10-ноябрь 2020/informator.kg- Учурда Кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланып жаткан саламаттыкты сактоонун мурдагы министри Космосбек Чолпонбаевге операция жасатуу талап кылынууда. Бул тууралуу аталган медициналык жайдын директору Акпай Сарыбаев ырастап, мурдагы министрдин жүрөгүнө операция жасатуу керектигин, ал кызматтын баасы кымбат экенин билдирди. “Ал жүрөгүнө стент коюуга муктаж. Бул кымбат хирургиялык кийлигишүү. Бизде операцияга сарпталуучу материалдар өтө кымбат. Ал акча алып келери менен, биз ага дароо операция жасайбыз. Ал ушул аптада каржы маселесин чечерин айткан”, – деди ал. Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев буга чейин 320-берененин (“кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.