16-сентябрь 2020/informator.kg-

14-сентябрда Ноокат районунун Күндү-Дөбө айылындагы унаа кырсыкка кабылган оор жүк ташуучу «Хово» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу качкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын айтымында, айылдагы жолдо «Хендай Портер» унаасы менен «Хово» кагышкан. Анын кесепетинен «Хендай Портер» Ак-Буура дарыясына кулап кеткен. Анын ичинде 3 адам келе жатканы такталган. Бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа жайлоодон мал, ал эми «Хово» көмүр жүктөп келе жатышкан. Айдоочулар бир дөң жерден бири-бирин көрбөй калып, кагышып кетишкен. «Хендай Портер» артка кеткен. Анын 1974-жылы туулган айдоочусу, Араван районунун тургуну түшүп калууга жетишкен. Ал эми ичиндеги 2 адам (таята менен 5 жаштагы небере) мал менен кошо дарыяга кулап кеткен. «Ховонун» айдоочусу ««Хендай Портердин» айдоочусун жолго чейин чыгарып, жолдо бара жаткан жеңил унаага салып, ооруканага жеткирип коюуну суранган. Ал айдоочуга «Хендай Портердин» ичинде кимдер бар болгонун билбей турганын, мал менен кошо сууга түшүп кеткенин айткан. Өзү унаасын («Ховону») айдап, Араван районуна келе жаткан. «Хендай Портердин» айдоочусун ала келген жолоочу милицияга окуя боюнча кабар берген. Ал жерге Папан милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери бара жатканда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун кездештиришкен. Айдоочу качып кеткен эмес. Окуя болгон аймакта байланыш жок болгондуктан унаасын айдап артынан келе жаткан. Кырсык Араван районунун аймагына карагандыктан иш Араван РИИБге өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Таята менен небере изделүүдө. Издөө иштерине милиция кызматкерлери да тартылган.Булак: Турмуш кг