Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 33

Кыргыз паспортун сунуш кылган орус сайты аныкталды

Бишкек. 03.02.2020 informator.kg

Орусиялык сайттардын бири, тагыраагы PRAVABZ порталы Кыргызстандын эски үлгүдөгү ID-карт паспорттун 15 миң орус рублине сунуш кылып жатканын 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Андагы маалымат боюнча, бериле турган паспорттор  текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өтө турганын,  эч кандай шек жаратпасын, эгер кошумча 3 миң рубль төлөнсө паспортту валидациядан өтө тургандай деңгээлде жасап беришээрин аталган сайтта убада кылышкан.

Эске сала кетсек, өткөн жумада АКШнын расмий бийлиги Кыргызстандын жарандарына эмиграцияга визе берүүнү чектеген мыйзамга кол койгон.

АКШнын дарыканаларында беткап калбай калды.

АКШнын дарыканаларында беткап калбай калды. Бул тууралуу АКШдагы ММКтары жазышууда. АКШнын борбор калаасы Вашингтондо да беткап калган жок. Ошондой эле, калкынын саны көп болгон шаарларда да дефицит байкалган.

“Азыркы учурда тынчысзданууга эч себеп жок”,- дейт АКШнын саламаттык сактоо министрлиги. АКШдагы  CVS Pharmacy  аталышындагы дүйнөлүк дарыкана өкүлдөрүнүн айтымында АКШда бул мезгилде грипп жыл сайын жүрөт. Беткаптарга суроо-талап да өсөт. Бирок, ошол эле учурда коронавирустун да таасири бар экендигин баса белгилешти.

Түркмөнстанда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды.

Түркмөн бийлиги врачтарга жумуш учурунда мобилдүү телефондорду колдонууга тыюу салды. Алар телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди.

Буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларда да чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынган.

Мобилдүү телефон колдонууга чектөө киргизилгени тууралуу ата-энелер жыйналышында айтылган. Анда телефон балдарга тарбия берүүдө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы мектептерде окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынганын маалымдаган.

Түркмөн бийлиги калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.

Индиялык дыйкан иттерин эмне себептен боёгондугун түшүндүрдү.

Индиялык дыйкан өз иттерин кара жана сары түскө боёп салган. Мындай метод дыйкандын плантацияларына зыян алып келген маймылдарга каршы колдонулган.

“Маймылдар боёлгон иттерди жолборс деп ойлоп, алыстан көрүп эле, плантацияларга келбегенге аракет кылышууда”,- дейт дыйкан.

Буга чейин ал оюнчуктарды коюп келген, бирок оюнчуктар кыймылдабай тургандыктан жана алардын түсү күндөн тез өчкөндүктөн эффективдүү болгон эмес. Ал эми дыйкандын айтымында иттердеги боёктор 1 айга жетет.

“Ишеним суроосу…” Украинанын Өкмөт башчысы арызын жазды

Бишкек.18.01.20. informator.kg Кечээ, Украинанын Премьер-министри Алексей Гончарук Президент Владимир Зеленскийге кызматтан кетүү арызын жолдогон. Бул тууралуу ал соцтармактарга өзү жарыялаганын биринчилерден болуп “КоммерсантЬ” жазып чыккан.

Түшүндүрмөсүндө Өкмөт башчы арызды “Президентке болгон ишеним менен сый-урматка болгон ар кандай шектенүүлөрдү жок кылуу үчүн”

“Мен кызматка президенттин программасын ишке ашыруу үчүн келгемин. Ал мага ачыктык менен адептүүлүктү үлгүсү. Бирок, биздин президентке болгон ишеничибиз менен сый-урматыбызна болгон баардык шектенүүлөрдү жок кылуу үчүн арызымды жазып, Президенттин парламентке жолдоосун сурандым”,-дейт А. Гончарук.

Азырынча Президенттин кеңсеси арыз келгенин, ал каралып жатканын, Владимир Зеленский ал боюнча кийинчерээк кандай чечим алаарын жарыялай турганын айтышкан.

Эске сала кетсек, бул абалга жергиликтүү Ютуб-каналдардын бириндеги өкмөттүн жыйыны тууралуу сюжет себеп болгон. Анда А.Гончарук “Зеленскийдин экономикалык процесстерге болгон түшүнүгү өтө эле примитивдүү” деп айткан жери бар.

Муну өкмөт башчы “монтаждалган аудио, акыркы учурда өкмөттүн жыйындарындагы сөздөрдү бурмалап, фрагменттерди кесип,курап, жарандарга жалган билдирүү тараткан сайттар арбыды, мен андай сөздөрдү эч качан айткан эмесмин”,- дейт.

Кытайдын калкы 1,4 миллиарддан ашты. Серепчилердин айтымында Кытай эми….

Spectators react as they watch a performance during a local martial arts cultural festival in Wenzhou, Zhejiang province, March 30, 2016. REUTERS/China Daily ATTENTION EDITORS - THIS PICTURE WAS PROVIDED BY A THIRD PARTY. THIS PICTURE IS DISTRIBUTED EXACTLY AS RECEIVED BY REUTERS, AS A SERVICE TO CLIENTS. CHINA OUT. NO COMMERCIAL OR EDITORIAL SALES IN CHINA. - RTSCSRC

Кытай Эл Республикасынын калкы Гонконг, Макао, жана Тайванды эсепке албаганда 2019-жылы 14.67 миллион адамга көбөйдү. Башкача айтканда Кытайдын калкы 1.4 миллиарддан ашты. Серепчилер 2035-жылы Кытайдын чоң шаарларынын калкы миллиардга жете тургандыгын айтышууда. 2019-жылы КЭРде 14.65 миллион ымыркай төрөлдү. Ошол эле кезде, Кытайда 9.98 миллион адам көз жумган.

Премьер-министр России Медведев подал в отставку – ВИДЕО

Премьер- министр РФ Дмитрий Медведев считает правильным подать в отставку на фоне предложений об изменении Конституции. Об этом он сообщил в ходе встречи Президента России Владимира Путина с кабинетом министров.
“Уважаемый Владимир Владимирович, уважаемые коллеги, вы все были свидетелями Послания Президента РФ, Владимир Владимирович как Президент обозначил не только приоритеты работы в нашей стране на ближайший год, но и обозначил целый ряд фундаментальных изменений в Конституцию РФ. Эти изменения, когда они будут приняты (а по всей вероятности, это будет сделано после обсуждения, как было сказано), они внесут существенные изменения не только в целый ряд статей Конституции, но и в целом в баланс власти”, – сказал Дмитрий Медведев.

Кулаган учак. Иран АКШ жана Канада бирге тергөө жүргүзөт.

Кулаган учак боюнча Иран АКШ менен Канаданы биргеликте тергөө жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу Фарс маалымат агенттиги абарлады. АКШнын улуттук коопсуздук кеңеши Ирандан чакыруу алды. Алар өз учурунда тиешелүү адамдарын жөнөтүштү. Ошондой эле Канада да кабыл алды. Учактын кулашы боюнча тергөө ишинде негизги ролду Иран алат. Мындай калдамга баруунун себебин Иран төмөнкүчө түшүндүрдү “АКШнын коопсуздук кеңешинин спекуляция кылышына жол бербөө үчүн”,-деп Иран тарап өз позициясын билдирди.

Абхазияда абал чатак. Президент менен эл тирешүүдө…

Бишкек. 9.01.20. informator.kg

Абхазиянын  президенти Рауль Хаджимба эгер өлкөдө нааразычылык уюштуруп жаткандар тынчыбай турган болсо “өзгөчө кырдаал” киргизе турганын кезексиз өткөргөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жарыя кылды. Бул тууралуу президенттин сайтынан окууга болот.

Ал антип жаткан чакта көчөдөгү оппозициялык маанайдагы көпчүлүк Президенттин имаратына чабуул жасап, ээлеп алуу аракетин токтоткон жок. Ал арада  Абхазиянын Элдик жыйыны да шашылыш чогулуп Сухумидеги балады талкууга алды. Жабык эшик артындагы бул жыйында оппозициялык депутаттар Президентти кызматтан алуу маселесин көтөрүп жатканын «Sputnik Абхазия» жазып чыкты.

Эске сала кетсек, өлкө президентин шайлоодо оппозициялык талапкер «Амцахара» партиясынын лидери Алхаса Квицини жеңишке жетпей калып, ал бул шайлоонун легитимсиз өткөнүн жарыя кылган жана элди укуктарын коргоо үчүн көчөгө чакырган.

Видео – Иран ракеталык соккуга кандай даярданган?

Иран АКШнын базаларына сокку уруунун алдындагы даярдыкты жана сокку учурундагы видеолорду коомчулукка жарыяланды.