Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 34

Эс алуу күндөрү өлкөдө коронавирусту дагы 69 адам жугузганы аныкталды

Бишкек 6.04.20. informator.kg   6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы учурдун саны 69. Бардыгы 216 учур. Бул тууралуу Респубдликалык штабда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон, мурдагы короноавирус чыккан адамдар менен байланышы аныкталгандардын арасынан чыккан.  Жалпы 216 адамдар облустар боюнча төмөнкүчө:

Жалал-Абад облусу – 80

Ош облусу – 94

Бишкек – 25

Баткен облусу – 4

Нарын облусу – 5

Ысык- Көл облусу – 3

Чүй облусу – 5

“2020-жылдын 6-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 адам айыкты. Ошондой эле, бүгүн 23 адамды чыгаруу пландалып жатат”, – КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.
Өкмөт жарандарды көчөгө чыгуудан карманып туруусун суранат.

Дүйнөдөгү пандемияга каршы көңүл жубаткан 6 факты

Бишкек.3.04.20 informator.kg Дүйнө эли пандемия менен күрөшүп жатат. Коронавирус 1 млн. адамдан чыкканы менен арасында айрым жакшы жаңылыктар да бар.

Алар мындай:

Иранда 103 жаштагы чоң эне илдетти жеңип чыкты.
Улгайган куракта бул оорунуу жеңүү кыйын деген кептерге 103 жаштагы Ирандын СЕМНАН шаарынын тургуну чекит койду. Ал ооруканада бир жума дарыланып, илдетти жеңип, үйүнө кайтып барган.Коронавирусту толугу менен жеңген алгачкы өлкө Кытай болуп саналат.
Мындан 2-3 ай мурун Кытай дүйнөдөгү эң коркунучтуу инфекция тараган объект деп табылган. 31-март бүткүл Кытай боюнча вируска чылдыккан бир дагы жаран табылган жок.

Apple комапниясы кеңселерин кардарлар үчүн ачты (азырынча Кытайда гана).
1,5 ай карантинден соң Apple компаниясы 42 расмий дүкөндөрдүн эшигин ачты. Компаниянын мүдүрү Тим Кук пандемия бизди көп нерсеге үйрөттү, биринчи орунда адамдардын өмүрү тураарын билдирген.

Кыргызстанда 5 киши айыкты.
Коронавирусту биздин өлкөдө беш киши жеңип чыкты. Айыккандар Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ала-Бука райондоунун тургундары. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, “бул беш жарандын акыркы анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок.

Окумуштуулар COVID-19 вирусун чакырган антителаны табышты.
Нидерландиянын Роттердам жана Утрехттир окумуштуулары вирусту чакырган SARS-CoV-2 антителаны табышты. Инфекцияны токтоткон (жапкан) бул биринчи антитела болуп саналат, алардын айтымында антитела эми вируска каршы дармек даярдоого колдонулат.

АКШ вируска каршы вакцинаны сынап баштады.
16 март күнү АКШда 45 ыктыярчыга вируска каршы дары дармек колдонулган. Жалпы жонунан алганда 18ден 55 жашка чейинки 45 ыктыярчыга ар кандай дозада, кандай эффект чыгаарын аныктоо үчүн колдонулат.

https://t.me/RshKRCOV/1145

Дүйнөдө 1 миллион адам коронавирус жуктурду

Бишкек 3.04.20. informator.kg  Дүйнө жүзү боюнча 1 миллион адам коронавирус илдетин жуктурду. Бул тууралуу АКШнын Джон Хоппкинс Университетинин аталган ооруга көз салып келе жаткан окумуштуулары маалымдаган.

Анда реалдуу цифра мындан да көп болушу мүмкүн экендигин, анткени, расмий эсептөөлөргө ооруну жуктуруп алган бирок текшерүүдөн өтпөгөн адамдар көп экендиги да айтылат.

Ошону менен бирге эле 50 миңден ашуун адам коронавирустан көз жумганын, бул болгону ооруканалардан берилген маалыматтар экенин, андан башка үйлөрүндө жана жатак жайларда көз жумгандар да бар экенин окумуштуулар белгилешкен.

2020-жылдын 2-апрелиндеги эсептер боюнча, коронавирусту эң көп жуктурган өлкө катары АКШ алдыга чыгып, өлкөдө 226 миң жаран илдетке кабылганы белгиленген. Анын соңунда Италия 115 миң жаран, Испания 110 миң адам, Кытай 82 миң адам, Германия 81 миң адам менен пандемияга туш болгондордун алдыңкы сабында.

Тилекке каршы, пандемиянын курмандыктары боюнча Италия 14 миң адамынан айрылса, Испанияда 10 миң адам көз жумуп,АКШ 5,3 миң адамын жоготуп, Франция 4 миң кишини, Кытай 3,3 миң кишини, Иран 3,1 миң адамды жерге берген.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕвроКеңешке кайрылып жардам сурады

Бишкек 3.04.20. informator.kg  Кечээ, 2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларын талкуулаганын анын аппаратынан маалымдашты. Анда Кыргызстандын президенти  Европа Кеңешинен коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштаганы, буга жооп кылган Шарль Мишель Европа Кеңеши Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнүн жолдорун карап чыгарын белгилегени айтылат.

Ошону менен катар эле мамлекет башчы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Кыргызстандын экономикасына залакасын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берген.

Коронавирустан улам Өзбекстан Кыргызстанга гумжардам жөнөттү

Бишкек 3.04.20. informator.kg  Кечээ, 2-апрелде коронавирус илдетининен улам Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Маалыматта Өзбекстандан гумжардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу кийимдери, 95 респиратор, 20 миң мээлей, 500 көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы келгени, аны коңшулар 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөп жөнөткөнүү айтылат.

Өзбекстандан келген гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлүп, мамлекеттик мекемелердин макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана коронавируска каршы иштеп жаткан кызматкерлерге таратылмакчы.

Жүк жетээри менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирген

Москвада 3 адам коронавирустан көз жумду

March 12, 2020, Tehran, Iran: Medics and nurses wearing masks and hazmat suits treat patients infected with the new coronavirus COVID-19, at Sina hospital in southern Tehran, Iran. According to the last report by the Ministry of Health, 10,075 people were diagnosed with the Covid-19 coronavirus and 429 people have died in Iran. The outbreak has infected a host of senior officials, politicians, clerics and members of the Revolutionary Guards.rea, and Italy. At least seven officials and politicians have died since Feb. 19, when Iran announced first infections and two deaths from the virus. IranÕs clerical rulers have been struggling to contain the spread of the virus, despite the closure of schools and universities and the suspension of religious, cultural and sports events across the country. Iranian officials have repeatedly urged people to avoid unnecessary trips and stay at home. (Credit Image: © Rouzbeh Fouladi/ZUMA Wire)

Бишкек 2.04.20. informator.kg Москвада коронавирусу аныкталган үч бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу коронавирус абалы боюнча борбор калаанын ыкчам штабы билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Андагы маалыматта, каза болгондордо эки тараптуу пневмония илдети өрчүп кеткени, бейтаптардын жаш-курагы – 63 жаштан 72 жашка чейин экени айтылат.

Анын үстүнө үчөөндө теӊ жүрөк-кан тамыр дарттары сыяктуу башка оорулары да болгон. Бейтаптардын бири жакында чет өлкөдөн кайтып келген.

СOVID-19. Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 116га жетти. Жаңы катталгандар сырттан келген…

иллюстрациялык сүрөт

Бишкек 2.04.20. informator.kg  2020-жылдын 2-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды.  Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт. Алардын ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош ш. – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя ш.) – 2.  Ошону менен Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116. Алардын ичинен:

• Жалал-Абад облусунда – 54;

• Ош облусунда – 30;

• Чүй облусунда – 5;

• Баткен облусунда – 3;

• Ош ш. – 10;

• Бишкек ш. – 8;

• Нарын облусунда – 4;

• Ысык-Көл облусунда – 2

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

“Жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгондор. Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 9618 адамга жасалды. Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 1008 адам.  Өлкө боюнча обсервацияда – 1708 адам жатат”,-деп айтылат штабдын маалыматында.

Коронавирус боюнча Саламаттыкты сактоо минитсрлигине берилген актуалдуу 10 суроого 10 жооп….

Бишкек 1.04.20. informator.kg Республикалык штабдан Салакматтык сактоо минитсрлигине эң көп узатылган актуалдуу 10 суроого министрликтин башкармалыгынын башчысы Алмаз Мамбетов тарабынан берилген жоопторду тизмектеди. Алар төмөнкүдөй:

Коронавирус кыргыз экономикасына кандай тобокелчиликтерди алып келет? Штабдын божомолу…

Бишкек 1.04.20. informator.kg  Азыркы кырдаалдагы абал Кыргызстандын экономикасына кандай макроэкономикалык тобокелчиликтерди алып келет? Бул тууралуу Республикалык штабдын божомолу төмөнкүдөй:

-тышкы суроо-талаптарды кыскартат, негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен сооданын шарттарын оордотот;

– эмгек мигранттарынын инвестициясынын жана акча каражаттарынын агымынын кыскарышы (акыркы керектөөчүгө чыгымдардын суммасы жана дүң жыйноо) менен шартталган экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу ички суроо-талапты кыскартат;

– калктын кирешесинин кыскартылышы;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин тартыштыгын көбөйтөт;

– коронавируска каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды көбөйтөт;

– убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон ишкерлерди жана чарба субъектилерин колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу чыгымдарын көбөйтөт;

– калктын аярлуу катмарларына (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) максаттуу жардам берүүгө чыгымдарды көбөйтөт;

– экономиканы турукташтырууга чыгымдарды көбөйтөт;

– инфляциянын деңгээлин көтөрүлүшүнөн жана баалардын кымбатташынын тобокелчилиги

Centerra Gold Inc Кыргызстанга акыркы төрт жыл үчүн 8,2 млн. доллар дивидент төлөйт

Бишкек 27.03.20 informator.kg  Кыргызстандын “Кумтөр” алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. компаниясы 2016-2020-жылдар үчүн Кыргызстанга  26,4 пайыз үлүшү үчүн дивидент төлөп берет. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКсынын расмий сайты кабарлайт.

Анда, аталган компаниянын негизги акционери катары Кыргызстан жалпысынан 11,75  миллион канад долларын дивидент катары алаары, бул 8,2 млн. АКШ доллары болоору, дивиденттерди төлөө 2020-жылдын 22-апрелинде жүргүзүлөөрү айтылат.