Дүйнөдө

Дүйнөдө Страница 64

Бүгүн Украинада Президент Зеленский ант берет

Бишкек. 20.05. 19. informator.kg   Бүгүн, Украинанын борбору Киевде жаңы шайланган президент Владимир Зеленский ант берип, ишине киришет. Буга байланыштуу, кечээ ал Facebook баракчасы аркылуу борбор шаардын тургундарынан кечирим сураган.

“Сиздер билесиздер, инаугурация 20-майга белгиленген. Эсиңиздерде болсо биз киевдиктерге түйшүк жана тыгын жаратпаш үчүн унаугурацияны 19-майга, дем алыш күнгө коюну талап кылганбыз. Бирок, Рада ушундай деп добуш берип койду, кимге даттана алабыз. Ушуга байланыштуу чет элдик коноктор жетишээрлик көп келип, Киевдин белгилүү бөлүгүндөгү жолду жабууга туура келет. Кечиргиле, суранам, дагы бир жолу кечиргиле, Жогорку Раданы. Рада бизге ыңгайсыздык жаратты, биз аларга жаратабыз, убада кылам»,-дейт ал. 

 Белгилүү болгондой, жаңы Президенттин ант берүү аземине Латвия, Литва, Эстония, Грузия  жана Венгриянын Президенттери, Тңркиянын вице-президенти, Молдовиянын премьер-министри Белорусия, Румыния, Словакия жана Болгариянын вице-премьерлери, АКШнын энергетика министри, Канаданын коргоо министри, Франциянын Европа маселелери боюнча министри, Польшанын ТИМ министри жана башка 40тан ашык жогорку даражалуу коноктор катышмакчы.

Пашинян элди соттордун жолун тосууга чакырды


Бишкек. 20.05. 19. informator.kg Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн баардык соттордун жолдорун тосууну элден суранды. Ал мындай чакырыгын, өзүнүн расмий Facebook-баракчасына жазды.

“Эртең, таңкы 08:30дан тартып баардык соттордун имараттарынын кириш-чыгыш жолдорун тособуз. Эч ким ички кирбегендей болушу керек. Мен 12:00дө түз эфирден билдирүү жасайм”-дейт Пашинян.

Эскерте кетсек, ага чейин ал Армениядагы революциянын экинчи эң башкы этабын баштай турганын шардана кылып, маанилүү билдирүү жасаарын айтып жаткан болчу.

Акылбек Жамангулов: “Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…”

“Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…” Бул тууралуу “Альфа Телекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

“Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, каттарды жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара” дегенге чейин барган”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин Өкмөткө да, КТ-Мобайлга да расмий тиешеси жок…

Кытай “Википедияны” толугу менен жапты


Бишкек. 16.05. 19. informator.kg  Кытай бийлиги “Википедия” онлайн-энциклопедиясын толугу менен жапты. Кошуналардын интернет мейкиндигинен аны кайсы тилде издебе, баары бир ачылбайт. Бул боюнча дүйнөлүк басылмалар жазып жатышат.

Анда аталган онлайн-энциклопедияягы ээлик кылуучу «Wikimedia Foundation” уюму чындап эле кытай бийлиги өлкөдө анын иштөөсүнө катуу чек койгонун, бирок, эрежлерге ылайык алар уюмга эч кандай алдын ала эскертүүлөрдү жөнөтпөгөнүн айткан.  Ошондой эле алар мурдараак эле Кытайда Тяньаньмэнь, Далай-лама же Тибет окуяларына байланышкан макалалар жабылып келгенин айтышкан. Ал окуялар болсо кытай бийлигин каардуу армиясы тарабынан басылган кандуу көтөрүлүштөр, адам укуктары одоно тебелеген көрүнүштр болуп келет.

Эскерте кетсек, буга чейин эле Кытайда  Google, Facebook жана LinkedIn) сыяктуу бир нече белгилүү порталдар иштебей келген.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Али Эрбаш менен жолугушту

Бишкек. Informator.kg  7.05.19. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын дин иштери боюнча Башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Анда белгилүү болгондой, жолугушууда диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери каралып, тараптар билим берүү жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында жарандарды руханий-интеллектуалдык жактан агартуу чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулады.

Министр Ч.Айдарбеков Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин курулушуна жардам бергени үчүн түрк тарабына ыраазычылык билдирди. Бул мечит Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын 2018-жылдын 2-сентябрында КРга расмий сапарынын жүрүшүндө КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун катышуусунда ачылган.

Жолугушууда ошондой эле “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун төрагасы Самаган Мырзаибраимов катышты.

В Днепре мужчины в масках и с оружием ворвались в частный дом и отняли деньги

29 апреля за помощью к правоохранителям обратилась жительница частного дома, расположенного на улице Кузбасской. Она рассказала, что в ее дом ворвались несколько мужчин в масках и с пистолетом. 

Вооруженные мужчины не только отняли деньги у женщины, но и избили ее. Об этом сообщает Информатор.

Предварительно известно, что злоумышленников было трое. Войдя в дом, они принялись избивать хозяйку и рыться в ее вещах.

Женщина кричала так громко, что ее услышали соседи. Испугавшись нежданных гостей, преступники сбежали, прихватив с собой несколько тысяч гривен.

Сейчас на месте работает следственно-оперативная группа. Правоохранители выясняют детали инцидента и ищут преступников.

Ранее Информатор сообщал, что в Днепре женщина обманула маленькую девочку, чтобы ограбить квартиру. Также Информатор делился советами, которые помогут вам не стать жертвой грабителей. Также сообщалось, что в Днепре на Хабаровской правоохранители задержали мужчину, который подозревается в совершении краж.