Бишкек. 02.04.21. Бишкек Аймактык шайлоо комиссиясы 1-апрелдеги отурумунда борбор шаардагы шайлоого катышып жаткан партиялардын үстүнөн келип жаткан арыздарды карап, “Эмгек, “Акбата” партияларынын айрым талапкерлерин шайлоодон четтетти.

Тактап айтканда, “Эмгек” партиясынан талапкер Анара Мамбетова менен Марлен Токтоналиевдер “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамды бузгандыгына байланыштуу талапкерликтен четтетилди.

Ошону менен бирге эле “Ак-Бата” партиясы Бишкектин “Ак-бата” жаңы конушундагы тургундарга футбол турнирин өткөрүп, катышуучуларга бекер тамак таратканы боюнча фактынын негизинде, аталган иш-чараны уюштурган Нариман Түлеев менен Ыргал Кадыралиеванын ишмердигинин мыйзамдуулугу каралып, жыйынтыгында Ыргал Кадыралиеваны шайлоодон четтетүү боюнча чечим чыгарган.

Азыркы учурда, Бишкек АШКсынын координациялык тобуна жалпысынан 31 мыйзам бузуу боюнча арыз келип түшкөн.