19-ноябрь 2020/informator.kg- Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Маалыматты SUPER.KG порталына депутат өзү тастыктады. “Мени 5-октябрдагы окуя боюнча ИИМ эртең саат 17:00гө суракка чакырды. Бул жерде ар кимди тандап чакырып жатканына караганда кандайдыр бир сыр жаткандай көрүнүп турат. Мен бул чакырууну жаңы Конституцияга каршылыгымды билдиргениме байланыштырбайын десем өзү эле байланышып жатпайбы.

5-октябрда аянтта модератор Сыймык Жапыкеев болгон. Бүгүн ал Финполдун башчысы. Туурабы? Камчыбек Ташиев дагы сөз сүйлөгөн, ал бүгүн УКМКнын башчысы. Руслан Казакбаев дагы болгон, ал бүгүн тышкы иштер министри. Эльвира СурабалдиеваМаксат Мамытканов дагы болгон. Эмне үчүн аларды күбө катары чакырбай, депутаттарды чакырып жатат? Мына ушунун өзүндө бир нерсе жатат”, – деди Момбеков.