Бишкек. 01.09.20. informator.kg Нарын облусунун Чет-Нура айылындагы добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды. Бул тууралуу Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы маалымат таратты.

Анда социалдык тармактарга тарап кеткен Чет-Нура айылынын тургундарынын чогулушунда айыл өкмөт башчысы делген Азамат Мүсүрканов аттуу жигиттин айылга комбайн сатып алуу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер Улан аттуу адам менен сүйлөшүү болгонун, ал “эгер мага 300 добуш алып берсеңер 500 миң сом берем” деп убадалашканы тууралуу тасма иликтенип жатканы айтылат.


Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого “Биримдик” партиясынан Улан Бакасов аттуу ишкер талапкер болуп чыгып жатат. Бирок, ал кечээ бул маалыматты төгүндөп, Чет-Нура айылынын башчысы менен эч кандай добуш сатып алуу боюнча сөз болбогонун айтып, кадыр-баркын коргоо үчүн сотко кайрылган.