31-июль 2020/informator.kg-Австралия зоопаркында Гиннестин рекорддор китебине кирген дүйнөдөгү эң бийик жираф бар. Анын бийиктиги беш жарым метр, деп билдирет Upi.Ирвин Биндидин үй-бүлөсү Квинсленд штатындагы Бирва шаарындагы зоопаркка ээлик кылышат . Социалдык маалымат каражаттарында алар Forrest жирафы расмий түрдө дүйнөдөгү эң бийик жираф деп табылганын жарыялашты. “Биздин урматтуу Форрест Гиннестин рекорддор китебине эң бийик тирүү жираф катары кирди! Биз бойлуу жигитибиз менен сыймыктанабыз, анын жүрөгү кең жана боорукер”, – деп жазган Ирвин.