13-октябрь 2020/informator.kg- Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын кескин курчуп кеткендигине байланыштуу Улуттук коопсуздук кеңеши менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу «ВВС» билдирди. Чехияда эки жуманын ичинде бейтаптардын орточо саны 493төн ашты. Бул — пандемия башталгандан берки жана учурда Европадагы эң жогорку көрсөткүч. Ошол эле учурда, экинчи улуттук карантинди киргизүү жөнүндө сөз жок. Чех бийлигинин айтымында, азыркы этапта чектөө чараларын гана колдонуу акылдуулукка жатат. Мисалы, соода борборлоруна акысыз интернет кызматын өчүрүүгө буйрук берилген, бул өспүрүмдөрдү мындай жайларга чогулуу идеясынан баш тартууга түртөт.