Бишкек. 11.01. 12 informator.kg  Кыргыз Республикасынын мурдагы Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов финполго суракка чакыртылды. Бул тууралуу аталган органдан тастыкташты.

Андагы маалыматтар боюнча, мурдагы өкмөт башчысы 2020-жылдагы “Коронавирус” пандемиясы менен күрөшүүдө Өкмөткө келип түшкөн материалдык жардамдардын бөлүштүрүлүшү, сырттан кирген каражаттар жана каржылык маселелер боюнча суроолорго жооп берет.

К. Боронов финполицияга эртең 12-январда күндүзгү саат 11:00гө чакыртылган.