19-ноябрь 2020/informator.kg- Конституциянын жаңы долбоорун экс-президент Курманбек Бакиевдин юристи жазган. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармакка видео жүктөдү. Анда эл өкүлү Конституция долбоорун Бектур Зулпуев жазганын, ал Курманбек Бакиевдин юристи болгонун айткан.

Мына далил. Курманбек Бакиевдин юристи Бектур Зулпуев Конституциянын долбоорун жазган. Кааласаңыздар кирип көрсөңүздөр болот. Жогорку Кеңештин сайтында бул файл 13-ноябрда түзүлгөн. Анын автору Бектур Зулпуев. Ал эми кечээ депутаттар окубай туруп кол коюп беришкен. Кээ бирлери бүгүн окуп башташты. Кай бирлери жөнөкөй суроолорго жооп бере албай жатышат. Бул деген уят “, – деген депутат.