Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 2

Армения-Азербайжан кагылышуусу кайрадан күчөдү

8-октябрь 2020/informator.kg- Бүгүн Карабахтагы байланыш линиясынын түндүк жана түштүк багыттарында салгылашуу кайрадан башталды. Бул тууралуу Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясы социалдык тармактагы баракчасына жазган. “Учурда согуштук аракеттер түндүк жана түштүк багыттарда кайрадан жанданды. Коргоо армиянын бөлүктөрү кырдаалды ишенимдүү көзөмөлдөөнү жана душмандын аракетин басууну улантууда”, – деп жазылган билдирүүдө. Өз кезегинде Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян саат болжол менен 10:10до (Бишкек убактысы боюнча 12:10) Азербайжандын эки пилотсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирген. Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.

Орусияда сутка ичинде 11 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

8-октябрь 2020/informator.kg-

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 11 миң 493 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 191 адам каза болсо, 7 миң 54 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда. Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында – 3323 (айыккандар 1341);

Санкт-Петербург – 461 (айыккандар 231);

Москва облусунда – 433 (айыккандар 235);

Ростов облусунда – 261 (айыккандар 249) адам жана калгандары башка аймактардан. Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 260 миң 112 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 22 миң 56 адам каза болсо, 1 миллион 2 миң 129 бейтап айыгып чыкты.

АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизгени жатат

8-октябрь 2020/informator.kg-

«Америка Кошмо Штаттары Ирандын каржы тармагына жаңы санкцияларды киргизгени жатат», — деп жазды «Washington Post» гезити кырдаал менен тааныш үч булакка шилтеме берип. Маалыматка ылайык, Ирандын каржы тармагына каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын чечими буга чейин АКШнын кошумча санкцияларына туш болбогон бир нече банктарга таасир этет. Чектөө чараларынын жаңы планы бүгүн, бейшемби күнү жарыяланышы мүмкүн. Буга чейин АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШ Ирандын Коргоо министрлигине каршы санкцияларды киргизип жатканын билдирген. Жарлыкка кол коюлду, ага ылайык АКШ Иранга каршы бир тараптуу санкцияларды киргизип, курал-жаракка чектөөсүн (эмбарго) калыбына келтирет.

Беларусияда миңдеген киши саясий туткундарды колдоп акцияга чыгышты

5-октябрь 2020/informanor.kg-

Беларустун башкалаасы Минск шаарында 4-октябрда Александр Лукашенконун бийлигине каршы акциялар уланды. Анын катышуучулары бийликке каршы буга чейинки нааразылык акцияларында камакка алынгандарды, саясий негизде абакта отургандарды бошотууну талап кылышты. Оппозициялык маанайдагы “Nexta” каналы акцияга 100 000дей киши катышканын, полиция аларды кууп-таратуу үчүн суу бүркүүчү техникаларды колдонгону кабарлады. Күч органдары Минскинин борборун курчап, айрым метростанциялары жабылганы, шаардын бул бөлүгүнө баруу элге кыйынчылык жаратканы кабарланды. Акциялар Брест, Гродно, Гомель, Могилев жана башка шаарларда да өттү. “Весна” укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, өлкө боюнча акцияга чыккан 200дөн ашык киши кармалды. Окуяларды чагылдырып жүргөн 17 журналист да кармалып, анын он экиси полиция документтерин текшергенден кийин кое берилген. Беларуста бийликке каршы акциялар президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан бери токтой элек.

«Kenzo» брендинин негиздөөчүсү COVID-19дан көз жумду

5-октябрь 2020/informator.kg-

Япониялык модельер, дүйнөгө белгилүү «Kenzo» брендинин негиздөөчүсү Кендзо Такада 82 жашында Франциянын борбору Парижде коронавирустан көз жумду. Дизайнердин үй-бүлөсүнүн айтымында, ал 4-октябрда Нойли-Сюр-Сейндеги ооруканада каза тапкан. «Биздин негиздөөчүбүз Кендзонун каза болгондугу жөнүндө кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдык», — деп айтылат мода үйүнүн билдирүүсүндө. Ошондой эле билдирүүдө Кендзо ойлоп таап, өндүрүшкө киргизген бул бренд жарым кылымдан бери мода тармагынын символдорунун бири катары сакталып, ар дайым дүйнө жүзүнө чыгармачылык түс алып келгендиги баса белгиленген. Кендзо Такада 1939-жылы Япониянын түндүгүндөгү Химедзиде төрөлүп, 1965-жылы Парижге көчүп келген. 1970-жылдары ал өз брендин негиздеген. 1988-жылы аталган бренд биринчи атыр линиясын чыгарган. 1993-жылы «Kenzo» соода маркасын дүйнөдөгү эң кымбат баалуу товарларды чыгаруучу «Louis Vuitton» өндүрүштүк компаниясы сатып алган.

Коронавирус жуктурган Дональд Трамп аскер госпиталына которулду

3-октябрь 2020/informator/kg-

Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу аскер госпиталына келер алдында видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, АКШ лидери отурган тик учак оорукананын алдындагы Уолтер Рид айдыңына келип конгон. Трамп “Twitter” баракчасына госпиталга бара жаткандыгын тастыктаган видео постун жарыялады. “Менде баары жакшы болот деп ойлоп турам. Бардыгы жакшы болоруна ишениш керек“, – деген Трамп. Буга чейин, 2-октябрда АКШнын президенти тест тапшырганда коронавирус чыкканы маалым болгон. Өзү менен кошо аялы Мелания Трамп да ооруп, экөө тең дароо карантинге кетишкен. Президенттин катышуусундагы шайлоо алдындагы бардык иш-чаралар кийинкиге жылдырылып же онлайн-форматка өткөрүү чечими кабыл алынган.

Карабахтагы чырда Азербайжандын үч миңден ашык аскери каза болгону айтылууда

3-октябрь 2020/informator/kg-

Тоолуу Карабахтагы куралдуу согуштун жүрүндө азербайжан армиясы 3 минден ашык аскерин жоготкон. Бул тууралуу өзүн эгемен деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын президентинин пресс-катчысы Ваграм Погосян фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты. Анын айтымында, каза болгондордун көпчүлүгү нейтралдуу зонада болгондуктан, алардын сөөктөрү ошол жерде калууда. Бирок бул маалыматты Азербайжан тарап ырастай элек. Буга чейин Азербайжандын Коргоо министри Тоолуу Карабахтагы армяндын күч түзүмдөрү ири жоготууга учураганын маалымдаган болчу. Эки тарап тең өзүндөгү жоготууларды азайтып айтып, каршы тарапты көбүрөөк жоготууга учурап жатканын билдирип жатышат. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минсктеги тобу каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алып чыгуу үчүн гуманитардык келишим түзүүнү сунуштаган. Эл аралык коомчулуктун ок чыгарууну токтотуу боюнча чакырыктарына карабастан, Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахтагы салгылашуусун улантууда.

Трамп айрым өлкөлөр менен мамилесин чектөө тууралуу жарлыкка кол койду

2-октябрь 2020/informator.kg-

Доналд Трамптын жарлыгына ылайык Бурунди, Кытай, Куба, Түндүк Корея, Иран, Никарагуа, Орусия жана Сирия мамлекеттерине гумантиардык эмес, соодага байланышпаган жардамдар берилбейт. Бул өлкөлөргө чектөөлөр адам сатууга каршы алгылыктуу иш алып барган жок деген жүйө менен киргизилди. Мындан тышкары жарлыкта АКШнын Эл аралык валюта фондундагы жана башка бир катар өнүктүрүү банктарындагы өкүлдөрүнө аталган өлкөлөргө насыя акча берүүгө каршы чыгуу керектиги айтылган. Ошол эле учурда АКШ коронавируска жана Эболага каршы күрөшүү программасынын негизинде чегинүүлөр болорун, адам сатууга каршы долбоорлор каржыланарын билдирүүдө.

Азербайжан-Армения кагылышуусу. Согуш барган сайын күчөп жатат

2-октябрь 2020/informator.kg-

Тоолуу Карабахтагы Азербайжан-Армения кагылышуусу бүтүндөй байланыш линиясы боюнча жанданды. Бул тууралуу Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясынын басма сөз кызматы социалдык тармактагы баракчасына жазган. “Карабахтын бардык багыттарында салгылашуулар кайрадан күчөдү. Коргоо армиясынын бөлүктөрү душмандын бардык кол салууларын басууну улантып, жооп берүү аракеттерин көрүүдө”, – деп жазылган билдирүүдө. Өз кезегинде Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясынын командачысынын орун басары Артур Саркисян акыркы сутка ичинде Армения 54 жоокеринен айрылгандыгын билдирген. “Тилекке каршы, биздин 54 аскер кызматкерибиз акыркы бир сутка ичинде кагылышуудан каза болду. Мен жакындарына чын дилимден көңүл айтам”, – деген Саркисян.

ЕС Беларусияга санкция киргизди. Лукашенко тизмеде жок….

2-октябрь 2020/informator.kg-

Евробиримдик президенттик шайлоодон кийин башталган өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Беларусияга санкция киргизди. Бул тууралуу Европалык кеңештин башчысы Шарль Мишель билдирди. Анын айтымында, учурда 40тай кызматкерге чектөөлөр жарыяланган. Азырынча бул тизмеге Беларусиянын президенти Александр Лукашенко кирген эмес. Франция президенти Эммануэль Макрон, азыр Лукашенкону тизмеге киргизүү сүйлөшүү процессине тоскоолдук кылышы мүмкүндүгүн айтат. Макрон, эгер беларус президенти өз эли менен диалог түзө албаса, кийинчерээк ага карата да санкциялар киргизилиши мүмкүндүгүн белгилейт. Буга чейин Лукашенко Евробиримдигинин санкциялар тизмесинде 2016-жылга чейин болгон. Евробиримдиги Лукашенко 80% менен жеңгени аныкталып, 9-авггустта Беларусияда өткөн президенттик шайлоону мыйзамдуу деп тааныган эмес.