18-ноябрь 2020/informator.kg- Дөөлөт Сыдыков токтоосуз «Манас» эпосун айткан эмгегин Гиннестин рекорддор китебине киргизүү иштерине 3-4 ай убакыт керектелет. Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуеванын маалыматы боюнча, учурда бул саамалык тууралуу документалдык тасма тартылып жатат. Тасмада бул иш-чаранын башталышы, жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу көрсөтүлөт. Ошондой эле серепчилердин көз карашы камтылмакчы. Ал тасма англис тилине которулгандан кийин комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт