билим берүүнүн программасын иштеп чыгып, балдарды алар жашай турган коомго даядашыбыз керек. Башкача айтканда, орто мектепте жок дегенде 10 жыл келечекти, ал эми жогорку окуу жайларда 5 жыл келечекти пландап билим беришибиз керек.
Ушул өңүттө, биринчиден, окуунун мазмунун карап жатабыз, ошого байланыштуу окуу китептерин жаңылап жатабыз, программабызды, стандартыбызды жаңычыл түрдө иштеп жатабыз.
Дүйнө жүзүндө азыр эң актуалдуу болуп жаткан тренд – STEAM (Science, technology, engineering, art and mathematics). Анда беш багытта билим берүүгө басым жасалат. Андыктан, биз дүйнө менен интеграция болуучу предметтерди Кыргызстанда күчөтүп окутушубуз керек. Анткени, бүгүнкү күнү Кыргызстанда окуп жаткан окуучулар жана студенттер эртең Кыргызстанда гана иштейт деген нерсе жок. Глобалдык, ааламдашкан бир дүйнө пайда болууда. Биздин бир эле Кыргызстандын шарттарында эмес, дүйнөлүк шарттарда иштеп кеткидей, атаандаштыкка жооп бергидей, тилдерге, бигичтикке суугарылган балдарды тарбиялашыбыз керек болуп жатат.
Бул максатта, англис тилине, IT технологияларына абдан чоң басым жасайбыз. Жогоруда көрсөтүлгөн 5 багытты билим берүүнүн стандартына киргизели деп турабыз.
Кыргыз тили, кыргыз адабияты, географиябыз, тарыхыбыз, өзүбүздүн улуттуулукка байланыштуу маселелер дагы албетте абдан маанилүү. Буларга дагы көңүл буруп, өзүбүздүн улуттук иденттүүлүгүбүздү унутпастан, улуттук баалуулуктарыбызды сыйлаган, ошону тарбия менен айкалыштырган жаңыча бир программаны иштеп чыгуу пландарыбыз бар.
Эң негизгиси, жакында эле декабрь айында Билим берүү жана илим министрлигинин тарбия концепсиясын кабыл алдык. Мындан кийин мектепке чейинки балдардан баштап жогорку окуу жайды бүтүрүп кеткенге чейин ар бир окуучуну, студентти тарбиялык багытта дагы өнүктүрүү жагы каралат. Адамга берилген материалдык билимдер жетиштүү эмес. Ошондуктан, аларды моралдык, этикалык, эстетикалык жактан дагы өркүндөтүүнүн жолдорун иштеп жатабыз.
Сизге келип түшкөн арыз-даттануулардын көпчүлүк бөлүгү кайсылар?
Министрликке кат аркылуу, анонимдүү түрдө, электрондук почта аркылуу ар кандай арыздар келип түшөт. Жумасына бир жолу коомдук кабыл алуу болуп турат.
Каттардын көпчүлүгү мектептин коллективинин ичиндеги маселелерге байланыштуу. Ошондой эле, жетекчилик кызматта отургандарга арыздар көп түшөт: ректорлорго, директорлорго, бала бакчалардын жетекчилерине.
Эң көп түшкөн арыздар – ата-энелерден жыйналып жаткан акчалар боюнча.
Ушул багыттарда арыздар көп түшөт. Албетте, алар тартиби боюнча каралып чыгат.
Сиз тууралуу “Гүленчи” жана Америка менен байланышы бар дешет. Бул боюнча эмне дейсиз?
1994-1998-жылдары Нарындагы кыргыз-түрк “Себат” мектебин окуп бүтүргөнүм чындык. Ал гана эмес, аталган мектептерди ким, кантип ачканы тууралуу кандидаттык диссертация дагы жазгам. Болгон байланышым мектептердин түзүмүн жана максатын изилдөө гана болгон. Андан сырткары, жогорудагы топ менен эч кандай байланышым, мамилем болгон эмес.
Америка менен болгон байланышыма токтолсок. 2013-2014-жылдары Жонс Хопкинс университетинин чакыруусу боюнча конок-изилдөөчү катары Америкага баргам. Бул жылдардын аралыгында “Эгемендикти алгандан кийинки Орто Азия өлкөлөрүнүн билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрү” деген темада изилдөөлөрдү жүргүздүм. 2016-2017-жылдарда ошол эле университеттин Орто Азия жана Кавказ институтунда тарых боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, китеп которуу менен алектендим. Ошол эле учурда Германиянын университетинде англис тили жана педагогика боюнча окуп жаттым.
Кыскачасы, жогоруда мага карата айтылгандарды четке кагам. Эл аралык тажрыйбам, окумуштуу, педагог жана либералдуу жекелигим менин мынчалык кууш рамкаларга сыйбастыгымды көрсөтүп турат.
“Маариф” фондунун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
Белгилүү болгондой, 2018-жылы эки өлкөнүн президенттери тарабынан макулдашууга кол коюлган. Макулдашууда “Маариф” фондунун Кыргызстанда билим берүү уюмдарын ачуусу жана андан ары ишмердүүлүгүн жүгүзүүсү каралган. Өлкөнүн билим берүү тармагын жетектөөчү катары, макулдашууда жазылгандарды ишке ашырууга мен жоопкерчиликтүүмүн. Андыктан, “Маариф” фондунун билим берүү боюнча биздин өлкөдө жасаган бардык иштерин колдойм.
Жакында “Маариф” фондунун Орто Азиядагы өкүлү расмий зыярат кылды. Жолугушууда 2021-жылы Бишкек шаарында бир башталгыч мектеп, бир орто мектеп ачуунун пландап жатканын айтты.
Биз үчүн эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү тарыхый байланыш өтө маанилүү. Келечекте ири ийгиликтерге жетебиз деп ишенем.
Азыркы студенттерге кандай кеңештерди бере аласыз?
Убакытты туура пайдалангыла демекчимин. Убакыт – адамга берилген эң кымбат байлык. Төрт жылдын ичинде жогорку окуу жай берген билим менен чектелип, мугалимдердин көзүн карап отура берсе, анда студент төрт жылдык өмүрүн жоготуп жиберет деп эсептейм.
Бала өз алдынча изденип, кошумча билим алып, өзүн өркүндөтүүнүн жолдорун издеши керек. Ошондой эле, окуп жатканда бир эле Кыргызстан менен чектелбей, балким, Udemy, Coursera сыяктуу курстарда окуп, кошумча билим алганга аракет кылыш керек. Пандемия онлайн окуунун мүмкүнчүлүктөрү канчалык кеңири экенин көрсөттү.
Ошондой эле, бүгүнкү глобалдашкан дүйнөдө бир тил билүү жетиштүү эмес. Андыктан, жок дегенде англис тилин, колдон келсе андан башка тилдерди дагы үйрөнүүнү сунуштаймын.
Студенттер бир эле Кыргызстандын көз карашы менен карабай, дүйнөдө канчалык улуттар бар экендигин, канчалык маданияттар бар экендигин, тилдер, диндер, дүйнө канчалык бай экендигин билиш керек жана ар бирин өзүнүн орду менен сыйлап, аларды түшүнүү менен кабыл алган чоң кругозорго ээ болушу керек.
Эң негизги сунушум – көп окуу. Көп окуган адам азыраак сүйлөйт, азыраак сүйлөгөн адам азыраак жаңылат. Андыктан, жаш кезиндеги энергияңарды туура багыттагыла.
Билимде илимде чек жок. Ниетти, максаттарды бийик койгула. Кыргызстан эле эмес дүйнөлүк масштабда ойлонгула!