18-ноябрь 2020/informator.kg- Эртең, 19-ноябрдан тартып Бишкектеги кинотеатрлар жана соода борборлордогу тамактануучу жайлар ачылары айтылууда. Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине байланышканыбызда, азырынча расмий чечим чыга электигин айтат. “Буга чейин 19-ноябрдан баштап борбордогу кинотеатрларды жана соода борборлордогу тамактануучу жайларды ачуу маселеси каралып жаткан. Бирок бизге тиешелүү жактардан расмий түрдө уруксат бериле элек. Биз дагы жооп күтүп жатабыз”, – дешти министрликтин маалымат катчысы.