25-август 2020/informatorkg-

Кыргызстанда кечээ коронавирустан каза болгон адамдар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.”Кудайга шүгүр, бүгүн каза болгондор катталган жок. Бирок жер-жерлерде үйүндө өз алдынча дарыланып, ооруканага кеч кайрылгандар, оор жана өтө оор абалда түшкөндөр азайган жок”, — деди Каратаев.Ошондой эле  119 адам жуктуруп, 310 адам сакайганы маалым болду.