Дүйнөдө

Дүйнөдө

Дүйнөдө COVID илдетин кайрадан жуктуруп алгандардын арасында биринчи жолу өлүм катталды

13-октябрь 2020/informator.kg- Дүйнөдө COVID илдетин кайрадан жуктуруп алгандардын арасында биринчи жолу өлүм катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Нидерландыда 89 жаштагы аял COVID-19 инфекциясын кайрадан жуктуруп алып каза болду. Жыл башында ал дене табы көтөрүлүп, катуу жөтөлүп ооруканага кайрылган. Бейтап коронавирустук анализден өтүп, жыйынтыгында илдеттин белгилери байкалган. Аял ооруканада беш күн жатып, алсырабай өзүн жакшы сезип калганда үйүнө чыгарылган. Андан 2 ай өтпөй кайрадан дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, деми кысылып, өзүн начар сезе баштаганда ооруканага жаткырылган. Бейтап COVID-19 инфекциясына карата тест тапшырганда илдет бар болуп чыккан. 8 күндөн кийин аялдын абалы начарлап кеткен, 2 аптадан кийин, тилекке каршы, аял каза болуп калды. Илимпоздор эки анализди салыштырып, жыйынтыгында маркум коронавирус инфекциясын кайрадан жуктуруп алгандыгы тастыкталган.

Коронавирус ашыкча салмагы бар адамдар үчүн канчалык кооптуу?

12-октябрь 2020/informator.kg- Ашыкча салмагы бар адамдар коронавируска кабылса каза болуу ыктымалдыгы 48 пайызга жогорулайт. Мындай тыянакты Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Салагай билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, мындай пикир бүгүнкү турмушта жүргүзүлгөн изилдөөлөргө негизделет. “400 миңдей бейтапка жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус жуктурган семиз адамдар ооруканага түшүп калуу ыктымалдыгы 113 пайыз, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калуу ыктымалдыгы 74 пайыз. Ал эми 48 пайызында каза болуу ыктымалдыгы бар”, — деп айтылат маалыматта.

Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 7 миллиондон ашты

12-октябрь 2020/informator.kg-Индияда табылган коронавирустук оорулардын саны күнүнө көбөйүүдө. Жалпы оорулардын саны 7,12 миллиондон ашканын Индиянын Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөлүк бакубатчылык министрлиги билдирет. Индия коронавирус менен ооругандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Көпчүлүк учурларда Америка Кошмо Штаттарында 7,76 миллион адамдан коронавирус табылган.

Тажикстандагы президенттик шайлоодо Эмомали Рахмон жеңишке жетти

12-октябрь 2020/informator.kg- Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыкканын РИА Новости билдирди. Республикалык Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын 90,92% Рахмон үчүн добуш берди. Акыркы маалыматтарга караганда, президенттик шайлоого шайлоочулардын 85,39% катышты. Бирок добуш берүү бир күн мурун, шайлоочулардын 70% босогосун аттап өткөндө өттү деп таанылды.

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 37 миллионго жетти

11-октябрь 2020/informator.kg-

Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 11-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 37 миллион 93 миң 412 болду. Анын ичинен 25 миллион 764 миң 201 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 71 миң 460 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 716 миң 659 адамдан коронавирус аныкталды. 214 миң 366 адам каза болсо, 3 миллион 62 миң 983 бейтап айыгып чыкты. Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 979 миң 423 адамдан аныкталды. 107 миң 416 адам каза болсо, 5 миллион 988 миң 822 бейтап айыкты. Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 55 миң 888 адам вируска кабылган. 149 миң 639 бейтап көз жумса, 4 миллион 502 миң 854 бейтап оорудан сакайды. Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тажикстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

11-октябрь 2020/informator.kg- Бүгүн Тажикстанда президенттик шайлоо башталып, өлкөдө 3 414 добуш берүү участогу ачылды. Бул шайлоо көз карандысыз Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо болуп саналат. Тажикстанда президенттике беш талапкер ат салышууда. Алар: Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев. Шайлоонун жүрүшүнө ЕККУ, КМШ жана ШКУ уюмдарынан келген эл аралык байкоочулар көз салып турат. Бул жолку шайлоону Тажистандын Борбордук шайлоо комсиссиясы убактысынан бир ай мурда белгилеген. Анда дүйнөнүн 29 өлкөсүндө жүргөн тажикстандыктар дагы добуш бере алат.

Америкада 12 жаштагы бала атомдук реакторду жаратып “Гиннесстин рекорддор китебине” кирди

9-октябрь 2020/informator.kg- Американын Теннесси штатында 12 жаштагы бала өз алдынча иштеп жаткан атомдук реакторду үйүндө чогултуп “Гиннесстин рекорддор китебине” кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 12 жаштагы Жексон Освальт эки жыл атомдук реакторду чогултуп, рекордду жаңырткан эң жаш адам наамын алды. Ал бардык жумуштарды өз алдынча үйүндө ишке ашырганын ырастаган. “Долбоор абдан оор болду. Эң кыйын жери герметикалык изоляцияны кантип жасоону билүү болду. Муну туура жолго салууга жарым жылдай убакыт жумшадым”, – деген Жексон Освальт.
Освальттын долбоорун ата-энеси колдогон жана алар баласынын ийгиликтүү ишине кубанганын айтышат.

Футболчу Криштиану Роналдунун үйүн белгисиз адамдар тоноп кетишти

9-октябрь 2020/informator.kg- Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун үйүн белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Окуя 7-октябрь күнү эртең менен болгон. Уурдалган буюмдардын арасында “Турин” командасынын футболчусунун кол тамгасы түшүрүлгөн футболка болгон. Маалыматта үйдөн дагы эмнелер уурдалгандыгы тууралуу айтылган эмес. Жергиликтүү полиция тергөө ишин баштады. Укук коргоо кызматкерлери видео байкоо аркылуу мыйзам бузуучуну так көрсөткөн жазууларды изилдеп чыгышкан. Бул иш боюнча азырынча шектүү кармала элек.

Кытайда XIV кылымда тартылган сүрөт аукциондо 41 миллион 800 миң долларга сатылды

9-октябрь 2020/informator.kg-

Кытайдын Гонконг шаарында 700 жыл мурун түрмөктөлгөн кагазга тартылган “5 мас абалындагы ханзаада ат менен үйүнө кайтып келишти” деген аталыштагы сүрөт аукционго коюлуп, 41 миллион 800 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, эки метрлик сүрөттү XIV кылымда белгилүү кытай сүрөтчүсү Рен Ренфа тарткан. Анын көпчүлүк чыгармалары (бардыгы болуп 21 полотно тарткан) музейлерде жана жеке коллекцияларда сакталат.Түрмөктө императордук коллекциялардын бир бөлүгү болгон жана анда бир нече башкаруучулардын мөөрү басылган. Лоттун баштапкы баасы 10 миллиондон 15 миллион 500 миң долларга чейин болгон. Түрмөктө ат үстүндөгү беш төрө жана алардын төрт кызматкери чагылдырылган.

Түштүк Кореяда 33 кабаттуу имарат өрттөндү

9-октябрь 2020/informator.kg- Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Ульсан шаарында 33 кабаттуу имарат өрттөндү. Бул тууралуу «Йонхап» агенттиги жазды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо имараттын дээрлик бардык кабаттары күйүп жаткандыгын көрүүгө болот. Маалымат боюнча, өрт 8-октябрда саат 23:00 чамасында башталган. Түнкүсүн катуу шамалдан улам аны өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Өрт өчүрүү кызматы агенттикке билдиргендей, 88 адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Имаратка капталган алюминийден жасалган курама панелдер мезгил-мезгили менен өрттөнүп жаткандыктан, өрттү өчүрүүгө мүмкүн эместигин кошумчалашты