Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 60

09.06.19 informator.kg Казакстанда Президенттик шайлоодогу бийликтин аракеттерине каршы митингдер массалык түргө айланууда. Бул боюнча, соцтармактардагы тасмалардан көрүүгө болот. Анда полиция кызматкерлери Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарларында нааразы элдерди четинен кармап жатканы тартылган…

Казахстан.

Опубликовано БеспределKG Воскресенье, 9 июня 2019 г.

09.06.19 informator.kg Валентина Шевченко бүгүн Чикаго шаарында болуп өткөн, эрежесиз уруштун 57 кг чейинки салмакта UFCнин чемпиондук титулун коргой алды. Анын атаандашы америкалык Джессика Ай болгон.

Сары кыздын UFC де сегизинчи урушунун, алтынчы жеңиши. Жалпы Валентина MMA де жыйырма уруш өткөзүп, анда 17си жеңиш менен аяктаган.

Казакстанда Президенттик шайлоо жабык өтүүдө…

Бишкек. 0.06.19. informator.kg Казакстанда ьөтүп жаткан Президенттик шайлоо чет элдик ММКлар үчүн жабык өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандагы “Азаттык” үн алгысынын кабарчысы Бакыт Асанов фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Казакстандын Тышкы иштер министрлиги “Эркин Европа/Азаттыктын” чет элдик кабарчыларына аккредитация берүүдөн баш тартты. Алардын арасында “Азаттык” журналисттери катары биз да барбыз. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги аккредитациядан баш тартуунун себебин түшүндүргөн жок.

Биз Нур-Султанга 8-июнда келгенбиз. Коңшулардын шайлоосундагы байкоолорубузду фейсбук аркылуу бөлүшкөнгө аракет кылабыз…”-деп жазды ал.

Эске сала кетсек, Президенттикке 7 талапкер ат салышууда

Казакстанда Президенттик шайлоо башталды

Бишкек. 9.06.19. informator.kg Бүгүн, коңшулаш Казакстанда мөөнөтүнөн мурда белгиленген Президенттик шайлоо өтүп жатат. Ушу тапта добуш берүү участкалары ачылып, шайлоочулар келе баштаганы кабарланат.

Шайлоого жалпысынан 7 талапкер ат салышууда. “Нур-Отан” партиясынан президенттикти убактылуу аткарыр жаткан Касым-Жомарт Токаев, «Ұлы дала қырандары» коомдук уюмунан – Садыбек Тугел, Казакстан профсоюздар федеоациямынан – Амангельды Таспихов, «Ак жол» партиясынан– Дания Еспаева, «Ауыл» партиямынан– Толеутай Рахимбеков, от Элдик Коммунисттик партиясынан – Жамбыл Ахметбеков жанан «Ұлт тағдыры» кыймылынан – Амиржан Косанов.

Шайлоо эрежелери боюнча, добуш берүүчүлөрдүн 50 пайызынан көп добуш алган талапкер президент болуп шайланат.

05.06.19 informator.kg Эми америкалык виза алуу үчүн документтерди тапшырууда, социалдык тармактагы аккаунттарды көрсөтүү талабы коюлду. Эгер алар жабык болсо, элчиликтин кызматкерлерине аны ачып берүүгө мажбурсуң. Визага тапшыруудагы жаңы процесс, өткөн аптанын жума күнүнөн тарта иштеп баштаган.

Туристтик, студенттик, жумуш визаларын алууну каалагандар, алгач социалдык тармактагы 5 жыл ичинде колдонулган аккаунттарын көрсөтүүгө мажбур.

Виза берүү кызматкерлери, адамдын сүрөттөрүн, кайсы жерлерге баргандыгын жана маанилүү даталарды текшерүүгө алат.

Социалдык тармактагы аккаунттарды текшерүү демилгеси, АКШ президенти Дональд Трампка тиешелүү.

Улуу Британияда 5G тармагы иштелип чыкты.

04.06.19 informator.kg Улуу Британияда 5G тармагы иштелип чыкты. Аталган мамлекетте EE мобилдик оператору 5-муундагы мобилдик тармакты биринчи киргизди.

Жаңы муундагы байланыш беш ири шаарда, Лондон, Эдинбург жана Манчестерде тартат. Жылдын аягында 5G 10 шаарга берилет.

Белгиленген бешинчи муундагы уюлдук тармакты Швейцария жана башка чакан мамлекеттер киргизген. Ал эми Европада Улуу Британия жаңы стандарттагы байланышты биринчи киргизгендерден болот. Ошол эле мезгилде 5G-тармагы АКШ жана Түштүк Корея сыяктуу Азианын айрым мамлекеттеринде бар. Кытай жана Японияда 5G азырынча кире элек.

Ким Чен Ын өз дипломаттарын өлүм жазасына тартты

02.06.19informator.kg КЭДР лидери Ким Чен Ындын буйругу менен Пхеньяндын США боюнча иш алпарган төрагасы Ким Хек Чхоль өлүм жазасына тартылган. Мындай маалыматты Түштүк Корея гезити Chosun Ilbo жарыялады.

Ким Хек Чхоль жана төрт башка дипломаттар өлкөгө чыккынчылык кылгандыгы жана АКШнын чалгынчылары катары күнөөлүү табылып, Пхеньяндан алыс эмес жайгашкан “Мирим” аэродомунда өлүм жазасына тартылган.

КЭДР лидеринин мындай чечиминин негизги себеби катары, АКШ президенти Д. Трамп менен Ким Чен Ындын Вьетнамдагы сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз болгондугуна байланыштуу деп берилет гезитте.

Microsoft Excel ге валюталык опция катары Биткоинди киргизет

30.05.19. informator.kg Күндөн-күнгө криптовалютанын папулярдуулугу өсүп келүүдө. Андыктан, белгилүү дүйнөлүк компаниялар да, дүйнөлүк тенденция менен биргеликте иш алпарууну көздөп тургандыгы белгилүү. Мындай компаниялардын бири Microsoft, жакында эле өзүнүн Excel электрондук таблицалар программасына валюталык опция катары Биткоинду киргизе тургандыгын жарыялады.

Криптовалюта өзүнүн ийгиликтүү жолунда, дагы бир топ маанилүү кадамдарды жасай алды, алар:

Биткоинду дүйнөлүк атактуулар (ырчылар жана Дүйнө Мисстери) колдошуп, криптовалютанын колдонулушуна жана анын топтолуп турушуна кызыктар.  

Биткоин акырындык менен адам баласынын күнүмдүк турмушуна кирип, жадагалса Starbucks өз төлөмдөр түрүнө популярдуу криптовалютаны колдонууну жарыялады.

Биткоин киномотография жаатында да жаңылыктарды киргизүүдө, жакында белгилүү актёр Курт Рассел катышкан «Крипто» тасмасынын триллери чыкмакчы.

Өзбекстанда Volkswagen автоунаасы чыга баштайт

29.05.19 informator.kg Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгара баштайт. 28-майда Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бир катар келишимдерге кол коюшту.

Мындан тышкары тараптар маалымат коосуздугун сактоо, уулуу газдардын абага тарашын төмөндөтүү келишимдерине кол коюшту. Өзбекстан Илимдер академиясы менен Германиянын «Integra GmbH» жана «Vamed Engineering GmbH» компаниялары Ташкентте өзөктүк медицина жана нур терапиясын түзүү боюнча макулдашты.

29-майда Германия президенти жубайы менен бирге Ургенч мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп, Хиванын тарыхый жайларын кыдырышат.

Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 2018-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.

Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапар менен Өзбекстанга 27-майда келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

НАТО Орусияны Крымдан аскердик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырды

23.0519. informator.kg

НАТО аскердик комитетинин төрагасы Стюарт Пич альянстын Брюсселдеги жыйынында Крымдын Орусияга кошулушу “аннексия” экендигин баса белгиледи.

“Түшүнүктүү болуш үчүн, НАТО эч качан макул болбойт, Крым Орусия тарабынан аннексияланган жана биз Орусия өз аскердик күчтөрүн Крымдан чыгарып кетүүгө, чакырууну улантабыз”,  – деп белгиледи Пич.