Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 29

Дүйшөмбү шаарында DAAD жабылды

11.07.19 informator.kg Илимий ишкерлерге жана студенттерге тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (Deutscher Akademischer Austauschdienst — DAAD) Дүйшөмбү шаарындагы маалымат борбору жабылды. Мындай кабарды DAAD’дын маалымат катчысы Кордула Лукассен 10-июлда «Озоди» радиосуна кат түрүндө билдирген.

Дүйшөмбүдөгү борборду жабуу чечими Германиянын академиялык алмашуу кызматы 57 өлкөдөгү маалымат борборлорунун иштөөсүн иликтеп чыккандан кийин кабыл алынган.

«Анализге ылайык, биздин башка өлкөлөрдөгү, анын ичинде Орто Азиядагы борборлор Тажикстанга салыштырмалуу бир топ жогорку макамга ээ. Ошондон улам, Дүйшөмбү шаарындагы DAAD маалымат борборун жабууну чечтик», — деп билдирген Лукассен.

DAAD – эл аралык академиялык алмашууларды колдоо максатында коомдук бирикмелерден түзүлгөн ири германиялык уюм болуп саналат.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында DAAD маалыматтык борбору 2004-жылы ачылган. 15 жыл аралыгында 700дөн ашык тажик студенти менен илимпоздору Германиянын жогорку окуу жайларында бекер билим алып, тажрыйбаларын жогорулатып келишкен.

DAAD программасы Кыргызстандагы студенттерди 1991-жылдан бери колдоп келет. Бишкектеги маалымат борбору 2004-жылы ачылган.

Британиянын АКШдагы элчиси кызматтан кетти, себеби …

11.07.19 informator.kg Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Ким Дэррок АКШ президенти Дональд Трампты сындаган катынан улам жаралган ызы-чуунун айынан отставкага кетүүгө аргасыз болду. Ага чейин АКШ президенти мындан ары элчи менен иштешпей турганын айткан болчу.

«Элчиликтеги маалымат таркап кеткен соң, ээлеген кызматымдын айланасында ар кандай чагымчыл ушак сөздөр күч алды. Аларга чек коюуну чечтим. Мындай абалда мен жумушумду так, купулума толгондой деңгээлде аткара албайм,» — деди Дэррок.

Ким Дэррок элчилик мөөнөтү ушул жылдын аягында бүтөрүн, ошондой болсо да, бийликке кызматташуу үчүн АКШга жаңы элчи дайындоосуна мүмкүндүк түзгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Дэрроктун Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Саймон Макдональдга жазган каты коомчулукка тарап кеткен. Анда элчи Трампты «аша чапкан» жана «колунан эч нерсе келбеген» деп атап, Америка лидеринин мансабы келеке менен аякташы мүмкүн экенин айткан.

Манас Ниязов Көк Бөрү боюнча америкалыктарды машыктырабы?

11.07.19 informator.kg Кыргызстандын Көк Бөрү боюнча курама команданын капитаны Манас Ниязовду АКШ чакырды. Бул тууралуу социалдык тармакта Ата Мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациянын башчысы Бакыт Дегенбаев билдирген.

Анда, «АКШ Манас Ниязовду Көк Бөрү спорттук түрү боюнча америкалыктарды машыктыруу үчүн чакырууда жана мындай кадам кийинки Көчмөндөр оюндарына дүйнө элдеринин кызуу даярданып жаткандыгын билдирет»,- деп кошумчалаган.

В Москве в таксиста из КР врезался сын миллиардера, и погиб. Обвинили кыргызстанца

10.08.19 informator.kg  Обвиняемым в резонансном ДТП в Москве оказался 22- летний гражданин Кыргызстана А.И., пишет Kginfo.ru

Как сообщается на портале, 8 июля в ДТП Москве на Фрунзенской набережной столкнулись мотоциклист и автомобиль такси, за рулем которого находился 22 -летний гражданин Кыргызстана А.И. 9 июля Таганский районный суд города Москвы на два месяца арестовал данного гражданина.
Предъявлено обвинение по ст. 264. часть 3 — ДТП, повлекшее по неосторожности смерть человека, обвиняемому грозит до пяти лет лишения свободы.

Таксист тронулся на зеленый свет светофора, мотоциклист не успел проскочить, на огромной скорости протаранил автомобиль такси, в результате оба транспортных средства загорелись, позже мотоциклист от полученной травмы скончался, погибшим мотоциклистом оказался сын миллиардера Владимира Маругова Александр. Сам же таксист отделался ушибами и ссадинами.
.
Как сообщил редакции KGinfo.ru адвокат гражданина Кыргызстана А.И., в деле очень много не понятного, все покажет экспертиза.

«Из видеосъемки не до конца понятно, вопросов много, мы пойдем с ходатайством в суд».

ДТП произошло в ночь на 8 июля в районе дома №46 по Фрунзенской набережной в Москве.

Источник: Kabar.kg

Грузиянын телеканалында алып баруучу Путинди сөктү – видео

08.07.19 informator.kg Грузиянын Рустваи 2 телеканалынын аып баруучусу Георгий Габуния, телевизиондук берүүдө Путинди сөккөн.

Бул тууралуу Главвред маалымат агенттиги жазып чыккан. Анда , Орусия жана Грузия тараптан катуу реакция болгон.

Эскертүү! Уят сөздөр бар!

Тажикстанда 14 адам нандан каза болду

8.07.19 informator.kg Тажикстанда 7-июлда Дүйшөмбү, Нурек шаарларындагы колонияга соттолгондорду которуу учурунда 14 жаран ууланып каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Жаза аткаруу кызматынын башкы башкармасы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип жатышкан. Алар жолдо 6 ирет токтогону айтылууда.

Дүйшөмбү шаарына жакын калганда туткундардын бири 3 нанды жанындагылар менен бөлүшүп жеген. Жарым сааттан соң алар өздөрүн жаман сезип, Дүйшөмбүгө жеткенде эс-учтарын жоготкон. 5 мүнөттө келген «Тез жардам» экөөнүн гана өмүрүн сактап калууга жетишкен. Калган 14 жаза аткаруучу жан берген.

Каза болгондордун тизмеси «Ховар» улуттук агенттигинин сайтында жарыяланган. Алардын кичүүсү 20 жашка чыга элек жигит, улуусу 42 жаштагы адам болгон. Калган унаадагылар эч кандай зыянга учураган эмес.

Окуя боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, атайын тергөө тобун түзгөн. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иши башталды.

Maralfm.kg

Түркияда октон көз жумган жигиттин өздүгү такталды – видео

8.07.19 informator.kg Түркиянын Аланья шаарында каза болгон 23 жаштагы жигит Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну болгон. Бул маалыматты Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Эшме орто мектебинин директору Жамила Эрмекбаева тастыктады.
«И.у.М. биздин мектепте жакшы окуган окуучулардын бири болчу. Мектепти бүтүргөндөн кийин Ошто фотограф болуп иштеп жүрдү. Ноокаттык кызга үйлөнүп, Түркияга кеткенине 1 айдан ашыптыр. Азырынча сөөгүн өлүкканадан чыгаруу кыйын болуп жатыптыр деп уктук. Жакындары, ата-энеси каза болгонун угушту», – деди Жамила Эрмекбаева.
Маркумдун үйлөнгөнүнө 5-6 ай болгон.
Буга чейин «Баракелде» басылмасы Түркияда кыргызстандык жаш жигит киши колдуу болуп көз жумганын жазган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, 7-июлда Аланья шаарынын аймагындагы дүкөндөн чыккан жаш жигитке тапанчадан ок атылган. Ал көп узабай каза болуп, өздүгү такталгандан кийин Кыргызстандын 1996-жылы туулган жараны М.И. экени белгилүү болгон.
Жергиликтүү полиция кызматкерлери көп узабай шектүү катары жергиликтүү 40 жаштагы жашоочуну (эркек киши) кармашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мындай кылмыштын себебин маркум экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик менен байланыштырган.

Turmush

Түркияда 23 жаштагы кыргызстандыкты атып кетти, ал…

8.07.19 informator.kg Турциянын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык жигитти атып кетти.

Бул тууралуу haberler билдиришти. Анда, болжол менен 40 жаштагы киши, жаш жигитке ок атып, качып кеткен. Көп өтпөй жакынкы үйлөргө кире качкан киши кармалган.

Окуянын күбөлөрү полиция кызматкерлерине телефон каккан. Жаш жигит октон алган жаракатынан улам, бейтапканада көз жумган.

Мексикада +30 градуста 1 метр кар жаады – видео

1.07.19 informator.kg Мексиканын Гвадалахара шаарында калың кар жаап, маалыматка ылайык, айрым жерде кардын калыңдыгы 1,5 метрге жетет. Кар жааган учурда шаарда күндүн ысыгы 30 градусту көрсөтүп жаткан.

Казак кыз менен араб жигиттин сүрөтүнөн улам конфликт чыкты – сүрөт

29.06.19 informator.kg Казахстандын Атырау облусунда Тенгиз жер кенин иштетүүчү ишканада массалык уруш орун алды. Бул тууралуу Казахстандын ММК социалдык тармактарда жарыялашты.

Анда, instagram социалдык тармагына казак кыз менен ливиялык адистин сүрөтү жүктөлүп, ал жумушчу топ арасынан алгач сын-пикирге кабылып, андан соң массалык урушка алып келди.

Биздин сайттын Фейсбук баракчасына жүктөлгөн тасмаларда көрүнгөндөй, жумушчу топ четтен келген адистерди (түрк, ливиялык ж.б) ур-токмоко алууда.