Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 3

Байтиктеги ууланган балдар боюнча иликтөө жүрөт

Бишкек. 9.12.20. informator.kg КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Байтик айылындагы мектеп-интернатта ууланган балдар боюнча толук иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, 23 бала бир убакта ууланган бул окуянын себептерин тыкыр иликтенип, жооптуулар аныкталышы керек.

«Мектептерде балдардын массалык түрдө тамакка ууланганы жол берилгис окуя. Бул акты тыкыр иликтениши керек. Пандемия жүрүп жаткан маалда жарандардын саламаттыгы, анын ичинде балдардын тамак-ашы, иммунитетти бекемдөө маселелерине өтө көңүл бурулушу зарыл”,-деген вице-премьер министр.

Ошол эле маалда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр бейшеналиев учурда Бишкек шаардык балдар клиникасында ууланган балдардын дарылануусуна өзү көз салып жатканы айтылды.

Түркияда пандемиянын үчүнчү толкуну башталды

27-ноябрь 2020/informator.kg- Түркиянын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жарыялады. Министр азыркы карантиндик чектөөлөр толугу менен сакталбаса, мындан да оор чараларды кабыл алууга мажбур болорун белгиледи. Министрдин айтымында, COVID-19дун жаңы толкуну Түркиянын батыш тарабында жайгашкан Стамбул, Бурса, Кожаэли, Измир шаарларында катталууда. Өлкөнүн 15 провинциясындагы оорулуулардын саны 50%га өсүп, Стамбул, Анкара сыяктуу ири шаарлардагы реанимациялардын 70%дан ашыгы толуп калган. Министр азыркы чектөөлөр менен вирусту токтото албаса, Түркия бийлиги катаал чараларды колдонууга өтөрүн белгилейт. Түркияда 467 миң 700дөн ашык адам коронавирус менен катталган, анын 12 миң 900дөйү оорунун курмандыгы болгон.

Мозамбик өлкөсүнө чагылган түшүп, 7 адам каза болду

27-ноябрь 2020/informator.kg- Мозамбик өлкөсүнө чагылган түшүп, 7 адам каза болду. Бул чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Расмий маалыматка ылайык, Мозамбик Республикасынын Маника провинциясында катуу жаан жаап, шамал дагы болгон. Мындай аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам аталган аймакка чалгылган түшүп, 7 адам каза болду. “Аба ырайынын туруксуз болушунан улам катуу жаан жаап, шамал болуп, коомдук жана менчик инфраструктураларды дагы зыянга учуратты” деген Маника провинциясынын губернатору Франциск Томас. Белгилей кетсек, азыркы тапта аталган аймакта жаратылыш кырсыгы алып келген чыгымдарды эсептөө иштери улантылып жатканы жазылган маалыматта.

Германия карантиндин мөөнөтүн узартты

26-ноябрь/informator.kg- Германияда коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында киргизилген катаал карантин жыл соңуна чейин узартылды. Бул тууралуу канцлер Ангела Меркель маалымдады. Германиядагы ноябрдын соңуна чейин киргизилген карантин абалга байланыштуу дагы бир айга узартылды. «28-октябрда кабыл алынган чектөөлөр улантылат. Азырынча 20-декабрга чейин деп пландап жатабыз. Бирок вирусту жуктуруулар көп болгондуктан, карантин январга чейин уланышы мүмкүн», — дейт Меркель. Ал эми жаңы жылдык эс алуулар учурунда чектөөлөрдү бир аз жумшартуу каралары айтылган.

Байден: “Америка кайтып келди, кайрадан дүйнөлүк лидер болууга даяр”

26-ноябрь/informator.kg-

“Америка кайтып келди, кайрадан дүйнөлүк лидер болууга даяр”, -деп айтты Байден.

Жо Байдендин дайындоолору кызуу талкуу жаратты. Мисалы, Улуттук чалгын кызматынын башчысы катары биринчи жолу аял дайындалды. Буга чейин Эврил Хэйнс Борбордук чалгын кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Андан тышкары ички коопсуздуктун башчысы катары биринчи жолу теги латын америкалык дайындалды. Алехандро Майоркас талаштуу миграция системасын реформалайт.

Шейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна албаса дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук берген. Бул тууралуу Федералдык жалпы кызматтар агенттигинин (GSA) жетекчиси Эмили Мерфи президентикке талапкер Байденге кыскача кат жолдогон.

Бул кадамдан кийин Жо Байден АКШнын коопсуздугуна түзгөн коркунучтар тууралуу баяндамаларды алууга, маанилүү өкмөт кызматтарга талапкерлерди дайындоого жана инаугурацияга даярдык катары миллиондогон доллар каражатты колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтүшү керек.

Дональд Трамп болсо командасы укуктук териштирүүсүн уланта берерин айтууда. Республикачылардын штабы же юристтери тарабынан сотко жолдонгон 36 иштин 25и сот тарабынан четке кагылды же далилденген жок. Бирок ошого карабастан доо арзыздар даярдалууда. Америкалык басылмалар “соттук териштирүүлөрдө ийгликке жетишке Дональд Трамп өзү деле ишенбей калды” деп жазууда. Президент Трамптын көпчүлүк кеңешчилери жеңилгенин моюнуна алууга чакырган.

Аргентинада 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

27-ноябрь 2020/informator.kg- Аргентина бийлиги дүйнөгө белгилүү футболчу Диего Марадонанын мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу өлкөдө 3 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Белгилей кетсек, экс-футболчу менен коштошуу зыйнаты Буэнос-Айресте жайгашкан Каса-Росада президенттик сарайында өтөт. Маркумду акыркы сапарга узатууга 1 миллиондой күйөрманы келээри күтүлүүдө. Эске салсак, кечээ, 25-ноябрда Италиянын “Наполи” командасынын жана Аргентина курамасынын мурунку оюнчусу Марадонанын жүрөгү токтоп, каза болгон.

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

27-ноябрь 2020/informator.kg- Белгүлүү мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына жазды. Анын айтымында, мушкердин Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу бар.

Дзюдо боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтөт

27-ноябрь 2020/informator.kg- Бишкекте дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Улуттук дзюда федерациясынан кабарлашты.  Маалыматка ылайык, жакында эле Азия жана Океания дзюдо аткаруу комитетинин кезексиз онлайн федерациясы өтүп, ага Улуттук дзюдо федерациясынын президентти Жолдошбек Көлбаев менен башкы катчы Эркинбек Кадыркулов катышкан. Коронавирус пондемиясына байланыштуу Монголияда Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтпөй турганы белгилүү болгон. Ошондой эле бул мелдешке катышууга Өзбекстан даяр экендигин айткан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чемпионатка көп мамлекет келе албай тургандыгы да белгилүү болгон.

“Аткаруу комитети Азия жана Океаниянын чемпионатын 2020-жылы уюштурууну такыр эле жокко чыгарып, 2021-жылы Кыргызстанда Бишкекте өткөрүү чечимин бекитти. Улуттук федерация дзюдо сүйүүчүлөрүн күтүлүп жаткан тарыхый окуя үчүн куттуктайт”,- деп айтылат маалыматта.

Кыргыз мушкери Кямран Аббасов эмне себептен Орусиянын жарандыгын алгысы келип жатканын айтты

25-ноябрь 2020/informator/kg- “One FC” уюмунун чемпиону, 27 жаштагы кыргыз мушкери Кямран Аббасов эмне себептен Орусиянын жарандыгын алгысы келип жатканын “Youtube” каналдардын бирине түз эфирде берген маегинде айтты.

“Мен 6 жылдан бери Орусияда жашайм. Менин үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү – аялым, балдарым – ушул өлкөнүн жарандары. Орусияда жарандыгы жок туруктуу каттоодо туруу кыйын жана мен мындан тажадым. Мага жардам бергендер дагы мени Орусиянын жараны болушумду каалашат.

Азыр мен ар кимдин оюн уга албайм. Баардыгы өздөрүнүн ою менен калышат. Мени буга чейин колдогондор дагы да колдой берет деп ойлойм. Валентина Шевченко Перу менен Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгат. Андан эч нерсе болбойт. Мен дагы эки өлкөнүн желеги менен чыга алам. Эмнеге мен түрк желеги менен чыгып жатам? Мен өзүм түркмүн. Бул менин улутум”, – деди Аббасов. Кямран Аббасов 1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Буга чейин анын Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документ тапшыргандыгы кабарланган.

Байден мигранттарга жеңилдик берет

25-ноябрь 2020/informator/kg- АКШ президентин шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаган Жо Байден президенттик кызматка киришкен алгачкы 100 күнүн миграция реформасына жана коронавируска каршы күрөшкө арнаарын NBC каналына берген маегинде маалымдады. «Сенатка «11 миллиондон ашуун каттоосуз жүргөн мигрантка жарандык берүү жөнүндө» иммиграциялык мыйзам жиберем», — деди ал өз сөзүндө. Ошондой эле Трамптын аба ырайына жана адамдын ден соолугуна зыян алып келген айрым мыйзамдарын жок кылууга ниеттенип жатканын билдирди. Байден кетирген каталары үчүн Трампка тергөө ишин козготпой турганын айтып, Америка коомчулугунун ишенимин калыбына келтирүүгө убада берди. Мындан тышкары «Байдендин келиши — Барак Обаманын «үчүнчү мөөнөткө» жол алышы» деген кептер жаңылыш экенин, андай болуусу мүмкүн эместигин белгилеген Байден: «Биз таптакыр башка дүйнөгө туш болуп жатабыз. Президент Трамп пейзажды өзгөрттү. Эми бул — биринчи Америка, ал — жалгыз Америка», — деп жыйынтыктады өз сөзүн.