28- июль 2020/informator.kg-

Египетте сот беш блогер аялдын ар бирин эки жылдан абакка кести. Алардын арасынан эки аялдын «Инстаграм» жана «TikTok» социалдык тармактарында жүз миңдеген катталуучулары бар.Блогерлерге жана алардын жардамчыларына «адепсиздикке үгүттөшкөн жана адам аткезчилиги менен алектенишкен» деген айыптар коюлду.Өкүмдө «алар Египеттин принциптерине жана баалуулуктарына» шек келтиришкени айтылды. Ошондой эле ар бир аял 19 миң доллардан айыпка жыгылды.Кесилгендердин бири 20 жаштагы Ханин Хассанга аялдар менен эркектерди бири-бири менен тааныштырууга багыттаган видеосу үчүн айып коюлду. Бул нерсе тургундарды эркиндигин чектеди деген ойлор да айтылып жатат.