Дүйнөдө

Дүйнөдө

Дональд Трамп Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмун айыптап чыкты

Бишкек 8.04.20. informator.kg  АКШнын Президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун Кытайга көбүрөөк ыктап алгандыгын Твиттерине жазып, айып койду.

Анда ал “аталган уюм негизинен АКШдан каржыланаарын, бирок, пандемия маселесинде көбүрөөк Кытайга ыктап жатканын, бул мындан ары эске алынаарын” кыйыткан. Ошону менен бирге ал Саламатыкты Сактоо Уюму пандемия башталган учурда  Кытайдан жүргүнчүлөрдү кабыл алууну токтотууну сунуш кылбаганын айтты.

Эске сала кетсек ушу кезде дүйнөдө 1,4 млн. адам коронавирус илдетине чалдыкса, АКШда ооругандардын саны 400 миңден ашты.

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык коронавирус жуктурган

Бишкек 27.03.20 informator.kg  Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алганы аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришет.

“Алардын ичинен:

  • Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Аравиясынын Жидда шаарына барып келген);
  • Пакистанда – 3 жаран;
  • Испанияда – 1 жаран.

Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, – коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Эске сала кетсек, өлкөдө бүгхн аталган вирусту жуктурган дагы 14 адам аныкталып, жалпысы саны 58ге жетти.

Карабахтагы чырда Азербайжандын үч миңден ашык аскери каза болгону айтылууда

3-октябрь 2020/informator/kg-

Тоолуу Карабахтагы куралдуу согуштун жүрүндө азербайжан армиясы 3 минден ашык аскерин жоготкон. Бул тууралуу өзүн эгемен деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын президентинин пресс-катчысы Ваграм Погосян фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты. Анын айтымында, каза болгондордун көпчүлүгү нейтралдуу зонада болгондуктан, алардын сөөктөрү ошол жерде калууда. Бирок бул маалыматты Азербайжан тарап ырастай элек. Буга чейин Азербайжандын Коргоо министри Тоолуу Карабахтагы армяндын күч түзүмдөрү ири жоготууга учураганын маалымдаган болчу. Эки тарап тең өзүндөгү жоготууларды азайтып айтып, каршы тарапты көбүрөөк жоготууга учурап жатканын билдирип жатышат. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минсктеги тобу каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алып чыгуу үчүн гуманитардык келишим түзүүнү сунуштаган. Эл аралык коомчулуктун ок чыгарууну токтотуу боюнча чакырыктарына карабастан, Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахтагы салгылашуусун улантууда.

«Siena Awards» жылдын мыкты сүрөтүн аныктады

10-ноябрь 2020/informator.kg- Франциянын океан фотографы Грег Лекердин эмгеги «Siena International Photo Awards-2020» эл аралык сүрөт сынагында «Жылдын мыкты сүрөтү» аталды. «Siena International Photo Awards» (SIPA) Эл аралык сүрөт сынагы 2015-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ага курамына белгилүү фотограф, редактор, сүрөт жыйноочулар кирген эксперттер тобу баа берет. Бул жылы эскперттерге 156 өлкөдөн 48 миң сүрөт келип түшкөн. Калыстар тобу алардын ичинен 18 сүрөттү тандап алган. Сыйлыкка ээ болгон жапайы табият жана океан фотографы Лекер бул сүрөтүн Антарктидада тарткан. Ал океандардын экологиялык жактан коргоого муктаждыгын көрсөтүп, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган илимий долбоорлорго ар дайым катышып келет.

Японцы получили разрешение скрестить эмбрион человека и животного

02.082019 – informator.kg Ученые давно проводят эксперименты по выведению различных гибридных видов животных. Как правило, это относится к лабораторным животным, опыты над которыми необходимы для получения видов с новыми свойствами, для испытания различных препаратов и так далее. При этом гибридизация происходит, как правило, в пределах одного вида. То есть крысы одного вида скрещиваются с крысами другого вида. Куда реже скрещивают разные виды (самый известный пример — мул, гибрид осла и лошади). И совсем редко экспериментируют с эмбрионами животных и человека. Однако совсем скоро это будут делать японские ученые. Они даже получили на это соответствующее разрешение.

Для начала стоит отметить, что до марта 2019 года имелся частичный запрет на подобного рода эксперименты, однако, как вы понимаете, он был снят. Первым исследователем, которому удалось получить разрешение на выведение гибридов, стал японец Хиромицу Накаути. Он планирует выращивать человеческие клетки в эмбрионах мышей и крыс, а затем трансплантировать эти эмбрионы в суррогатных животных для дальнейшего наблюдения.

Зачем создавать гибриды человека и животных? Господин Накагути говорит, что планирует действовать медленно и не будет пытаться сразу добиваться рождения гибридных животных. Первоначально он планирует выращивать гибридные эмбрионы мышей до срока в 14,5 дней, когда органы животного уже сформируются. Такие же эксперименты будут проводиться и на крысах, но их гибриды будут расти чуть дольше — 15,5 дней. Позже Накаути планирует подать заявку на получение разрешения на выращивание гибридных эмбрионов у свиней сроком до 70 дней.

Так зачем же все это нужно? На самом деле звучит причина довольно логично: конечной целью Накаучи является производство животных с органами из человеческих клеток, которые, в конечном счете, можно пересадить людям. Таким образом, в перспективе можно будет выращивать ткани, органы, а возможно и целые системы органов для того, чтобы путем трансплантации спасти множество человеческих жизней.

“NASA” аэрокосмостук компаниясы Айга биринчи жолу аял астронавтты жөнөтөт

25-сентябрь 2020/informator/kg-

АКШдагы аэрокосмостук компания “NASA” 2024-жылы Айга адамдарды жөнөтмөкчү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, экипаж 2 астронавттан – эркек жана аялдан турары айтылган. Биринчи аял астронавт учурулуп, андан соң кийинки астронавт жөнөтүлөт. “NASA “Артемида-3” космостук программасын ишке ашыруу үчүн 28 миллиард доллар бөлөрү белгилүү болду. Ал эми астронавттар “Орион” космос кемесинде учушат“, – деп айтылат маалыматта.

Коронавирустан улам Өзбекстан Кыргызстанга гумжардам жөнөттү

Бишкек 3.04.20. informator.kg  Кечээ, 2-апрелде коронавирус илдетининен улам Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Маалыматта Өзбекстандан гумжардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу кийимдери, 95 респиратор, 20 миң мээлей, 500 көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы келгени, аны коңшулар 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөп жөнөткөнүү айтылат.

Өзбекстандан келген гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлүп, мамлекеттик мекемелердин макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана коронавируска каршы иштеп жаткан кызматкерлерге таратылмакчы.

Жүк жетээри менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирген

“Аватар-2” тасмасы 2022-жылы көрсөтүлөрү айтылды

1-октябрь 2020/informator.kg-

“Аватар-2” кинотасмасын тартуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу тасманын режиссёру Жеймс Кэмерон маалымат булактарына билдирген. “Биз тасманын экинчи бөлүгүн тартуу иштеринин 100 пайызын, үчүнчү бөлүктүн 95 пайызын аткардык. Фильмдин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнүн уландысында башкы каармандар Жейк менен Нейтиринин 8 жаштагы кызы болот. Жаңы кинодогу негизги көрүнүштөрдүн бири баланын көз карашы менен көрсөтүлгөн ата-энелердин ортосундагы чырдын эпизоду болот”, – деген режиссёр. Жеймс Кэмерондун айтымында, тасманы тартуу иштери коронавирус пандемиясынын кесепетинен үзгүлтүккө учураган. Мындан улам кинотасманын премьерасы 2022-жылдын 16-декабрына жылдырылганы айтылат маалыматта. Фантастикалык драма жанрындагы “Аватар” тасмасы 2009-жылы чыгып, бюджети 237 миллион долларды түзгөн. Тасма дүйнө жүзү боюнча кинотеатрларда 2,7 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.

09.06.19 informator.kg Казакстанда Президенттик шайлоодогу бийликтин аракеттерине каршы митингдер массалык түргө айланууда. Бул боюнча, соцтармактардагы тасмалардан көрүүгө болот. Анда полиция кызматкерлери Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарларында нааразы элдерди четинен кармап жатканы тартылган…

Казахстан.

Опубликовано БеспределKG Воскресенье, 9 июня 2019 г.

“Твиттер” Кытайга тиешеси бар миңдеген баракчаларды жапты

Men are silhouetted against a video screen with an Twitter logo as he poses with an Samsung S4 smartphone in this photo illustration taken in the central Bosnian town of Zenica, August 14, 2013. REUTERS/Dado Ruvic (BOSNIA AND HERZEGOVINA - Tags: BUSINESS TELECOMS)

12-июнь 2020/informator.kg-

Твиттер” социалдык түйүнү он миңдеген баракчаларды, алардын ичинде Кытай, Орусия жана Түркиянын пропагандалык аракеттерине байланышы бар аккаунттарды жапканын билдирди.Компаниянын 11-июндагы маалыматына ылайык, мамлекетке байланышы бар кытайлык пропаганда түйүнү башкарган 23 750 баракча жана алардын жазгандарын жайылткан 150 миңдей аккаунт жок кылынды.
Бул баракчалар Гонконгдогу демонстрациялар жана коронавирус тууралуу бөлүшкөн маалыматтар Кытай өкмөтүнүн кызыкчылыктарына иштеп жатканы кабарланды. Ошондой эле орус өкмөтүнө байланышы бар 1152 шектүү аккаунт жана түркиялык 7340 баракча да жабылган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хуа Чуньин 12-июнда “Твиттердин” чечимине жооп кайтарып, социалдык түйүн бурмаланган маалыматтарга каршы күрөшүүнү көздөсө, Кытайды жамандаган баракчаларды да жабышы керектигин айтты.