19-ноябрь 2020/informator.kg- Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны 56 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университетинин бүгүн, 19-ноябрдагы эсеби боюнча, жалпы 10 миллиондон ашык адамдан дарт аныкталган. Коронавирус жуктурган жана көз жумган адамдардын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары алдыда. Бул өлкөдө жалпы 11,4 млн адамга оору жугуп, 250 миңден ашык адам көз жумду.