“Элден Элге – Бекер Нан!” кайрымдуулук долбоору старт алды. Долбоор негизинен Бишкектин четиндеги конуштарда иш жүргүзмөкчү. Ак-Босого, Арча-Бешик, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Ак-Ордо жана башка конуштарда уланат.

Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга күн сайын ысык нан таратылып турат. Мындай кайрымдуулук биздин редакция тарабынан демилгеленди. Долбоор камкор жарандар менен КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин колдоосуна ылайык, мекемеге караштуу “Келечек” мамлекеттик ишканасынын көмөгү астында ишке ашырылууда.

Нанды жабууда жана таратууда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча эрежелеринин баары сакталып жатканын демилгечилер кошумчалайт.

View this post on Instagram

"Элден Элге – Бекер Нан!" кайрымдылуу долбоору старт алды. Долбоор негизинен Бшкектин четиндеги конуштарда иш жүргүзмөкчү. Ак-Босого, Арча-Бешик, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Ак-Ордо жб конуштарга чейин кайрымдуулук долбоордун колун жеткирүү пландалып жатат. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга күн сайын ысык нан таратылып турат. Мындай кайрымдуулук биздин редакция тарабынан демилгеленди. Долбоор камкор жарандар менен КР Жаза аткаруу мам.кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин колдоосуна ылайык, мекемеге караштуу "Келечек" мам.ишканасынын көмөгү менен ишке ашырылууда. Жардам бере алам деген жарандар атайын ЭлСом эсебине акча көтөрө алат (0507292927) Нанды жабууда жана таратууда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча эрежелеринин баары сакталып жатканын демилгечилер кошумчалайт. #БИРИККЕНДЕКЫЙЫНЧЫЛЫКТЫЖЕҢЕБИЗ!

A post shared by @ informator_kg on