7-август 2020/informator.kg-

КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева алдыда боло турган шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.“Эки жумадай калды, сураныч, чыдап туруңуздарчы. Ким кайсы партияга, ким менен, эмне себептен барганы жарыяланып, ачыкка чыгат. Съезддерде кандидаттардын тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин, октябрда, добуш алып/албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар.Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар – өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин», – деп жазган ал.