Түркияда октон көз жумган жигиттин өздүгү такталды – видео
8.07.19 informator.kg Түркиянын Аланья шаарында каза болгон 23 жаштагы жигит Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну болгон. Бул маалыматты Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Эшме орто мектебинин директору Жамила Эрмекбаева тастыктады.
«И.у.М. биздин мектепте жакшы окуган окуучулардын бири болчу. Мектепти бүтүргөндөн кийин Ошто фотограф болуп иштеп жүрдү. Ноокаттык кызга үйлөнүп, Түркияга кеткенине 1 айдан ашыптыр. Азырынча сөөгүн өлүкканадан чыгаруу кыйын болуп жатыптыр деп уктук. Жакындары, ата-энеси каза болгонун угушту», – деди Жамила Эрмекбаева.
Маркумдун үйлөнгөнүнө 5-6 ай болгон.
Буга чейин «Баракелде» басылмасы Түркияда кыргызстандык жаш жигит киши колдуу болуп көз жумганын жазган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, 7-июлда Аланья шаарынын аймагындагы дүкөндөн чыккан жаш жигитке тапанчадан ок атылган. Ал көп узабай каза болуп, өздүгү такталгандан кийин Кыргызстандын 1996-жылы туулган жараны М.И. экени белгилүү болгон.
Жергиликтүү полиция кызматкерлери көп узабай шектүү катары жергиликтүү 40 жаштагы жашоочуну (эркек киши) кармашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мындай кылмыштын себебин маркум экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик менен байланыштырган.
Turmush