16-сентябрь 2020/informator.kg-

Эртең, 17-сентябрдан тарта “Түндүк электр” ишканасы карызы бар батирлердин жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы 6 300 турмуш-тиричилик абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. “Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз“, – деп билдиришти ишканадан. Белгилей кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Төлөмдү “Quickpay”, “Pay24”, “UMAI”, “KICB”, “БТА Банк” терминалдары, “UMAI”, “Элсом” электрондук капчыктары, “Айыл Банк”, “Дос Кредо Банк”, “БТА Банк”, “КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы”, “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. Ал эми төлөм тууралуу билдирме “Түндүк Электр” ишканасынын маалымат базасына ошол замат түшөт.