Medical technology concept.

28-июль 2020/informator.kg-

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Маргарет Харрис 28-июлда болгон брифинг маалында коронавирустун толкундары тууралуу айтып жатып: «Бир чоң толкун болот. Ал кээде көтөрүлүп, кээде төмөндөп турат. Баарынан да аны жайлатып салган туура», – деди.Уюм ошондой эле «жай мезгилинде коронавирустун жайылышы басаңдайт» деген кептер боюнча өз тынчсыздануусун билдирди.«Бул жаңы вирус жана ал өзүн башкача алып жүрөт, биз дагы көп нерсени иликтешибиз керек», – деди Харрис.Кийинки күндөрү коронавирус буга чейин кырдаал оңолуп калган көп мамлекеттерде кайрадан күч алды. Испанияда июнда бир күндө илдетке чалдыккандардын саны 200 адамдын тегерегинде болсо, учурда 1500дөй киши катталып жатат.COVID-19 илдети Азиянын бир нече мамлекеттеринде да кеңири жайылып баратканы байкалууда.