Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 32

Бакиевдерден корнавирус аныкталды

20-май 2020/informator.kg-Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев Белоруссияда коронавирус илдетине кабылгандыгы тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты .Маалыматка ылайык,Жаныш Бакиевдин үй-бүлөсү коронавирус илдетине кабылып,1-майда Минскидеги инфекциалык ооруканага жаткырылганы айтылат .”Коронавируска кабылган Бакиевдердин үй-бүлөсү кечээ ооруканадан чыгарылган,ден-соолуктары жакшы “-дейт маалымат берген тарап . Буга чейин байма -бай Бакиев жана бир туугандары коронавирус жуктуруп алды деген сөздөр тараган эле .

Өзбекстандын жараны өзүн жана атасын өрттөп ,экөө тең каза болушту

19-май 2020/informator.kg- Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Карши шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт коюп, андан экөө тең каза болду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Азаттыктын» өзбек кызматы өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 17-майда түштөн кийин болгон. 1974-жылкы тургун биринчи топтогу майып атасы менен урушуп кеткен.

«Уруштун натыйжасында ал желим шишедеги бензинди өзүнө жана атасына чачып жиберген. Аны токтотуш үчүн артынан кирген келининин жана бир тууганынын эки кичинекей баласынын көзүнчө ширеңкени күйгүзүп, өзүн жана атасын өрттөп жиберген. Натыйжада экөө тең алган жарааттарынан улам каза болду», – деп айтылат Башкы прокуратуранын расмий маалыматында.

Учурда үйдөгү келин жана анын эки уулу, ошондой эле жардамга келген дагы бир үй-бүлө мүчөсү түрдүү деңгээлдеги күйүк менен ооруканада жатат. Шаардык прокуратура ошол эле күнү «Атайылап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Дүйшөмбү күнү жарыяланган маалыматта үй-бүлөлүк чырга эмне себеп болгону айтылган эмес.

Трамп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ультиматум койду

19-май 2020 /informator.kg-АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) шарт койду. Ал эгер уюм 30 күндүн ичинде ишин жакшыртууга дилгирлигин көрсөтпөсө, анда Кошмо Штаттар уюмга бөлүп келген акчаны биротоло токтоторун эскертти. Трамп 18-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсуска жиберген катында АКШ уюмдагы мүчөлүгүн кайра карап чыгышы мүмкүн экенин да белгиледи. Ошондой эле ДССУну «былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань аймагынан вирус тарап жатканы тууралуу маалыматтарды көз жаздымда калтырган» деп айыптап, уюм Бээжинден өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин кошумчалады.

Кошмо Штаттардын өзүндө коронавируска каршы чараларга байланыштуу сынга кабылган Трамп мунун алдында Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу бул уюмду «Кытайдын куурчагы» деп атаган. Ал ошондой эле Кытайдын бийлиги эпидемиянын масштабын жаап-жашырганын айтып келет.
Өткөн айда президент Трамп ДССУнун эпидемияга каршы чараларына баа берилгенге чейин АКШ уюмга бөлүп келген каражатты убактылуу токтоторун жарыялаган.
ДССУ айыптарды четке какса, Бээжин эпидемия тууралуу ачык-айкын маалымат берип келе жатканын билдирүүдө. 18-майда ДССУнун чечим кабыл алуучу органы болгон Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы уюмдун пандемияга каршы аракеттерин өз алдынча иликтөөгө убада берди. Кытайдын президенти Си Циньпиң коронавирус пандемиясы жөнгө салынгандан кийин гана илдеттин очогуна байланыштуу иликтөөлөрдү колдой турганын айтты.

Казакстанда бир сутка ичинде 311 адамдан коронавирус аныкталды

19-май 2020/informator-Акыркы суткада Казакстанда 311 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды .Бул тууралуу бүгүн ,19-майда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6751адамга жетти.Алардын ичинен 35 бейтап каза болду. Жаңы катталган бейтаптар(311учур):

-Атырау облусунда 142 (22,6%);

-Нур-Султан шаарында 36 (2,9%);

-Чымкент шаарында 31(7,6%) ;

-Костанай облусунда 19 (24,1%);

-Туркстан облусунда 18 (8,2%);

-Караганда облусунда 13(5,2%);

-Акмола облусунда 8(6,3%);

-Батыш Казакстан облусунда 6(1,19%);

-Кызыл-Орда облусунда 4 (1,6%);

-Жамбыл облусунда 3 (1,5%) ;

-Алматы облусунда 3 (1,4%) ;

-Павлодар облусунда 2 (1,2%) ;

-Түндүк Казакстан облусунда 1 (2,6%);

-Мангистау облусунда 1 (0,6%).

3 айдан Кыргызстанга 10138 жаран кайтып келди

Бишкек. 18.05.20 2020-жылдын 2-февралынан тарта Кыргызстанга сырттан 10 138 кыргызстандык жарандар кайтып келген. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.

“Жалпысынан алганда Кытай, Корея, Сауд Арабиясы, Индия, Орусия, Таиланд, Шри-Ланка, Египет, Түркия, Малазия, Иран, Кувейт, Катар, Япония, Германия, Индия өлкөлөрүндөгү кыргызстандын жарандары кайтып келишкен. Акыркы жолу Казакстандын бийлиинин кийлигишүүсү менен 437 жаран түпкү мекени Кыргызстанга киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле “Чоң-Капка”, “Достук”, “ак-Тилек”, “Кулунду”, “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу да 1059 жаран жөө өлкөгө киргени билдирилген.

“Жакын арада Москва жана Белорусиядан жарандарды евакуациялоо иши аткарылат. 2020 -жылдын май айынын акырына чейин биз Москва,Оренбург, Новосибирск шаарларындагы жарандарды чартердик рейстер менен алып келебиз”,-деген ТИМдин маалымат кызматы.

Пандемиядан дүйнө экономикасы 5,8 триллион доллар зыян тартты

15.05.20. informator.kg Пандемиядан улам дүйнөлүк экономика жалпысынан 5,8 -8,8 триллион АКШ долларына чейин зыян тартты. Бул тууралуу Азия Өнүктүрү банкынын жаңы докладында айтылат.

Анда коронавирус илдетинин дүйнөгө жайылышы менен дүйнөлүк ички дүң өндүрүм 6,4-9,7%га төмөндөп кеткени жазылган.  COVID-19тун потенциялдуу экономикага тийгизген таасири боюнча жаңыланган балоолор тууралуу бул докладда Азия-Тынчокен аймагындагы экономикалык жоготуу 3 айдын ичинде 1,7 трлн. долларга чамалаганы, бул дагы үч айдын ичинде 2,5 трлн. доллар чейин жетээри күтүлүп жатканы айтылат. Анткени, бул аймакта дүйнөлүк өндүрүштүн дээрлик 30 пайызы кыскарып кеткен. Анын ичинде Кытай мамлекети эң ч жоготууну, 1,1-1,6 трлн. доллар чыгым тартып жатат.

9-майдагы толкундаткан куттуктоо. Соцтармакты “жарган” тасма тууралуу

Бишкек. 10.05.20. informator.kg  Кечээ, 9-май Улуу Атамекендик Согуштун Жеңиш күнү Кыргызстанда карантиндик режимде өттү. Өлкө башчысы баштаган расмий жетекчилер борбордогу Жеңиш аянтына барып, Өчпөс отко гүл коюп, согуштун баатырларына таазим кылышты.  Эл чогулган иш-чаралар, аскердик парад өткөн жок.

Бирок, Бишкекте “Элден элге” социалдык акциясын жүргүзүп, чыныгы муктаждарга бекер бекер нан таратып жаткан биздин “informator.kg”  сайтыбыз менен ишкерлер Алмаз Раимбеков, Нурадил Баясов, Руслан Ашымовдор Бишкектеги айрым ардагерлерди адаттан тыш абалда куттуктап, ал тууралуу тасмалар социалдык тармактарда күндүн тасмасына айланды.

Анда куттуктоочулар кыргыз эстрада жылдызы Курал Чокоев менен  Орусияда өтүп жаткан “Голос” долбоорунун финалисти Нуржигит Субанкулов менен бирге аскердик формалар менен атайын кран машинасы аркылуу Согуштун жана Ооруктун Ардагерлеринин балкондоруна көтөрүлүп, жеңиш ырларын жаңыртып чакан концерт коюшту. Ошондой эле чакан белектерди тапшырышкан.

Бишкектин көчөлөрүндө жаңырган бул шаңдуу куттуктоо тургундардын өзгөчө көңүл буруусуна татып, шаардыктар балкондордо куттуктоочулар менен бирге обон созуп, ал тургай ардагерлерге акчалай сыйлык уюштура калышкан.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=833298827162397&id=100014468611886

“Биздин планда Бишкектеги онго чукул ардагерлерди куттуктоо бар болчу. Бирок, эл көп чогулуп баштагандыктан, пандемия коопсуздугунан улам, программабызды кыскартууга туура келди. Биз үчүн ар бир жарандын саламаттыгы маанилүү.  Көп кабаттуу үйлөрдөн жашоочулар сыртка чыгып, көчөдөгү унаалар токтой баштаганда токтоттук. Ансыз да биздин ондогон жарандар тасмага тартып, социалдык тармактарга жүктөшүптүр. Жарым миллионго жакын көрүүчү тасманы жактырып, дүйнөнүн ар кайсы жеринен бизге ыраазычылык каттар жаап жатат”,-деди Алмаз Раимбеков.

Опубликовано Тынчтыком Алтымышевым Пятница, 8 мая 2020 г.

Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирине нота жиберишти

Бишкек. 9.05.20. Бүгүн, 9-майда кечээки кыргыз-тажик участогунда болгон чек ара инцидентине байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода чакыртылып, нааразычылык нотасын тапшырды.

“Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана жарандарына карата гранатомет сайлуу автоматтардан, анын ичинде топтук минометтук курал менен бутага алып, ок атууга байланыштуу тажик дипломатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин протест билдирүү нотасы тапшырылды. Ок атуунун натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын үч аскер кызматчысы жана бир жергиликтүү тургун оор жаракаттарды алышты”, -деп айтылат 9-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Ошол эле маалда бүгүн Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустембеков да Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылганы маалым болду.

“Элчиге Кыргызстандын жарандарынын жана аскер кызматкерлеринин куралдуу жаңжалга алып келген чагымчыл аракеттерине байланыштуу Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды” деп айтылат ал боюнча  маалыматта.

Тажикстандын тышкы саясий мекемесинин билдиришинче, “чыр-чатакка кыргыз жаранынын ок атуусу, анын артынан кыргыз чек арачыларынын ушул сыяктуу эле аракети түрткү берип, Тажикстандын аскерлери жооп чара көрүүгө мажбур” болгон. Маалыматта окуядан эки тажик жараны жараат алып, ооруканага түшкөнү белгиленген.

Эске сала кетсек, 8-майда кечке маал Баткен районунун Көк-Таш айылынын жанындагы тактала элек Чек аймагында ок атуу коштолгон чыр катталган.

Орусия пандемиядан улам мигранттарга жеңилдик берди

Бишкек 19.04.20 informator. kg  Бүгүн Орусиянын бийлиги 15-июнга чейин чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонбоо тууралуу чечим чыгарган. Бул  боюнча Президент Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыгында көрсөтүлгөн.

Жарлыкка боюнча, ушул аралыкта патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүнө байланышкан милдеттүү узартуулар 15-марттан 15-июнга чейин убактылуу токтотулду. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Демек, миграциялык мыйзамдарды бузган чет элдиктерди депортациялоо, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик жаза чегерүү да белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырылбайт. Ошону менен бирге эле мигранттарды ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот.

Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондор онлайн-көзөмөлдө болот (видео)

Бишкек. 13.04.20. informator.kg   Республикалык штабдан бүгүн коронавирус илдетин жуктургандар менен баланышта болгондор, үйлөрүндө изоляцияга алынгандардын баардыгы теңү атайын тиркеме аркылуу онлайн-көзөмөлдө болуп жатканын, бул ошол жарандардын макулдугу менен чөнтөк телефон аркылуу ишке ашып жатканын билдирди.

Штабдын маалыматына караганда, тиркеме бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишин жеңилдетет. Мындан тышкары үй карантининдеги жаран саламаттыгы кескин начарласа, SOS баскычын колдонуп, инфекционист дарыгерлердин тез жардамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Тиркемедеги маалыматтар купуя, кызматтык колдонууга арналган. Мобилдик көзөмөлдөө системасына кирүү укугу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимине жооптуу саналуу гана адистерге берилген. Ага башка жарандардын кирип, маалыматтарды алып чыгуусуна жол берилбейт. Мобилдик көзөмөл тиркемеси Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети тарабынан иштелип чыкты”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ бул системада отурган белгисиз жаран маалыматтык тиркемени тасмага тартып, социалдык тармактарга салып жиберген болчу.

Эмне дейсиздер?

Опубликовано Мирланом Кубатбековичем Воскресенье, 12 апреля 2020 г.