Бишкек. 3.08.20 informator.kg Чеченстандан Кыргызстанга жалпы баасы 51 млн. сомдук гуманитардык жардам келип жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Андагы маалымат боюнча, буга чейин КРнын Орусиядагы Элчилиги менен Чеченстандын расмий бийлиги ортосундагы сүйлөшүүлөргө ылайык, гумантардык жардам ирээтинде “Фармстандарт” ААКсы тарабынан берилген коргоочу камбинезондор, үч катмарлуу беткаптар, коргоочу көзз айнектар, пластик щиттер баштаган медициналык коргоочу буюмдар КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кампасына жеткирилген.