Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 4

Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы кызы маданият министринин орун басары болду

2-сентябрь 2020/informator.kg-

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырова маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кадыров Телеграмдагы каналына жазды.

— Кызымды бул кызматка даярдоо чечими салмактуу эле болду. Анын тажрыйбасы көп, — деп жазган Кадыров. Айшат Кадырова көп жылдан бери «Firdaws» мода дүкөнүн башкарып келет. Аны кызматка дайындоо чечими Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааевдин демилгеси менен кабыл алынганы айтылды.

Кызды өлтүрүп, органдарын сатып жиберишкен…

2-сентябрь 2020/informator.kg-Турцияга эс алууга барган өспүрүм кызды операция убагында каза болду деп органдарын алып коюшкан. Бул тууралуу Соль Медиа жазып чыккан. Алардын маалыматында, орусиялык жаран үй бүлөсү менен Түркияга эс алууга барышкан. Алардын 16 жаштагы кызы ичи ооруп жатканын айтып тез жардам чакырышкан. Жеке ооруканадан кыз сокур ичегиден улам операцияга кире турганын айтышкан. Он эки сааттык операциядан кийин кыз каза болуп калганын ата-энесине кабарлашкан. Кызыгы улам каза болуп калган кыздын ички органдары жок болуп чыккан. Көрсө алар кыз каза болор менен жакындарынын макулдугусуз ички органдарын сатып ийишкен. Алар биздин мыйзам боюнча кылдык деп жооп беришкен. Кийинчерээк ошол күнү кыз менен кошо операцияга кирген бейтап кызды атайы өлтүрүп органдарын сатып жибергенин айткан. Ошондой эле бул жайда бейтаптарды өлтүрүп органдарды сатуу сооданы көп боло турганын билдирген. «Мени менен башка улуттагы кызды операцияга алып киришкен. Алар кыздын ден соолугу жакшы экенин айтышып, анализин тезинен чыгарууга чуркап калышкан. Мен үйдө ичимдин оорусун басып бир нече саат дары ичип жата бергем качан дары ооруну баса албай чыдамы кеткенде айласыздан келгем. Мени тогуз саат кызды 12 саат операция кылышты дешет. Демек кыздын органдарынын көбү ал операцияга киргенче эле сатылып кеткен. А менде кайсы бир органым жок экенин билем. Алар алып коюшкан. Болбосо сокур ичегиден ушунча саат операция болбосун баарыбыз билебиз. Бирок кайрадан дарыгерге көрүнүп жоготкон органынын издейм деп экинчисин жоготкум келбейт»-деп жооп берген.

Трамп Кытай тууралуу катуу айтты

2-сентябрь 2020/informator.kg-

Кытай коронавирустан каза болгондордун саны тууралуу чыныгы маалыматты атайын эле жашырып жатат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалынын журналисттерине маек берип жатып айтканын “Известия” басылмасы жазды.
АКШ лидеринин ою боюнча, азыр Кытайда кыйын мезгил. Пандемиядан улам аталган мамлекет башкалар болжолдогондон да абдан көп зыянга учураган.

“Алар он миңдеген адамдарынан айрылышты. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кытайда коронавирустан көз жумгандар көп. Болгону бул тууралуу алар ачык айтпай, жашырып жатышат”, — деди Трамп.

Журналисттер өз кезегинде андан мындай маалыматтарды кайдан алганын сурашкан. Бирок Ак үйдүн ээси бул суроого жооп берген эмес.

Zoom кызматынын негиздөөчүсү бир нече саатта 4,2 миллиард доллар тапты

2-сентяюрь 2020/informator.kg- Zoom кызматынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Эрик Юань бир нече сааттын ичинде 4,2 миллиард доллар киреше тапты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты. Zoom видеоконференция кызматы кварталдык отчетторун жарыялагандан кийин компаниянын акциялары мурдагы баасына салыштырмалуу 24% дан ашык кымбаттап, кирешеси төрт эседен көп өскөн. Эгер тенденция ушундай нук менен улана берсе, жакында Юандын кирешеси 20 миллиард доллардан аша турганын аналитиктердин айтышууда. 
  Учурда Zoom программасын 370 миңден ашуун компания дайыма колдонушат. Анын ичинен 988и айына 100 миң доллардан ашык каражатты байланышка сарпташат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу беш эсе көп.  Чет элдик журналисттер Zoom коронавирус пандемиясында “пайда алуучуларынын” бири болуп калгандыгын белгилешти. 

Бразилияда аял беш айдан бери Covid-19 вирусун алып жүргөн

2-сентябрь 2020/ informator.kg-

Бразилиялык аялдын беш айдан бери COVID-19 вирусун алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү O Globo гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.  Кеп 152 күндөн бери организминде коронавирус жашап жүргөн аял тууралуу болуп жатат. Анда оорунун белгилери болгон эмес, бирок адистер аял бул аралыкта көп кишиге вирус жугузушу мүмкүн экенин айтууда. Аты аталбаган аял саламаттык сактоо тармагында иштегени маалым болду. Март айында анда вирустун алгачкы белгилери байкалган. Ошондон бери медик үй карантининде отурган. Беш ай өтүп, вирус организминде толугу менен жок болгону билингенде гана жумушка кайтуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Алмазбек Атамбаев: “Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек…”

Бишкек. 01.09.20. informator.kg Абакта жаткан өлкөнүн мурдагы Президенти Алмазбек Атамбаев “Батукаевдин иши” боюнча коомчулукка билдирүү жасады. Анда ал кылмышкер А. Батукаевдин абактан сыртка чыгарылышына эч кандай тиешеси жоктугун, бул мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди кармап келүү операциясына байланыштуу экенин, кыңыр иш кырк жылда ачыкка чыгаарын айтып, учурдагы бийликти күнөөлөгөн. Билдирүүнүн толук тексти төмөндө:

“Батукаевдин иши” деп аталган кылмыш иши боюнча соттун өкүмү күчүнө кирди. Бирок соттук териштирүү жабык өтүп, иштин материалдары купуя сыр болгондуктан, элдин көпчүлүгү чындыкты алиге чейин билбей, ар кандай ушак-айыңдарга жана бийликтин жалаасына ишенип жатат. Ошол себептен, мен билдирүү жасоону туура көрдүм.

2011-жылдан тартып мен Президент катары кылмышкер Жаныш Бакиевди өлкөбүзгө алып келүү  боюнча бардык чараларды  көрүп жаттым. Билесиздер, Жаныш Бакиевдин кылмыштуу буйруктарынын жана иш-аракеттеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинде 80ден ашык күнөөсүз жаран өлүп, миңге жакын адам жарат алган. Ал кандуу күндөн кийин өткөн 10 жылдын ичинде ошол жарат алган жарандардын да 80ге жакыны кайтыш болду.

“Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар.  Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабымдан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу, ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу. Ошондуктан иш жүзүндө “Сокенин соту” мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операцясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду. Чындык ушундай.

Тилекке каршы УКМКнын операциясы ишке ашпай калган. Ага ким күнөөлүү же объективдүү себептер болгонбу – булар да эртеби-кечпи белгилүү болот. Кыңыр иш кырк жылда билинет! Бирок мен азыр да Жаныш Бакиевге окшогон канкор кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн мамлекет бардык чараларды көрүшү керек деп толук ишенем.

Урматтуу мекендештер!

“Батукаев иши” боюнча өкүм аркылуу 150 адамдын өлүмүнө жана жүздөгөн адамдардын майып болуусуна күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевге жана анын өнөктөштөрүнө Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө кол тийбестик макамын ыйгарды десек жаңылбайбыз. Бул өкүм тийиштүү укук коргоо органдарына жана күч түзүмдөрүнө – 2010-жылдын 7-апрелинде тынч жарандарды массалык түрдө аттырган Бакиевдерге жана башка күнөөкөрлөргө каршы реалдуу аракеттерди көрбөгөнгө ачык-айкын көрсөтмө болду. Кыргыз эли мунун артында кимдер жана эмнелер турганын ачык билип, түшүнүшү керек. Кыңыр иш кырк жылда билинет. “Сокенин сотунан” башка элдин соту, тарыхтын соту, жарандардын соту бар. Бийликтин булагы – бул эл! Эртеби-кечпи акыры эл жана чындык жеңет! Урматым менен Алмазбек Атамбаев. 28.08.2020.”,-деп айтылат билдирүүдө.

Илон Маск мээге чип орнотууну көздөйт

1-сентябрь 2020/informator.kg-

Миллиардер Илон Маск мээсине тыйындай болгон чип орнотулган Гертруд аттуу чочкону дүйнөгө көрсөттү. Бул кадамы аркылуу Маск келечекте мээ менен түз байланышкан аппарат чыгарууну көздөп турганын ачыктады. Белгилүү ишкердин Neuralink компаниясы өткөн жылы чипти адамдардын мээсине орнотуп, сыноо өткөрүү боюнча уруксат алуу документтерин тапшырган. Жаңы технология неврологиялык илдети бар кишилерге жардам бермекчи. Мээсине чип орнотулган адам алыстан туруп эле уюлдук телефон же компьютерди башкара алат. Маск мырза чип технологиясы деменция же паркинсон илеттерин дарылап, шал болуп калган бейтаптарды бутуна тургуза алат деп айтууда. Бирок келечекте мындай чиптер менен жасалма интеллектке туруштук берүү мүмкүн болот, дейт ишкер. Илон Маск жасалма интеллект келечекте адамзатка коркунуч жаратышы мүмкүн экенине ишенет.

Путин Беларуска аскер жиберүүгө даяр, НАТО кийлигишпөөгө чакырды

1-сентябрь 2020/informator.kg-

Орусиянын президенти Владимир Путин зарылчылык жарала турган болсо, башаламандыкты басуу үчүн Беларуска укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жөнөтө алабыз деп билдирди. Путиндин айтымында, ага мындай өтүнүч менен Беларусь президенти Александр Лукашенко кайрылган. “Александр Григорьевич менден укук коргоо кызматкерлеринин белгилүү бир резервин түзүп коюушумду өтүндү. Мен аны аткардым”,-деди Путин. “Бирок бул күчтөр кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетмейинче колдонулбай турганын сүйлөштүк”,-деп кошумчалады Орусия президенти. Беларусь оппозициясынын Координациялык кеңеши буга кескин каршы пикирин билдирди. Беларусь аймагында колдонуу максатында Орусиянын же башка өлкөнүн аймагында куралдуу топторду түзүү жол берилгис жана эл аралык укукка каршы келет деп айтылган билдирүүдө. Бейшембиде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусияны Беларуста болуп жаткан окуяларга кийлигишпөөгө чакырды.

Өзбекстан: Коронавирустан 5 адам каза болду

1-сентябрь 2020/informator.kg-

Өзбекстандын аймагында акыркы сутканын ичинде коронавирус менен 365 адам катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир суткада коронавирустун кесепетинен 5 адам көз жумган. Пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 320 адам көз жумду. Оору жуктургандардын жалпы саны 41 893 адамга жетип, алардын ичинен 39 275 адам айыкты. Бул жалпы сандын 93 пайызын түзөт. 

Ливанда жаңы өкмөт түзүлө баштады

1-сентябрь 2020/informator.kg-

Ливандын президенти Мишел Аун жаңы өкмөт түзүүнү буга чейин Ливандын Германиядагы элчиси болуп иштеген Мустафа Адибге тапшырды. Бул тууралуу ал Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Бейруттагы сапарына саналуу сааттар гана калганда жарыялады. Жаңы өкмөттү түзүү Бейрутта ушул айдын башында ондогон адамдын өмүрүн алган жарылуудан кийин келип чыккан саясий каатчылык маалында өткөнү жатат. Буга чейинки Хасан Диаб жетектеген өкмөт бул каргашалуу окуядан улам башталган калайман каршылык акцияларынан улам мөөнөтүнөн мурда тараган.Адибдин талапкерлигин өлкөдөгү ар түрдүү диний топтордун өкүлдөрүнөн куралган партиялар да колдоду.