26-ноябрь/informator.kg- Конституциялык жыйында мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү сунушталды. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев пленардык жыйында билдирди. Анын айтымында, негизги жалпы билим берүү милдеттүү деп айтылган 43-беренеге толуктоо киргизүү керек.

“Орто билим милдеттүү экендигин белгилөө керек. Бүгүн көпчүлүк мектеп окуучулары 9-класстан кийин окууну таштап коюшат. Жогорку билимди милдеттүү түрдө кабыл алган өлкөлөр бар. Эгерде мындай түзөтүү белгиленсе, мамлекет жана ата-энелер балдарга орто билим берүүгө милдеттүү. Бул жаштардын дүйнө таанымын калыптандырууда өтө маанилүү”, – деди Каныбек Осмоналиев.