28-сентябрь 2020/informator.kg-

Дүйнө боюнча коронавирустун курмандыгы болгондор бир миллиондон ашты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдады. Уюм айрым аймактардын статистикаларын аныктоо оор болгондуктан, так маалыматты айтып туруу кыйынга турарын кошумчалаган. Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча Covid-19 диагнозу менен көз жумгандар 996 695 адам. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 33 миллионго жакын. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вируска каршы вакциналар эрте дегенде бир нече айда гана жеткиликтүү болорун, мындан улам, коронавирустук инфекциядан каза болгондордун саны 2 миллионго да жетиши мүмкүндүгүн айтты.