22-ноябрь 2020/informator.kg- Дүйнөдө бүгүн, 22-ноябрга карата коронавирус инфекциясын 58 миллион 76 миң 75 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 37 миллион 167 миң 703 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 379 миң 508 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 12 миллион 85 миң 389 болду. 255 миң 823 адам каза болсо, 4 миллион 529 миң 700 бейтап айыгып чыкты. Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 50 миң 597 адамдан аныкталды. 132 миң 726 адам каза болсо, 8 миллион 478 миң 124 бейтап айыкты. Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 52 миң 786 адам вируска кабылган. 168 миң 989 бейтап көз жумса, 5 миллион 437 миң 189 бейтап оорудан сакайды.