6-ноябрь 2020/informator.kg- Бүгүн, дүйнөдө коронавирус инфекциясын 48 миллион 600 миң 362 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 32 миллион 332 миң 824 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 232 миң 209 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө акыркы бир суткада 100 миңден ашуун адамдан илдет аныкталып, ооругандардын жалпы саны 9 миллион 606 миң 369 болду. 233 миң 911 адам (+1100) каза болсо, 3 миллион 781 миң 751 бейтап айыгып чыкты. Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 364 миң 86 адамдан аныкталды. 124 миң 315 адам каза болсо, 7 миллион 711 миң 809 бейтап айыкты. Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 590 миң 25 адам вируска кабылган. 161 миң 106 бейтап көз жумса, 5 миллион 78 миң 162 бейтап оорудан сакайды (Бразилиядагы статистикалык маалыматтар жаңыланган эмес).