Такси кызматынын дем алыш күндөрү иштөөсүнө тыюу салынып, бир топ жарандарды оор жагдайда калтырды. Алардын бири медицина кызматкерлери. Дарыгерлер ишемби жана жекшемби күндөрү да кызматта болгондуктан, жумушка барып-келүүдө кыйынчылыкка дуушар болушту.

Эң алгачкы сокку чөнтөккө болду. “Жеке менчик фирманын таксилери шаар ичинде баасы арзан болсо, дем алыш күндөрү алардын жоктугун билген, бурчтарда жол акмалаган таксисттер бааны асмандатып алышкан. Алар өз кызматын 300-400 сомго чейин баалап, биздин чөнтөккө катуу сокку урушту. Биздин айлык бурчтарда турган таксисттерге эле кетип калабы? Макул, коомдук транспорт иштебесин, бирок фирманын арзан таксилери иштесин анда, жумушка ажетмегим тозок”,- дейт нааразы болгон мед. кызматкер.

Айлам жок, кымбат таксиге олтурдум.Биз ишемби күнү тез жардамга муктаж болдук. Менин унаам жок, жубайыма тез жардам чакырсак, алар менен байланышуу кыйнга турду. Эми алардын келишин күтуп олтуруу мүмкүн эмес эле, биз өз камыбызды өзүбүз ойлоп, такси издедик. Бирок, көчөдө турган таксилердин кызматын сурасак, алар 300 сом дешти. Фирманын таксиси менен ооруканага чейиин максимум 150 сом болмок, булар бааны аябай көтөрүп алыптыр. Айлам жок, кымбат таксиге олтурдум“,-дейт Табылды С.

Ишемби күнү жол кире үчүн иштеген болуп каламбы?.Мен студентмин, жайында тейлөө кызматында иштечүмүн. Бирок, ал жакта иштөө кооптуу болуп турат. Анан темир чогулткан жерде үч бала болуп иштейбиз. Ишемби күнү жумуш көп болот 500-600 сомго чейин табамын. Бирок, эртең менен жумушка баруу кыйын болууда. Көчөбүздүн башында таксист байкелер бар. Алар менин жумушума чейинки аралыкка 250 сом алабыз дешти. Ооба, ишим жакын эмес, бирок кантсе да ишим бар. Ошондуктан барышым керек. Эгерде, барганым 250 сом, келгеним 250 сом болсо, мен дем алыш күндөрү жол кире үчүн эле иштеген болот экенмин. Жумушка барбай коюу да мүмкүн эмес. Акча керек да”,- дейт Бекжан.

Такси менен жан багабыз. “Мен батирде жашаймын, 3 баланын атасы, келинчегим ден-соолугуна байланыштуу иштебейт. Шаардагы такси фирмалардын биринде иштеймин. Киреше булагым такси гана болгондуктан, мэрия тарабынан болгон тыюу биздин үй-бүлө каржысына катуу залакасын тийгизди. Такси менен жан багабыз, санитардык нормаларды деле сактап иштеп жүрдүк. Коомдук транспортту тыйса да, бизди тыйбай эле койсо болмок экен“,- дейт Канат Р.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы дем алыш күндөрү коомдук жана такси кызматынын иштешине тыюу салган. Мындан улам фирманын таксилери да иштебей, “попутчик”, “көчөлөрдө турган таксилер” жол кире баасын асмандатып, калктын калың катмарынын чөнтөгүнө катуу сокку урган. Мэриянын мындай чечимине калың журт макул эместигин билдирип, буйруктун үстүндө кайрадан иштеп чыгууну талап кылышууда.