Дүйнөдө

Дүйнөдө

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. (Тизме)

Бишкек. 12.03.21 informator.kg  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргилишкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттин сайтына жарыяланды.

“Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Биргелешкен билдирүү кабыл алышты”,-деп айтылган маалыматта төмөнкү документтерге кол коюлганы көрсөтүлгөн:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу долбоору;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы контрабанда жана бажы мыйзамдарынын бузулуусу менен күрөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-2022-жылдарга карата кызматташуу программасы;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы өз ара соода кылууда товарлардын кыймылы тууралуу маалымат алмашуу жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Өзбекстан Республикасынын Өнөр жай коопсуздугу мамлекеттик комитетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитетинин ортосундагы атаандаштык саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Дене тарбия жана спорт министрлигинин ортосунда меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин, Өзбекстан Республикасынын Суу чарба министринин жана Өзбекстан Республикасынын Энергетика министринин электр энергиясын бири-бирине берүү боюнча протокол;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы аскер жана аскердик-техника жаатында кызматташууну өнүктүрүү ниети жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин 2021-жылга карата кызматташуу планы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну аткаруу алкагында ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы;

— Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык чаралар планы («Жол картасы»);

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Маданият иштери боюнча министрлигинин ортосундагы Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы;

— Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча практикалык иш-чаралар планы («Жол картасы»);

— 2017-жылдын 13-декабрында Ташкент шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Өзбекстан Республикасынын Жаштар союзунун Борбордук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун» алкагында эки тараптуу кызматташууну ишке ашыруу боюнча 2021-2022-жылдарга карата иш-чараларды өткөрүү календары;

— Кыргыз Республикасынын Нарын облусу менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасы;

— Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасы;

— Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасы.

“Бишкек”ЭЭАсында 2 млн. АКШ доллар инвестиция салынган ишкананын ачылышы күтүлүүдө

Бишкек. 12.03.21 informator.kg Бүгүн, КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында “Бишкек” ЭЭАсынын башкы директору Кудрет Тайчабаров жана «NIL-GRANIT» компаниясынын башчысы А. Ганиев кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашат.

“Кол коюлган меморандумдун шарттарына ылайык, өзбек инвестору “Бишкек” ЭЭАсынын аймагынан баардык шарты бар жер аянтын ижарага алып,  ири кийим тигүүчү ишкана ачмакчы. Ишкананын ачылышы менен 200 жергиликтүү жаран жумуш менен камсыз болуп, кийим тигүү тармагында эмгектенет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча ишканага 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салынаары пландалууда. Ал эми бул ишкана жылына 6 млн. доллар өлчөмүндө продукция өндүррөөрү күтүлүп жатат”,-деп айтылат андагы маалыматта.

 Меморандум кабыл алуунун максаты тараптардын кызматташтыгын конкретттештирүү жана Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу процесстерин эффективдүүлүгүн арттыруу болуп эсептелет.

Министр Руслан Казакбаев Тажикстандык кесиптеши менен телдефондон сүйлөштү

Бишкек. 10.03.21 informator.kg  9-март күнү кечке маал КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефондо сүйлөштү.

Аталган министрликтин тараткан маалыматына караганда, эки өлкөнүнү тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик мамилелери боюнча актуалдуу маселелерди талкууга алышкан.

Сүйлөшүүнүн нугу соода-экономикалык карым-катнаштарды жакшыртуу, саясий кызматташтыкты жакшыртуудан башталып, негизинен эки өлкө ортосундагы такталбаган чег ара тилкелерин делимитация жана демаркациялоо иштерин жандандырып, 2021-жылдын 16-мартында Согди облусунун Гулистан шаарында эки тараптын тиешелүү жумушчу топторунун жолугушуусу пландалган.

Ошону менен бирге эле жакынкы аралыкта эки өлкө ортосундагы Өкмөттөр аралык кыргызөтажик комиссиясынын 17-жыйынын өткөрүү маселесине да токтолушканы айтылат.

Түркиянын тышкы иштер министри Бишкекке келди

Бишкек. 10.03.21 informator.kg  Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий иш сапары менен кыргызстанга келди. Бул тууралуу КРнын ТИМинен билдиришти.

Андагы маалыматка караганда, ал кыргыз-түрк маселелери боюнча бир канча жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен бирге эки өлкөнүнү биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 4-жыйынына катышат. Ошону менен бирге эле өлкө жетекчилиги менен жолугушаары да күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаров да Кытай менен Тажикстанга болгон иш сапарынан кийин Түркияга сапар алаары айтылып келет.

“Газпром” Кыргызстанда чыгашага учуроодо. ЖКда баа маселеси каралып жатат

Бишкек. 09.03.21 informator.kg  “Газпром” компаниясы Кыргызстанда чыгашага учурап, чыгымды Орусия тарап жабууда. Бул маалыматты бүгүн ЖКнын профилдик комитетинин жыйынында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы газдын баасы анчалык кымбат эмес жана 6 жылдан бери компания Кыргызстанга газ сатуудан 5, 5 миллиард рубль чыгым тартканга аргасыз болгон.

«Бир да тыйын киреше жок. Бирок, Орусия тарап өзүнүн милдеттемесин аткарып жатат”,-деди ал.

“Андай болсо компания Кыргызстандан кетсин, биз Түркмөкнстан менен Өзбекстандан газ ала алабыз. “Газпром” Кыргызстан үчүн эмес, өзүнүн продукциясын сатуу үчүн инвестиция кылып жатат да”,-деди депутат Бейшенаалы Нурдинов.

 Эске сала кетсек,  “Газпром” компаниясы газ боюнча Кыргызстандагы монополист ишкана.

ЖКнын депутаты Б. Нурдинов Өзбекстандан мунайдын акчасын доолады

Бишкек. 09.03.21 informator.kg  Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенаалы Нурдинов Өзбекстандан Кыргызстандын аймагынан чыккан чийки мунайдын акчасын доолады. Тагыраагы, парламенттин отун-энергетика комплекси комитетинин жыйынында депутат Өзбекстан Кыргызстандын аймагындагы Түндүк Сох жана Чоңкара-Галча чийки мунай чыгуучу жерлерди азыркы убакытка чейин 30 жыл бою коңшулар иштетип, бирок, бир тыйын төлөбөй келе жатканына ачууланды.

“Кыргызстан күйүүчү-майлоо каражаттар боюнча көз карандылыктан чыга албай келет. А биздин мунай кендерибизди коңшу мамлекеттер пайдаланышууда. Эмне үчүн ошол жерлерди эмдигиче өзүбүзгө албай жатасыңар? Өзбекстан кыргыз нефтиси үчүн төлөп берсин. Жок дегенде түтүктөрдү колдонгону үчүн акча алгыла!”,-деди эл өкүлү.

Бирок, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү ал жакта чийки мунай жок калгандыгын экендигин айтып жооп кайтарды.

Өзбекстан Кыргызстанга 50 млн. АКШ долларын бөлөт

Бишкек. 09.03.21 informator.kg  Өзбекстан өкмөтү Кыргызстанга ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 50 млн. АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу бүгүн ЖКнын экономикалык жана фискалдык саяскат комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Анда комитеттин мүчөлөрү Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүүү боюнча келишимдин ратификациялоону колдоп беришти. Анда фонго каражатты Өзбекстан тарап салып, ал эми башкаруу боюнча директорлор кеңешин 5 адам башкарат. Алардын үчөө-өзбекстандыктар жана экөө-кыргызстандыктар болмокчу.

Эске сала кетсек, аталган фондду түзүү мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун Ташкентке жасаган иш сапарынан кийин демилгеленген бирок, азыркы президенттин Өзбекстанга сапары алдында ратификациялоо ишке ашырылып жатат.

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга барат

Бишкек. 09.03.21 informator.kg  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12- март күндөрү коңшулдаш Өзбекстанда иш сапарында болот. Бул тууралуу КР ТИМ министри Руслан Казакбаев билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, өлкө башчы өзбек президенти Шавкат Мирзеев баштаган расмий адамдар менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы карым-катнашты жандандандыруу, соода-сатык иштерин күчөтүү, өкмөттөр аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча документтерге кол коет.

Бул Президенттин Орусия менен Казакстандан кийинки расмий 3-иш сапары.

Раиса Атамбаева Москвада Кыргызстандагы балдардын саламаттыгы боюнча доклад жасайт

Бишкек. 03.03.21 informator.kg  Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Маскөөгө бара жатат Ал Орусиянын борбор шаарында эл аралык педиатрлардын конгрессине катышат. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашкан.

Анда Раиса Атамбаеваны Орусиянын педиатрлар союзунун төрайымы, Россия Медицина Илимдер Академиясынын академиги Лейла Намазова-Баранова өзү чакыруу жибергени, конгрессте биздин дарыгер-окутуучу Кыргызстандагы балдардын саламаттыгы боюнча доклад жасай турганы айтылган.

Эске сала кетсек, Раиса Атамбаева медицина илимдерини доктору

Казакстанга аттанган президентти кимдер коштоп кетти?

Бишкек. 02. 03. 21.informator.kg  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапар менен Казакстан Республикасына кетти.

Нур-Султан шаарында Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев;

– коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

 — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.