Дүйнөдө

Дүйнөдө

Бүгүн Украинада Президент Зеленский ант берет

Бишкек. 20.05. 19. informator.kg   Бүгүн, Украинанын борбору Киевде жаңы шайланган президент Владимир Зеленский ант берип, ишине киришет. Буга байланыштуу, кечээ ал Facebook баракчасы аркылуу борбор шаардын тургундарынан кечирим сураган.

“Сиздер билесиздер, инаугурация 20-майга белгиленген. Эсиңиздерде болсо биз киевдиктерге түйшүк жана тыгын жаратпаш үчүн унаугурацияны 19-майга, дем алыш күнгө коюну талап кылганбыз. Бирок, Рада ушундай деп добуш берип койду, кимге даттана алабыз. Ушуга байланыштуу чет элдик коноктор жетишээрлик көп келип, Киевдин белгилүү бөлүгүндөгү жолду жабууга туура келет. Кечиргиле, суранам, дагы бир жолу кечиргиле, Жогорку Раданы. Рада бизге ыңгайсыздык жаратты, биз аларга жаратабыз, убада кылам»,-дейт ал. 

 Белгилүү болгондой, жаңы Президенттин ант берүү аземине Латвия, Литва, Эстония, Грузия  жана Венгриянын Президенттери, Тңркиянын вице-президенти, Молдовиянын премьер-министри Белорусия, Румыния, Словакия жана Болгариянын вице-премьерлери, АКШнын энергетика министри, Канаданын коргоо министри, Франциянын Европа маселелери боюнча министри, Польшанын ТИМ министри жана башка 40тан ашык жогорку даражалуу коноктор катышмакчы.

Бельгияда сакал жана мурут чемпионаты өтүүдө

21.05.19 informator.kg   Дүйнөнүн жүздөгөн сакалчан жана мурутчан эркектери Бельгиянын Антверпенинде, сакал жана мурут дүйнө чемпионатына (World Beard and Moustache Championships) чогулушту.

Катышуучулар негизги үч категорияда жарышмакчы – мурут, жарым-жартылай сакал жана толук сакал. Ар бир категория ичинде кошумча түркүмдөр бар. Дүйнөлүк чемпионат үч күн бою уланмакчы.

Конкурс алгач 2001-жылы уюштурулуп, эки жылда бир ар кайсы өлкөлөрдө болуп турат.

Google эми иштебейт

21.05.19 informator.kg  Америкалык IT-гигант Google, Кытай Эл Республикасынын эң чоң мобилдик өндүрүүчүсү Huawei менен алакасын токтотту. Мындан улам, кытайлык гаджеттин ээлери Android операциялык системасында жаңылоону жүргүзө албайт. Бирок, эски орнотулган тиркемелер иштей бермекчи, ал эми жаңы өндүрүштөн чыккан гаджеттерде  Google жана Gmail иштебейт.

АКШ бийлиги, кытайлык компанияны улуттук коопсуздукка коркунуч жаратуучулардын кара тизмесине киргизди.

Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Британиянын Brexit партиясынын лидерине коктейль ыргытылды

22.05.2019 informator.kg Британиянын ЕБден чыгуусун каалаган Brexit Party нин лидери Найджел Фараж, Ньюкасл шаарында сөз сүйлөп жатканда, топтолгон эл арасынан анын сөзүнө нааразычылык белгисинде, сүт коктейли ыргытылган.  

Маалыматты The Gardian газетасы жазып чыккан.

Найджел Фараж: “Өкүнүчтүү, Британиянын ЕБден чыгуусун каалабагандардын радикалдуу кадамдарга барганы. Демократия иштеш үчүн утулган тарап, жеңилгендигин кабыл алыш керек!”, – деп Twitter аркылуу кайрылуу жасады.

Көп өтпөй британиялык полиция, мыйзам бузган 32 жаштагы Пол Кроутер атуу жаранды кармаган.

“Мындай адамдарга нааразычылыгымды билдирүү – менени  укугум”, – деп журналистерге жооп берди Пол Кроутер.

НАТО Орусияны Крымдан аскердик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырды

23.0519. informator.kg

НАТО аскердик комитетинин төрагасы Стюарт Пич альянстын Брюсселдеги жыйынында Крымдын Орусияга кошулушу “аннексия” экендигин баса белгиледи.

“Түшүнүктүү болуш үчүн, НАТО эч качан макул болбойт, Крым Орусия тарабынан аннексияланган жана биз Орусия өз аскердик күчтөрүн Крымдан чыгарып кетүүгө, чакырууну улантабыз”,  – деп белгиледи Пич.

Өзбекстанда Volkswagen автоунаасы чыга баштайт

29.05.19 informator.kg Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгара баштайт. 28-майда Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бир катар келишимдерге кол коюшту.

Мындан тышкары тараптар маалымат коосуздугун сактоо, уулуу газдардын абага тарашын төмөндөтүү келишимдерине кол коюшту. Өзбекстан Илимдер академиясы менен Германиянын «Integra GmbH» жана «Vamed Engineering GmbH» компаниялары Ташкентте өзөктүк медицина жана нур терапиясын түзүү боюнча макулдашты.

29-майда Германия президенти жубайы менен бирге Ургенч мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп, Хиванын тарыхый жайларын кыдырышат.

Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 2018-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.

Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапар менен Өзбекстанга 27-майда келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Microsoft Excel ге валюталык опция катары Биткоинди киргизет

30.05.19. informator.kg Күндөн-күнгө криптовалютанын папулярдуулугу өсүп келүүдө. Андыктан, белгилүү дүйнөлүк компаниялар да, дүйнөлүк тенденция менен биргеликте иш алпарууну көздөп тургандыгы белгилүү. Мындай компаниялардын бири Microsoft, жакында эле өзүнүн Excel электрондук таблицалар программасына валюталык опция катары Биткоинду киргизе тургандыгын жарыялады.

Криптовалюта өзүнүн ийгиликтүү жолунда, дагы бир топ маанилүү кадамдарды жасай алды, алар:

Биткоинду дүйнөлүк атактуулар (ырчылар жана Дүйнө Мисстери) колдошуп, криптовалютанын колдонулушуна жана анын топтолуп турушуна кызыктар.  

Биткоин акырындык менен адам баласынын күнүмдүк турмушуна кирип, жадагалса Starbucks өз төлөмдөр түрүнө популярдуу криптовалютаны колдонууну жарыялады.

Биткоин киномотография жаатында да жаңылыктарды киргизүүдө, жакында белгилүү актёр Курт Рассел катышкан «Крипто» тасмасынын триллери чыкмакчы.

Ким Чен Ын өз дипломаттарын өлүм жазасына тартты

02.06.19informator.kg КЭДР лидери Ким Чен Ындын буйругу менен Пхеньяндын США боюнча иш алпарган төрагасы Ким Хек Чхоль өлүм жазасына тартылган. Мындай маалыматты Түштүк Корея гезити Chosun Ilbo жарыялады.

Ким Хек Чхоль жана төрт башка дипломаттар өлкөгө чыккынчылык кылгандыгы жана АКШнын чалгынчылары катары күнөөлүү табылып, Пхеньяндан алыс эмес жайгашкан “Мирим” аэродомунда өлүм жазасына тартылган.

КЭДР лидеринин мындай чечиминин негизги себеби катары, АКШ президенти Д. Трамп менен Ким Чен Ындын Вьетнамдагы сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз болгондугуна байланыштуу деп берилет гезитте.

Улуу Британияда 5G тармагы иштелип чыкты.

04.06.19 informator.kg Улуу Британияда 5G тармагы иштелип чыкты. Аталган мамлекетте EE мобилдик оператору 5-муундагы мобилдик тармакты биринчи киргизди.

Жаңы муундагы байланыш беш ири шаарда, Лондон, Эдинбург жана Манчестерде тартат. Жылдын аягында 5G 10 шаарга берилет.

Белгиленген бешинчи муундагы уюлдук тармакты Швейцария жана башка чакан мамлекеттер киргизген. Ал эми Европада Улуу Британия жаңы стандарттагы байланышты биринчи киргизгендерден болот. Ошол эле мезгилде 5G-тармагы АКШ жана Түштүк Корея сыяктуу Азианын айрым мамлекеттеринде бар. Кытай жана Японияда 5G азырынча кире элек.

05.06.19 informator.kg Эми америкалык виза алуу үчүн документтерди тапшырууда, социалдык тармактагы аккаунттарды көрсөтүү талабы коюлду. Эгер алар жабык болсо, элчиликтин кызматкерлерине аны ачып берүүгө мажбурсуң. Визага тапшыруудагы жаңы процесс, өткөн аптанын жума күнүнөн тарта иштеп баштаган.

Туристтик, студенттик, жумуш визаларын алууну каалагандар, алгач социалдык тармактагы 5 жыл ичинде колдонулган аккаунттарын көрсөтүүгө мажбур.

Виза берүү кызматкерлери, адамдын сүрөттөрүн, кайсы жерлерге баргандыгын жана маанилүү даталарды текшерүүгө алат.

Социалдык тармактагы аккаунттарды текшерүү демилгеси, АКШ президенти Дональд Трампка тиешелүү.